Испанка илдети 50 миллион өмүрдү жалмаган

Аскер-деңиз авиация заводунун командасы Филадельфияда өтүп жаткан парадга катышып жаткан учуру. Аталган парад 1918-жылы 28-сентябрда өткөн. Бул күнү Филадельфияда 118 киши "испанка" илдетине чалдыкканы аныкталган. 

 

1918-жылы Филадельфияда бир нече чоң параддар өткөн. 28-сентябрда өткөн жүрүш эң чоң иш-чаранын бири болуп, аны көрүү үчүн 200 миң киши чогулган. Иш-чаранын максаты мамлекеттик балуу кагаздарды (облигация) сатып алууну каалагандарды чогултуу болгондуктан, пандемия коркунучуна карабай шаар бийлиги жүрүштү токтокон эмес. Иш-чарадан үч күн өткөн соң испанка илдетин жүктүргандардын саны көбөйүп, Филадельфиянын 31 ооруканасынын биринде да бош орун калган эмес. 
.

"Жерге түкүрбө" деген жазуу Аскер-деңиз авиация заводунун кире беришинде илинип турат. Октябрь, 1918-жыл. Филадельфия ошол кезде АКШдагы испанка илдети көп жайылган шаарга айланган.

Филадельфиядагы кыздар клубунун астында турган "Тез жардам" автоунаасы. Клубдун имараты тез арада ооруканага айландырылган. Жүрүштөн бир жума өткөн соң Филадельфияда испанканы жуктуруп алгандардын саны 45 миң кишиге жеткен. 12 миң бейтап оорудан каза болгон. 

Мамыдагы жазуу: "Түкүрүк өлүм алып келет!". Мындай тактайлар шаардын ар бир көчөсүнө илинип, шаар бийлиги илдеттен кантип сактануу керектиги жазылган баракчаларды жарандарга тараткан. Алар мындай чаралар вирустун жайылышын токтотот деп ишенген. 

Коомдук транспорттогу "түкүрбө" деген жазуу. 

Филадельфия шаарында медицина кызматкерлери жетишпей, жугуштуу илдеттен шаарда абал курчуп бара жатканы баяндалган рапорт. 8-октябрь, 1918-жыл. 

 

"Испанкага" чалдыккан бейтапты ооруканага жетелеп бара жаткан полиция кызматкери. Филадельфия. Октябрь, 1918-жыл. 

 

Филадельфия шаарындагы Самаритян ооруканасынын пневмония бөлүмү. 1918-жыл. Испанка илдетинен дүйнө жүзү боюнча 50 миллион адам каза тапкан. Оорудан АКШда 675 миң киши өлгөн.  
 

Кызыл чырым уюмунун бригадасы Сент-Луис шаарында кызматка киришер алдында. 10-октябрь, 1918-жыл. Сент-Луис шаарынын бийлиги Эркин насыя актынын урматына арналган жүрүштү токтотуп, жарандардын топ-топ болуп чогулуусуна тыюу салган. Андан сырткары мектептер убактылуу жабылган. 

 

Карантин жана ооруну жайылтпоо үчүн көрүлгөн катаал чаралар натыйжасында, Сент-Луис шаарында испанкадан 700 киши каза тапкан. Бул Филадельфия шаарына cалыштырмалуу он эсеге аз. Филадельфияда жугуштуу оору 12 миң кишинин өмүрүн жалмаган.  

 

Кызыл чырым уюмунун авто бригадасы Сент-Луис шаарында. 1918-жыл. 

Испанка эпидемиясы күч алган кезде Сент-Луис шаарында иштеп жаткан Кызыл чырым уюмунун кызматкерлери. Октябрь, 1918-жыл.

 

Жүз жыл мурун дүйнө жүзүнө тараган "испанка" деген аталыш менен тарыхка кирген тумоо 50 миллиондон ашуун адамдын өмүрүн жалмаган.