"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялаган. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бул тууралуу блог жазып, ошол доордогу сүрөттөр болсо бизге салып жибериңиз. Сынактын толук шарты менен бул жерден таанышсаңыз болот.
Төмөндө Мурат Султановдун блогун сунуштайбыз.
Эгемендүүлүктү алган 1991-жылы мен үчүн жашоо 180 градуска бурулгандай болду. Мен жашаган колхоз «Коммунизм» деп аталчу. Колхозду чейрек кылым башкарган Социалисттик Эмгектин Баатыры, СССРдин эл депутаты Анна Тихоновна Юматова миллионер чарба кылган. Ошондуктан колхозчулардын жашоосу башкаларга караганда бир кыйла өйдө болчу.
Ал каза болуп, анын ордуна Балыбин башкарма болуп калган. Ал башкарма болуп келери менен чарбада тирукмуш окуялар башталды. Балыбин чарбаны чилдей таратып, атагы алыска кеткен миллионер колхозду бүлгүнгө учуратып, талоонго салды. Колхоздун пансионатын, тегирменин бир нече кой-короолорун "Ысык-Көл инвест банкка" күрөөгө коюп, банктан үч миллион сом алып, аны колхоздун кассасына кириштебей өзүнө ыйгарып качып кетти.
Кийин банк күрөөдө турган мүлктү менчиктеп, колхозчулар ырыскыларынан кол жуушту. 70 жылда кашыктап жыйналгандар заматта жок болду. Ал эми үналгы менен сыналгыдан ошондогу ажобуз Аскар Акаев ар бир сүйлөгөн сөзүндө «Кыргызстан экинчи Швейцария болот» деп бизди ишендирип жатты.
Ар бир үй электр менен жылытылат, жашообуз майкөл-сүткөл болот дегенине мен да ишенип алгам. Жакында бейиштегидей жашайбыз деп ойлоп койчумун.
Аңгыча 1995-жылы май айында жер реформасын жүргүзүү боюнча Жети-Өгүз районунун «Тамга» совхозунун базасында республикалык семинар болду. Эки күнгө созулган бул семинарда Аскар Акаев, вице-премьер-министр Жумгалбек Аманбаев, айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков жана башка ондогон адамдар доклад жасашты. Жаңыдан дыйкан чарбасын түзүүгө белсенип киришкен мен дагы бул семинарга катыштым.
Семинардагы докладдар, дебаттар, мени аябай таң калтырды. Кудум түштөгүдөй эле болду. Жерди үлүшкө бөлүп алсак жыргайт турбайбызбы деген кыял менен жашай баштадым.
Ошол күздө «Коммунизм» колхозунун жерлери үлүшкө бөлүндү. Кудум эле мындан 250 жыл мурда Американын жерлерин англичандар, испандар, португалдар бөлүп жаткандай кейипке келдик. Талаада үлүш жерлерди чектеп, казык кагып, арык тартып жүргөн адамдар чоко таандай жайнап кетишти. Мен да үй-бүлөбүзгө тийген төрт гектар жерге чек ара казыгын кагып, жаздын келерин чыдамсыздык менен күтүп калдым.
Кийинки жазда жалгыз букабызды, үч эчкибизди сатып, анын акчасын жерге жумшадым. Ошондогу кыйналганды айтпа. Жерди айдатып, бала-бакырабыз менен түздөп, кол менен тырмап чыктык. Сатып алган арпа менен менен буудайдын үрөнүн септик.
Ошол 1995-жылдан бери жер иштетип, мал багып келебиз. Эгемендик алгандан бери дыйкан, малчы, сугатчы болуп, айтор жерди иштетүүнүн сырларын аздыр-көптүр үйрөндүк. Уулум экөөбүз билими жок мал догдур болдук. Алигиче Аскар Акаев айткан экинчи Швейцариядан дайын жок.
Бакиев ажо болуп турганда тезек терип, көң чаптык. Уйдун богунан кирпич куюп, кышкысын үйүбүздү жылыттык.
Ал эми Атамбаев ажо болгону кредит алдык, мурда өң-тааныш аркылуу майлыгын жасап кредит берилчү. Биз алалчу эмеспиз. Ошонун эсебинен малдын туягын көбөйтүп, жерди иштетип, келечектен көптү үмүттөнүп жашап келем.
Ошентип жакшылыктан үмүт үзбөй жүрүп бул дүйнө менен кош айтышып кетемби? Үмүт үзүлсө эле өлгөнүм.
Мурат Султанов, Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу аймагына караштуу "СултанМурат" дыйкан чарбасынын жетекчиси.