Болгарияда иликтөөчү журналист өлтүрүлдү

Виктория Маринова.

Болгарияда коррупциялык иштерди иликтеп жүргөн журналистти өлтүрүп кетишти. Премьер-министр "илинчек көп, кылмышкерлер кармалат" деп убада берүүдө. Полиция Виктория Маринованын өмүрүнө кол салууга эмне негиз болгонун териштирип жатат.

30 жаштагы Викториянын сөөгү Русе шаарындагы парктан ишембиде табылган. Анын телефону, машинесинин ачкычы жана көз айнеги жанында жок болуп чыкты. Тергөөчүлөр "кыз зордукталган" деген тыянакка келишти. Башка да мыкаачылыктын издери белгилүү болду:

- Расмий соттук-медициналык экспертиза даяр болбосо да ушу таптагы тыянак мындай: башынан алган жаракаты менен муунтуунун натыйжасында өлгөн, - деди аймактын прокурору Георги Георгиев.

Болгария премьер-министри Бойко Борисов "илинчек толтура, кылмышкерди кармоо убакыттын иши" деди.

Аймактык прокурор "бардык версиялар каралат" деп убада берүүдө:

- Иликтөө бардык мүмкүн болгон божомолдорду караштырууда. Анын ичинде кесиптик ишмердигине, ошондой эле жеке турмушуна байланыштуулары да бар.

Виктория Маринова алып барган TVN телеканалынын "Детектор" программасынан курч иликтөөлөр көрсөтүлүп турган.

30-сентябрда дагы эки журналист менен кошо Евробиримдик каржылаган долбоорлордогу уурулук, ага жогорку бийлик адамдары кандайча аралашканы көрсөтүлгөн.

Европадагы Коопсуздук Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) медиа эркиндиги боюнча расмий өкүлү Арлем Дезир бул кабарга катуу түйшөлүп турганын билдирди:

- Бийлик жүргүзүп жаткан иликтөөнүн жүрүшүнө жакшылап көз салып турам. Күнөөлүүлөрдү тез арада аныктап, жоопко тартууга жана бул чабуул анын ишмердигине байланышы бар-жогун так аныктоого чакырам.

Виктория Маринова 2017-жылдын башынан бери Евробиримдик өлкөлөрүндө өлтүрүлгөн төртүнчү журналист болуп калды. Өткөн жылдан августунда швед журналисти Ким Вааль суу алдындагы кемеде ошол кеменин ойлоп табуучусу тарабынан өлтүрүлгөн.

Октябрда мальталык журналист Дафна Каруана Галициянын автоунаасын жардырып кетишкен.

Андан аз өтпөй словакиялык журналист Ян Куциакты жана анын сүйлөшкөн кызын кылмышкерлер үйүндө атып кетишкен.

Негизи эле Болгария сөз эркиндигинин рейтинги боюнча Евробиримдикте эң арткы тизмедеги өлкө. "Чек арасыз кабарчылар" уюму быйыл аны 111-орунга койгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.