Манаска имерилген өзбекстандык кыргыздар

Өзбекстандын Манас айылындагы кыргыздар.

Тарыхый мекендин топурагына зар болуп жүргөн Өзбекстандагы этникалык кыргыздар 2001-жылдан кийин Кыргызстанга көчүп келе баштаганы маалым. Алардын бул жердеги жашоо турмушу тууралуу Ибрагим Кенжеев атындагы фонддун жетекчиси Урустам Кенжеев менен маек курдук.

- Урустам мырза, адегенде өзүңүз тууралуу кыскача айтып берсеңиз?

- Өзбекстандагы этникалык кыргыздар көчө баштаганда биз деле үй-бүлөбүз менен Кыргызстанга келип калганбыз. 1994-жылы Москвадагы университеттин экономика факультетин, андан кийин Ташкент мамлекеттик университетинин юридика факультетин сырттан окуп бүтүргөм.

- Өзбекстандан көчүп келген жердештериңиз сизди тарбиялап өстүргөн атаңыз Ибрагим Кенжеев тууралуу жылуу сөздөрдү айтып калышат. Анын себеби болсо керек?

- Себеби бар, албетте. Атам өзбекстандык кыргыздарды тарыхый мекенге көчүрүүнү биринчилерден болуп уюштурган жана үгүт иштерин жүргүзгөн. Бул иш үчүн эч нерсесин аяган эмес. Кайда болбосун "мен кыргызмын" деп, улутуна сыймыктанып жашаган.

Союз тарагандан кийин Жызактын кыргыздар жашап жаткан азыркы Манас айылындагы (мурда "Комсомол" деп аталган) өзбек орто мектебин кыргыз мектебине айландырган. Муну элдин баары билет. Кыргыздар отурукташкан "Комсомол" айылынын Манас деп аталышы да атамдын демилгеси менен болгон. Кыскасы, Өзбекстанда жашаган кыргыздардын келечек тагдыры, улуттук маданиятынын, тилинин сакталышы үчүн күндүр-түндүр ойлонуп, кам жеген инсан эле.

Бул жерге көчүп келгенден кийин тырыхый мекендин топурагын зыярат кылганына абдан ыраазы болуп жүрдү. Тилекке каршы, катуу оорунун айынан жакында эле 64 жашында көз жумду.

Манас айылындагы кыргыздар

- Жердештериңиз кайсы айылдарга жайгашкан?

- Жалпысынан миңге жакын үй-бүлө Чүй бооруна көчүп келишкен. Элдин саны үч миңден ашуун. Көпчүлүгү Беловодское, Васильевка, Виноградный айылдарына отурукташкан.

Жергиликтүү эл менен жуурулушуп, ынтымактуу жашап жатышат. Жерди иштеткенди, жашылча өстүргөндү жакшы өздөштүрүп алышкан. Негизинен элибиз мээнеткеч. Той-тамашаларын, мааракелерин Өзбекстандагыдай тартипте өткөрүп турушат.

- Алардын башын бириктире турган коом же фонд уюштургансыздарбы?

- Кыргыздарды алгачкылардан болуп көчүрүп келген атам Ибрагим Кенжеев атындагы кайрымдуулук корун ачканбыз. Корду өзүм жетектейм. Мектепте жана башка окуу жайларында дурус окуган окуучулар менен студенттерге, тиричилик жагында кыйналып-кысталган үй-бүлөлөргө материалдык ж.б. жардам берип турабыз.

Андан тышкары көптү көргөн абройлуу кишилер башында турган аксакалдар кеңеши да бар бизде. Алар жергиликтүү эл менен достук-ынтымакта болууну, таалим-тарбия жаатындагы иштерди көзөмөлдөп турушат. Туура эмес жолго түшкөндөрдү чакырып алып, акыл-насааттарын айтышат. Той-тамашаларды, юбилей ж.б. мааракелерди өткөрүү жаатында кеңеш беришет. Эл алардын айткандарын аткарышат, аксакалдарды урматташат .

- Мындан тышкары саясий партия да уюштурган турбайсыздарбы?

- Ырас. Өтө саясатташкан эмес, өлкөдөгү башка партияларга окшогон эле партия. "Теңдик жана өнүгүү" деп аталат. Катарында үч миңдей мүчөсү бар. Тажрыйба топтогонго чейин идеяларыбыз үндөшкөн партиялар менен кызматташып турмакчыбыз. Кийинчерээк шайлоолорго өз алдынча катыша баштайбыз буюрса. Жакында болуп өткөн биринчи курултайыбызда ушундай жол менен иш жүргүзөлү деген чечим чыгарганбыз.

Тарыхый мекенге зыярат. Сары-Челекке келген өзбекстандык кыргыздар.

- Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ал жактагы кыргыздарга жылуу мамиле кылат деп угабыз. Ошол тууралуу да айтып берсеңиз?

- Шавкат Мирамонович кыргыздарга эле эмес, өлкөдө жашап жаткан башка улуттарга деле ошондой жылуу мамиле кылган камкор президент деп айтар элем. Ал эми кыргыздарга карата жылуу мамиле жасап келатышынын себеби бар.

Президент болгонго чейин илгери Жызак облусунун губернатору болуп бир нече жыл иштеген. Облустагы кыргыздарды ошондо жакшы таанып калган. Алар менен тыгыз байланышта болуп, чарбалык иштерди жүргүзгөн. Кыргыздарга башкача мамиле жасап келатканына ушулар себеп болсо керек деген ойдомун. Өзбекстандагы кыргыздар ал кишиге абдан ыраазы болуп жүрүшөт. Сыйлашат.

- Өзбекстан менен карым-катыш кандай? Акыркы жолу качан барып келдиңиз?

- Өзбекстанда тууган-уруктарыбыз көп. Карым-катышыбыз жаман эмес азыр. Шавкат Мирзиёев президент болгондон бери жолубуз шыдыр болуп калган. Казакстан аркылуу бара албайбыз. Ал эми Ош тараптан эч тоскоолдуксуз өтө беребиз. Жол ачык.

Илгери Өзбекстанга өткөндөн кийин үч күндүн ичинде каттоого турууга милдеттүү болчубуз. Талап катуу эле. Азыр андай талап жок. Каттоого да турбайсың. Канча кааласаң ошончо күн жүрүп келе бересиң. Мен жакында барып 23 күн ээн-эркин жүрүп келдим. Эч кандай кыйынчылык болгон жок.

- Кыргызстанга көчүп келген соң атуулдук алуу жагы кандай болду?

- Адегенде кыйынчылыктар болгон. Өзбекстанга барып тигил же бул документти алып кел деген сыяктуу талаптар коюлган, албетте. Баралы десек ал кезде Өзбекстанга кирүү оңой-олтоң эмес эле. Айлабыз куруган күндөргө туш келгенбиз.

Кудай жалгап президентибиз Садыр Жапаров жакында этникалык кыргыздарга 2022-жылдын аягына чейин жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте атуулдук берилсин деген мазмундагы Жарлыкка кол койгондон кийин андай кыйынчылыктар артта калды. Төбөбүз көккө жетип турган чагыбыз азыр.

Аңгемелешкен Мирзохалим КАРИМОВ