Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, учурда абакта жаткандардын атынан саясатчы Азимбек Бекназаров Жогору Соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун "Кабар" агенттигине курган маегине жооп берди.
Бекназаров абактан жазган катында Базарбековдун "Кемпир-Абад иши боюнча соттук териштирүү айыпталуучулардын күнөөсүнүн айынан создугуп жатат" деген сөзүн жокко чыгарган.
"Кемпир-Абадчылардын кылмыш иши Биринчи май райондук сотуна келип түшүп, судья М.Сыдыков өз өндүрүшүнө кабыл алганына 15-мартта туура тогуз ай болду. Бул аралыкта болгону 16 сот отуруму болду Жумасына бир, ар бир айда төрт жолудан гана. Анын төртөөндө соттук териштирүүнүн мөөнөтү жана айыпталуучулардын бөгөт коюу чарасы ар бир кийинки эки айга узартылды. Калган 12 соттук отурумдар судьянын (1), айыпталуучу Б.Асановдун (2), башка айыпталуучулар жана адвокаттардын (3) ооруп калганына байланыштуу кийинкиге калтырылган. Үч жолу сот отуруму өңчөй камакта жаткан 10 айыпталуучуларды мыйзамсыз сот залынан чыгарылганы үчүн үзгүлтүккө учурады. Үч жолу айыпталуучулар жана алардын айрым адвокаттарысыз эле сот отуруму болду. Жалпы 25 айыпталуучудан болгону эки айыпталуучунун гана айыптоо актысы окулду", - деп белгилеген Бекназаров.
Кемпир-Абадчылардын соту былтыр жайында судья Марат Сыдыков эмгек өргүүсүнө кеткенде бир айга созулганы, күз мезгилинде судья айрым айыпталуучуларды ишке катыштырбай койгонуна байланыштуу үч ай (2023-жылдын 20-сентябрь – 20-декабрь) сот отуруму болбогону кошумчаланган.
Прокурорлордун кийлигишүүсү менен судья өзүнүн чечимин өзгөртүп, отурум 20-декабрда уланганы айтылган.
Азимбек Бекназаров Жогорку Соттун төрагасына Кемпир-Абад ишине байланыштуу бир катар суроолорду жазган, анын ичинде иштин жабык каралганын, саясатчы Бектур Асановдун саламаттыгы начарлап жатса да үй камагына чыгарылбай, аягына чейин кармалышынын, айыпталуучулар эмдигиче иштин материалдары менен толук таанышпаганынын себептерин сураган.
Замирбек Базарбеков 12-мартта улуттук “Кабар” маалымат агентигине маек куруп, Кемпир-Абад иши боюнча сот узарып жатат деген сындарга жооп берген. Ал кылмыш иши 60 том экенин, кээде шектүүлөр ооруп калып же адвокаттары келбей калганы үчүн териштирүү созулуп кеткенин билдирген. Андан тышкары “шектүүлөргө тергөө коюп жаткан айып оор экенин, эгерде ден соолугуна байланыштуу болсо үй камагына чыгарыларын” кошумчалаган.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 11 киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.
Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (ZKo)