100 СУНУШ: Н.Төлөбаева: Кыргыз мармарына дүйнө тарыхын жазалы

Назгүл Төлөбаева

Менин атым - Назгүл Төлөбаева. Италиянын Болонья шаарында жашап, иштейм. «Азаттыктын» сынагынын алкагында түрдүү тармактарга, өнүктүрүү институттарына жана өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүү жаатына жаңы технологияларды жайылтуу тажрыйбам менен бөлүшөйүн.

Кубаттуулук менен байлыкты туюндурган мармар ташы тууралуу айтып берейин. Байыркы Грекияда аны «кудайлардын ташы» дешчү. Тилекке каршы, Кыргызстанда бул ташка анчейин көңүл бурулбай келет.

Таш негизи эле бардык доорлордо эң бышык курулуш материалы катары колдонулуп келет эмеспи. Анын ичинде имарат дубалдарынын ичи тышын кооздоодо дагы. Кооздугу көз жоосун алган айрым асыл таштар жасалгалоочу (декоративдик) жогорку сапаты менен айырмаланат.

Италияда Байыркы Рим доорунан ушу кезге чейин салынган уникалдуу тарыхый имараттар, сыйынуу жайлары гранит жана мармардан жасалган. Маселен, Милан шаарындагы чиркөө (кафедралдык ыбаадаткана, Дуомо), Ватикандагы Ыйык Петр чиркөөсү жана башкалар.

Мына ушул таштарды колдонуп жасалган имараттардын кире бериш дубалдары, же Леонардо да Винчи, Микеланжело, Рафаэлдин фрескалары (дубал бетиндеги сүрөттөрү), Аполлон, Венера, Афродита жана Венециянын канаттуу арстанынын бедиздери жана башка көптөгөн шедеврлер кылымдарга сакталып, азыркыга чейин италиялык музей-сүрөтканаларда бизди суктандырып келет.

Болонья университетинде окуп жүргөн кезимде «Декормарми» ишканасында тажрыйбамды өркүндөтүп калдым. Бул ишкана мармар декорациялары менен алектенип, анын жасагандары дүйнөнүн булуң-бурчуна сатылат. Мармардан жана башка табияттагы асыл таштардан жасалган уникалдуу ашкана эмеректери, терезе текчелер, тепкичтер, фонтандар, гүл идиштери, ажайып таш устундар (колонналар), байыркы стилдеги айкелдер таланттуу дизайнерлердин колунан өтөт.

Италия мармарды иштетүүдөн миллиарддаган евро киреше табат. Таш иштетүү жаатында Италия чыгыштагы Кытайдан кийинки эле өлкө деп жазылып келет.

Бизде баалуу кен байлыктары дегенде эле алтын, мунай, көмүр, газды эсептешет. Ошол эле учурда ачык типте казууга мүмкүн болгон мармар, гранит, сиенит, доломит, офикальцит сыяктуу заттар тууралуу дээрлик айтылбайт. Таш иштеткен өндүрүшүбүз жокко эсе.

Кыргызстанда мармар кендери көп экенин билем. Алардын италиялык мармардан айырмасын өтө кылдат караган адистер же таш иштеткен жогорку сапаттагы эле жабдык менен биле албаса, дээрлик бирдей.

Маселен, Кетмен-Төбө өрөөнүнү чыгышында Чычкан капчыгайындагы Арым кенинде түркүн түстөгү мармарлар бар. Аларды иштетип, эмнелерди гана кооздосо болот. Дизайнерлердин ой-жорумун чегерип, кыргыз мармарларына дүйнө тарыхын тартып, байыркы римдик усталар сыяктуу эле из калтыра алабыз.

Анын үстүнө заманбап технологиялардын жардамы менен таш бетине каалаган сүрөттү тарта алабыз. Натыйжада кооздугу классикалык көркөм өнөр үлгүлөрүнөн кем калбаган табылгаларды жаратууга болор эле.

Албетте, мармарды архитектура менен дизайн тармагында кайра иштетүү азыр жаңылык эмес. Бирок, заманбап программалар улам жаңы, таптакыр өзгөчө дизайндарды жаратууга мүмкүнчүлүк ачып жатат. Тилекке каршы, биздин өлкөдө баалуу таштарды казып, кайра иштетүү алигиче советтик технологиялар менен жасалууда. Бул алардын сапатына абдан терс таасир этет.

Назгүл Төлөбаева Бишкектеги "Мекендештер" форумунда

Баянымдын аягында айтаарым, көчөлөрүндө мармар колдонулган керемет имарат-курулмалар, фонтан, эстеликтери жаркырап, жаңы түстө кулпурган Бишкекти көргүм келет.

Менин бул кыялым - реалдуу тилек жана аны азыркы тапта деле жүзөгө ашырса болот.

Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.