Македонияда эки күндүк атышуу аяктады
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Македонияда коопсуздук күчтөрү менен куралдуу топтун эки күнгө созулган атышуусу аяктады. Ички иштер министрлиги Куманово шаарчасындагы кагылышууда 8 полициячы окко учуп, 37си жарадар болгонун билдирди. Атайын операцияда Балкандагы эң кооптуу террорчул топтордун бири жок кылынганы айтылды. Полиция топтун мүчөлөрү делген 14 кишинин сөөгүн тапты. 2001-жылы Македонияда армия менен албан козголоңчулардын куралдуу жаңжалы болгон.