Мафиянын мазак иши мигранттарды кыйнады

Испанияда кармалган эки грузин жараны, 15-март, 2010

Батыш Европада жакында 80дей адам уюшкан кылмыш тобунун өкүлү катары камалды. Алардын басымдуу бөлүгү - грузин мигранттары. Мафиянын иши тууралуу сөз улам арбып, маалымат каражаттарында көтөрүлө баштаган сайын, Европага жумуш издеп келген мигранттарынын жашоосу да кыйындай баштаган өңдүү. Анткени аларга ишеним кете баштады.
Биз Испанияга постсоветтик өлкөлөрдөн келген айрым мигранттар менен сүйлөштүк.

Мария Шкурныцка Украинадан Испанияга көчүп келгенине 12 жылдай болуп калды. Ал эптеп ишке орношуш үчүн колдон келген аракетин жасап, испан тилин үйрөндү, бул жакта мигранттардын “Обериг” деген коомун да түздү.

Жакында аны жергиликтүү телеканал интервьюга чакырып, “Обериг” коому жөнүндө айтып беришин суранганда, Мария оюнда кыпындай кир жок заматта макул болгон. Бирок программанын алып баруучусу аны элге жакында Европада кармалган кылмышкер мигранттардын уюмунун жетекчиси катары тааныштырганда, өзүн кармана албай кадимкидей жарыла түшкөнүн айтты.

“Бул менин жүрөгүмдү ооруткан сөз болду, - дейт ал. - Мен ошол замат кыйкыра кеттим – биздин Ассоциациянын күнөөсү эмнеде? Анын мүчөлөрүнүн 99% бул жакка бирөө жарымга залака келтирейин деп келген эмес, алар иш издеп келишкен”.

Шкурныцканын уюмундагы адамдардай эле, Батыш Европадагы көпчүлүк мигранттар азыр жакында кармалган кылмыш тобунун айынан бир топ ыңгайсыз абалда калышты.

Мигрант дайыма эле кылмышкер боло бербейт

Биздин экинчи каарманыбыз да Украинадан келген. Наталия Шаповалова азыр Мадридде жашайт жана Испаниянын эларалык мамилелер фондунда изилдөөчүлөрүнүн бири.

“Келесоолор баардык эле коомдон табылат. Бул жерде да мигранттар арасында мафияга кошула калгандар бар. Проблеманын баары алар жөнүндө журналисттер кандай өңүттө айтып жатышканында болуп атат, - дейт Наталия. - Жаңылыктарда Чыгыштан келген иммигранттар уурулук кылганы жөнүндө көп айтылат, бирок ал жактан келген канчалаган адамдар бул коомдо кары-картаңдардын оорун жерден алып, кара жумушта иштеп, испан экономикасын өнүктүрүүгө жардам берип атканы жөнүндө бир сөз жок. Мигранттардын кылмышы тууралуу сөз айтыла берсе, сизде деле “мигранттардын баары кылмышкер турбайбы” деген натуура түшүнүк калыптанып калат да”.

Өткөн аптада кармалган мафиянын өкүлдөрүнө каршы рейд Испанияда эле эмес, Австрияда, Францияда, Италияда, Швейцарияда жана Германияда өткөн эле. Алардын көпчүлүгү улуту боюнча грузиндер болуп чыкты.

Ошол операция жөнүндө сүйлөп атып, Испаниянын прокурору Сезар Утрера Молина бул өңдүү кабарлар мамлекеттеги мигранттардын абалын жакшыртпай турганын мойнуна алды.

“Бул өңдүү жаңылык постсоветтик аймактан келген адамдарды жаманатты кылаары анык. Бирок анын коомдук пикирге тийгизчү таасирин көбүртө бербеш керек. Олуттуу себеп болбосо, адамдар баардык эле мигранттарды грузин мафиясынын өкүлү дей бербейт”, - деп эсептейт испан прокурору Сезар Утрера Молина.

Кармалган грузин мафиясын көпкө чейин Испаниядагы көпчүлүк журналисттер “орус мафиясы” деп атап жүрүшкөн. Кантсе да, бул маселе испан коомунда кызуу талкууланып жатат. Кайсыл бир кылмыш тобунун айынан жалпы мигранттарды күнөөлөбөш керек деген ойлор басымдуулук кыла баштаган өңдүү.