Текебаев Варшавада маңзат менен кармалган ошол окуя бийлик менен оппозициянын тиреши күчөп турган учурга туш келген. Текебаевдин багажына “матрешканы” атайылап салды деп ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин иниси, УКМКнын төрагасынын орун басары Жаныш Бакиевди айыпташкан.
“18 жыл мурда Варшавага келип, кире албай кайра кеткем. Анткени аэропортто багажымдан героин аралашкан ак порошок салынган матрёшка табылган. Мен кармалып, түрмөгө олтургузулгам. Ошол ишти жаш судья кыз карап, фактыларды, жагдайларды, өмүр баянымды эске алып, мени актап, түрмөдөн бошоткон”.
Өмүрбек Текебаев Малгожата Шамборска менен 9-март күнү жолукканда ичине курут салынган матрешка оюнчугун белек кылганын билдирди.
Анын айтымында, Малгожата Шамборска 2008-жылы жол кырсыгына кабылып, ден соолугуна байланыштуу судья болуп иштебей калган экен. Элчи мурдагы судья менен 2006-жылдагы сот отуруму тууралуу кенен пикир алышканын кошумчалады.
Поляк сотунун чечими
2006-жылы сентябрда Бишкек – Стамбул – Варшава каттамы аркылуу чет өлкөгө иш сапары менен чыккан ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Текебаев маңзат алып баратат деген негиз менен Польшада кармалган. Кыргыз депутатынын кол жүгүнөн орустардын улуттук оюнчугу болгон матрешканын ичине катылган 600 грамм маңзат табылган. Варшава соту эки күндөн кийин "бул оппозициялык саясатчыга карата чагым болгон" деген далилдерге жана негиздерге ынанып, кыргыз депутатын бошоткон.
Өмүрбек Текебаев Варшава сотунун иши кыргыз судьяларына да үлгү деген ойдо.
Ал ошол кезде судья Малгожата Шамборска аны бошотууда эмнелерди эске алганын билдирди.
“Судья логикага сыйбаган нерселерди таап чыккан. Интерполдун Бишкектеги кеңсеси Астана аркылуу Варшавага маалымат жөнөткөн экен. Анда “ислам террористтери, тыюу салынган “Хизб ут-Тахрирдин мүчөлөрү учуп кетип жатат, багажында бомба бар” деп жазышкан. Судья тек-жайыбызды тактады да, биздин эч кандай террорист эмес экенибизди көрдү. Кыргыз бийлиги Интерполду пайдаланып, алдап жатканын түшүндү. Ушуга окшогон далилдердин баарын карап, “Кыргызстанда демократия калыптанып, бийлик менен оппозиция күрөшүп жатат, Текебаев оппозициянын лидери экен” деп, бардык фактыларды, жагдайларды эске алып чечим чыгарган. Интернеттен да маалыматтарды караган экен. Аа, героин бар экен деп эле отургузуп койбой, судья бүт баарын карап чыгып, жоопкерчиликти өзүнө алып, анан чечим чыгарган. Эгер ушундай окуя Кыргызстанда болсо, “аа, маңзат бар бекен, беш грамм да болсо бар экен да, отура берсин” деп камап коймок. Бизде адамдын тагдыры үчүн жоопкерчиликти алгысы келбейт. Эгер жогору жактан айтса, анда такыр эле “тобокелдикке барып эмне кылам, отура берсин, ак болсо кийин акталып чыгат” деп, адамдын тагдырына ушундай мамиле кылат. Бизде сот реформасы болушу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган, тобокелдикке бара билген, мыйзамдан тышкары абийир менен чечим чыгарган судьялардын мууну пайда болушу керек. Соттордун ичинен лидерлер чыгышы керек. Соттор ушинтип өздөрү күрөшүүсү керек. Аларга сырттан бир нерсе кылдыруу кыйын”.
"Матрешкагейтти" Жаныш Бакиев уюштурган"
Ошол кезде оппозиция маңзат окуясынын артында турат деп бийликти айыптаган. Атап айтканда, Текебаевдин багажына матрешканы атайылап салды деп ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин иниси, УКМКнын төрагасынын орун басары Жаныш Бакиевди күнөөлөшкөн.
Жогорку Кеңеште маркум депутат Болот Шер башында турган депутаттык комиссия түзүлүп, ал видео жана башка далилдерди таап чыккан.
“Матрешкагейт” окуясы атайын уюштурулганы анык болгондон кийин УКМКнын төрагасы генерал Бузурманкул Табалдиев өзү арыз жазып, кызматтан кеткен. Ошондой эле оппозициянын басымы менен бул ишке айыпталган УКМК орун басары Жаныш Бакиев да жумуштан алынган.
Маңзат чырына байланыштуу ошол кезде мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров жетектеген комиссия түзүлүп, ал комиссия Жаныш Бакиевдин бул ишке тиешеси жок деген бүтүм чыгарган.
