Махса Амининин өлүмү: Иранды толкуткан окуя

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бир жыл мурун Иранда ири толкундоолор башталган. Элдин нааразылыгын билдирип, көчөгө чыгышына Махса Амини аттуу жаш кыздын хижаб кийбей жүрөт деп кармалып, жабык жайда каза болушу түрткү берген.

Кыз-келиндердин укуктарын коргоону, саясий эркиндиктерди талап кылган демонстрациялар ислам жумуриятынын булуң-бурчуна жайылып, чет өлкөлөрдө да тилектештик акциялары уюштурулган. Иран бийлиги акцияларды күч менен басканда 500дөн көп киши набыт болду, жүздөгөнү камалып, бир нечеси дарга асылды. Репрессиялар азыр да уланууда.