Мамлекеттик тил канткенде өнүгөт?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

21-февраль - эл аралык эне тил күнү. ЮНЕСКОнун Башкы конференциясы тарабынан 1999-жылы эне тил күнү жарыяланган. Ал акыркы 23 жылдан бери дүйнө жузүндө белгиленип келатат. Жылдын дал ушул күнү "Эне тил күнү" деп белгиленишинин өз себеби бар.

1952-жылы 21-февралда Бангладеште жаштар өз эне тилине мамлекеттик макам талап кылышкан. Митинг күч менен басылып, демонстранттарга ок атылган.