Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары, бир катар чуулгандуу иштерде жана журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган Райымбек Матраимовдун кармалышы кыргыз коомунда ар түрдүү пикир жаратты. Социалдык медиада ал тууралуу тамаша посттор, шакаба, ырлар да жарыяланууда. Буга аны кармоо учурундагы күмөндүү жагдайлар себеп болгон.
20-октябрда бажы органдарындагы коррупцияга байланыштуу сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жеткирилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Атайын кызмат Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын белгиледи. УКМК билдиргендей, азыркы тапта тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатат.
ГКНБ: Раим Матраимов готов возместить ущерб в размере 2 миллиарда сомов......80 миллионов сомов уже поступило на счёт ГКНБ.🤣🤣🤣
— Mahinur (@_Niyazova) October 20, 2020
задержание какое-то странное - напротив ГКНБ на заправке устроили фотосессию. зачем? #простовопрос или РМ доехал до заправки на ЖЖ и не знал, куда дальше и его встретили: ну давайте заодно и наручники наденем, так для виду ))
— Mahinur (@_Niyazova) October 20, 2020
Задержание Атамбаевв:10 БТР, 10 АВТОБУСОВ, 100 АВТОМАТОВ ОМОН, ЖЕРТВЫ.Задержание Раима:Так рабочей стороной станьте. Агааа, сейчас вылетит птичка
— АБАЗГАНОВ (@Abazganov) October 20, 2020
Матр: Кудай астында колум тазаОшол эле Матр: 2 млрд сом төлөп берем. Азыр жанымда майда 80 млн эле калыптыр, алып тургулачы, калганын эртең алып келем pic.twitter.com/gd3RJO2xOQ
— Кыкең (@kyrgyzbai) October 20, 2020