Донецктеги трагедия

Malaysia Airlines компаниясына таандык учактын Донецк облусундагы Грабово айылына кулаган бөлүктөрү. Кырсыкка чейин "Донецк элдик республикасынын" "коргоо министри" Игорь Стрелковдун учакты атып түшүрүү болгондугу тууралуу жазган билдирүүсү жарыяланган. Андан кийин "Донецк элдик республикасынын" премьер-министри аталган Александр Бородай учакты украиналык аскерлер атып түшүргөнүн айтып чыккан. Сүрөттө орусиячыл жикчил кыйраган учактын жанында турат.

 

Боингдин күйгөн калдыктары.

Кырсык болгон жерге барган тез жардам кызматкерлери.

Учактын куйругунун жарымы.

17-июль күнү Malaysia Airlines компаниясына таандык, Амстердамдагы эл аралык Схипсхол аба майданынан Куала-Лумпурга багыт алган учактын кырсыкка чейинки сүрөтү.