Кийинчерээк Жаныш Бакиев Жогорку Кеңешти сотко берип, утуп алган. Ошондой эле кылмыш иши да кыскарып кеткен. Эки жыл өтпөй Жаныш Бакиев кайра жаңы кызматка – Президенттин күзөт кызматынын башчылыгына келген.
“Матрешкагейт” боюнча кылмыш иши 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин кайра жанданып, өлкөдөн качып кеткен Жаныш Бакиевге сыртынан айып тагылган. Тергөөдө окуяга тиешеси бар делген үч адам көрсөтмө берген.
“Матрешкагейттен" кийинки өзгөрүүлөр
“Матрешкагейт” окуясынан бери 18 жыл өттү. Андан бери да бийлик эки ирет күч менен алмашып, төрт президент орун которду. Бул жылдар аралыгында Кыргызстандагы саясий маданият, саясий атаандаштык, "бийлик – оппозиция" мамилесинде эмнелер өзгөрдү?
Саясат талдоочу Эмил Жороев Кыргызстанда саясий күрөштүн маданияты калыптана элек деген пикирде:
"Апрель төңкөрүшү болду, жаңы бийлик келди, жаңы Конституция кабыл алынды. Бирок көп узабай биз кайра эле мурдагы баткагыбызга кирип кеттик. Текебаев, Атамбаев өздөрү бийликте туруп, өздөрү көргөн кордуктарды мындан кийин кайталанбай турган кыла алышкан жок. Бийлик менен оппозициянын алгылыктуу, конструктивдүү диалогу жүрө турган бир саясий маданиятты, саясий көп түрдүүлүктүн маданиятын түптөй албай коюшту".
Саясатчы Мавлян Аскарбеков Бакиевдин кезиндеги үрөй учурган окуялар тарыхта калды, эми кайталанбайт деп ишенет. Ошол эле кезде ал да саясатта ачык жана тең атаандаштык түзүлбөй жатканын билдирди:
“Бакиевдин башкаруусунда авторитаризм жана бандитизм өкүм сүрүп, адамдын өмүрү бир тыйынга турбай, журналисттерди өлтүрүү менен коштолгон. Бакиевдин убагындагыдай канкор бийлик Атамбаевдин же башкалардын убагында болгон жок, азыркы учурда да жок. Андай бийликтин жүзүн ары кылсын. Бирок, тилекке каршы, өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй ачык, коомдук саясатты калыптандыра албай, жогорку деңгээлдеги атаандаштык чөйрөсүн түзө албай келе жатабыз. Бүгүнкү күндө 11 журналист камалып отурат. Ошол эле Кемпир-Абад жана башка маселелер боюнча саясатчылардын камалганы жакшы көрүнүш эмес. Жогорку Кеңеште эң алсыз депутаттык корпус түзүлдү дегенди да турмуш ырастап жатат".
Эмил Жороев да парламент алсыз болуп, оппозициялык саясатчылар камалып жаткан көрүнүшкө токтолуп, бийликтин иш ыкмасы эски бойдон калып жатканын билдирди:
"Мурда бут тосуу, “Матрешка” сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге карабастан, оппозициячыл саясатчылар, алардын партиялары ойлорун айтып, саясий майданда плюрализм, пикирлердин ар түрдүүлүгү орун алчу. Мисалы, “Матрешка гейттин” аркасынан УКМКнын башчысы кызматтан кеткен. Депутаттык комиссия түзүлүп, иликтөөлөр болгон. Азыр эми андагыдай оппозиция дей турган эч ким калган жок. Канчалык күмөндүү окуялар болбосун, алар боюнча бийликке суроо бергидей эч ким деле калган жок десек болот. Оппозициячыл деген бир топ кишилер камакта, тергөө абагында отурат азыр. Саясий оппозициянын дарамети, мүмкүнчүлүгү 18 жыл мурдагыга караганда бир топ азыраак".
Жаныш Бакиевдин аты “Матрешкагейт” окуясынан башка да түрдүү окуя жана кылмыштарга байланыштуу аталган. Ал 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин өлкөдөн качып кеткен. Жаныш Бакиевге 2005-жылы 24-мартта талап-тоноо уюштурган, Улуттук банктын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынан 22 млн долларды уурдаган, мурдагы президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркулов жана башка адамдарды өлтүргөн деп айып тагылган.
Дагы караңыз Кемпир-Абад иши: абактагылар Жогорку Соттун төрагасына жооп берди
Сот аны, Максим Бакиевди, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөновду апрель окуясы боюнча да айыптап, сыртынан өмүр бою кескен.
2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 90го жакын киши набыт болгон. Ал өзү жана тун уулу Марат Бакиев сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылган.