Олимпиада: Күнөөкөрдү издеп жатышат

Кыргызстандык Чыңгыз Мамедов жана анын жапон атаандашы Масаши Нишияма, 1-август, 2012-жыл

Кыргызстандык спортчулар Лондон олимпиадасында эмне үчүн үмүттү актаган жок? Жергиликтүү адистер менен күйөрмандар ушул суроого жооп издөөдө.
Алдыда дагы эки спортчу таймашка чыгарына карабастан спортчуларды таптоо жана уюштуруу иштерин начар жүргүзгөн деп спорт жетекчилиги сынга алынууда. Бирок жыйынтыкка карабай күйөрмандар Лондонго барган спортчуларды жакшылап күтүп алуу демилгесин көтөрүүдө.

Жетекчилерге айып коюлду

Лондонго барган 14 спортчунун ичинен таймашка чыга элек таэквондист Расул Абдураим менен эркин күрөш боюнча балбан Магомед Мусаев калды. Анткен менен талдоочулар Лондон олимпиадасын кыргыз спорт тарыхындагы начар жыйынтык катары кабылдап жатышат.

Лондондон кайтып келген Дзюдо федерациясынын президенти Азамат Бакасов маалымат жыйынын өткөрүп, буга Улуттук олимпиада комитетин, ошондой эле Дене тарбия жана спорт комитетин айыптап, жетекчилери кызматтарынан кетиши керектигин белгиледи.

- Мындан кийин бир чечим кабыл албасак спорт жоголот. Ансыз деле өлдү, барган сайын азайып баратат. Нормалдуу адамдар мындан кийин өздөрү эле кетет. Калганын мен айтпай эле коёюн. Мындай аракет чет өлкөдө, бүт эле жерде жасалат. Ишин кылбай койдубу, эртеси күнү кетиш керек. Саралинов, ошондой эле Дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчилиги да кетиш керек.

Бакасов федерация президенти болгонуна карабастан, Лондонго аккредитациясы жок барганын, ошол эле кезде спортко тиешеси жок адамдар аккредитация алганын айтты.

- Улуттук олимпиада комитетине суроом бар: эмне үчүн алардан 7 киши жүрөт? Баласы, дагы эжесиби, билбейм. Мен болсо федерациянын президенти катары аккредитациясы жок бардым.

2008-жылдагы Бээжин олимпиадасында кыргыз балбандары бир күмүш жана бир коло медаль алып, эбегейсиз чоң ийгилик жараткан болчу. Бул сапар Лондонго Кыргызстандан спорттун 10 түрү боюнча 14 спортчу аттанган. Азырынча бири да утушка жеткен жок.

Журналист жана дзюдо боюнча спорттун чебери Назира Раимкулова бул жолку төмөн кетүүнү спортчулардан эмес, уюштуруу иштеринин чабалдыгынан көрөт.

- Төрт жыл мурдагы олимпиадада биздин спортчулар мөрөй алгандардын арасында болгон. Ушул төрт жыл ичи система иштебей калганын, дегеле Улуттук олимпиада комитети өз иштерин жүргүзбөгөнүн көрсөтүп турат.

Спорт тынчтыкты сүйөт

Азырынча Дене тарбия жана спорт агенттиги да, Улуттук олимпиада комитети да спортчулар мөрөй албаганы боюнча пикир билдирише элек. Кыргыз спортчулары толугу менен Бишкекке кайтып келгенден кийин бул боюнча чоң талкуулар болот окшоп калды.

Өкмөт кандай болгон күндө да Лондонго Кыргызстандын атынан барып, катышып келген спортчуларга ыраазы экендигин билдирүүдө. Буга чейин өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов жыйынтык начар боло турган болсо, ийгиликтүү өлкөлөрдүн тажрыйбасы боюнча чаралар көрүлөрүн айтканы бар.

Ал эми Дене тарбия жана спорт агенттигинин мурдагы төрагасы Алмаз Касенов уюштуруу иштери чабал болду дегенге кошулбайт.

- Азыркы спортчуларбызга бүт шарт түзүлүп берилди. Алардын “бул болбой калды, тигил жасалбай калды” деп айканга эч кандай акысы жок. Устаттарынын да айтканга акысы жок. Себепти башкадан издеш керек. Балдар кандай даярданды? Туура эмес иштерди жасадыбы? Же "жылдыз оорусу" менен ооруп, асманга чыгып, жерге түшпөй коюштубу? Же текеберчилик кылыштыбы?

Касенов мөрөйсүз таймаштар терең талдоо жүргүзүүгө мажбурлап жатканын кошумчалады. Ал аралыкта спорт тынчтыкты жана туруктуулукту сүйөт дегендер да жок эмес. Алардын айтымында, Олимпиададагы начар жыйынтык акыркы жылдардагы өлкөнүн жалпы абалын чагылдырып тургандай.

Бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров:

- Менимче, жагдайга кошул-ташыл болгон нерсе: Кыргызстанда бир топ жылдан бери уланып келаткан ички абал. Мунун баары спортчуларга таасир этет. Ошондой эле Кыргызстанда машыгуу жайларынын 80 пайызы талаптарга жооп бербейт. Спортчулардын өсүшү үчүн Кыргызстанга жок дегенде эл аралык стандартка жооп берген бир спорт сарайы керек.

Ал эми "Азаттыктын" интернет сайтынын окурманы Ахунбай Кошой "мен он эки жыл килемдин үстүндө жүрдүм, үйүңдө, жериңде абал көңүл жылытарлык болбосо, анда ийгилик жаралбайт” деген пикирин айткан.

Лондонго барган спортчулар олжосуз болгонуна карабастан интернеттеги социалдык түйүндөрдө аларды сый-урмат менен тосуп алуу демилгеси көтөрүлүүдө. Аны уюштуруучулардын ишениминде, начар жыйынтык спортчулардын эмес, уюштуруучулардын абийириндеги иш.

27-июлда башталган Лондон олимпиадасы 12-августта аяктайт. Балким бул сапар ийгилик болбосо, 2016-жылы Рио де Жанейродо өтүүчү Олимпиадада кыргыз спортчуларынын жылдызы жанып калгысы бардыр.