"Лицензиясы кайра каралат". Адвокаттарга көзөмөл күчөйбү?

Иллюстрациялык сүрөт.

Юстиция министрлиги 300гө жакын адвокатты лицензиядан ажыратуу маселесин карап жатат. Мекеме алардын көбү "жактоочулук иш менен жарытылуу алектенбегендер" деп билдирди.

Айрым адвокаттар жана юристтер бийлик көзөмөлдү негизсиз күчөткөнүн айтып сындап жатат.

Мындан эки ай мурда атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев сот тармагындагы коррупциялык иштерде айрым жактоочулар ортомчулук кыларын, аларга чара көрүлөрүн эскерткен.

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков көзөмөл катуулаганын былтыр ноябрда күчүнө кирген адвокаттардын мыйзамындагы өзгөртүүлөр менен түшүндүрдү. Ага ылайык, жактоочуларга каршы жазылган арыздарды текшерүү тездегенин, Этика комиссиясынын курамына аталган министрликтин өкүлдөрү дагы киргенин белгиледи:

Орозбек Сыдыков.

"Тогуз кишиден турган Этика комиссиясы буга чейин жетиштүү санда чогулбай, жылына бир-эки гана арызды карап, ишинин натыйжасы болбой келген. Өзгөртүлгөн мыйзам боюнча биз аларды жети киши кылып азайттык, эки мүчөсү Юстиция министрлигинен кирди. Мурда арыздарды кароонун мөөнөтү үч ай болсо, эми бир айга түшүрдүк. Мамлекеттик органдарга түшкөн арыздар 14 күндүн ичинде каралса, эмнеге булар үч ай карашы керек? Этика комиссиясынын жаңы курамы түзүлүп, ал ишин баштады. Ар жуманын үчүнчү күнү жыйынга чогулуп турат. Ар бир мүчөсү 5-10дон арыз карап, ошол жерден баяндама жасап, чечимдерди кабыл алат. Ошол жерде адвокат мыйзамды, этиканы бузганы аныкталса, жаза чаралары келтирилет. Эгер алардын иш-аракеттеринде кылмыштын белгилери болсо, тергөө органдарына өткөрүп берилет. Адвокаттык этиканы, стандарттарды бузгандар, келишимдеги милдеттерин аткарбагандар болсо, лицензиядан ажыратууга чейин чечимдер чыгарылат".

Дагы караңыз

Адвокаттарды араздаштырган курултай

Кыргызстанда адвокаттардын реестринде жалпы 4700дөй адам катталган. Учурда алардын 3700дөйү иштеп жатат. Орозбек Сыдыков 300гө чукул адвокатты лицензиядан ажыратуу маселеси каралып жатканын, алардын көбү жактоочулук ишин толук аткарбагандар экенин айтты. Ал ошондой эле Этика комиссиясы көз карандысыз чечим чыгарат деп ишендирүүгө аракет кылды:

"Замандын чакырыктарын, талаптарын, соттук реформаны ишке ашырууда адвокаттар милдеттүү катышуучу экенин эске алуу менен адвокаттардын ишин эффективдештирүү жараяны башталды. Алгачкы 300дөй адвокаттын тизмесинде лицензия алып, адвокатура, адвокаттык иш менен такыр байланышын үзүп, эч кандай иш жасабай, квалификациясын жогорулатпай, мүчөлүк акыны төлөбөй жүргөндөр бар. Учурда аларды лицензиядан ажыратуу иши башталып жатат. Азыр оппозицияга жана башкага кооптонуу жок. Ар бир арыз өзүнчө каралат. Этика комиссиясы көз карандысыз. Ал жерде адвокаттар көпчүлүк добушка ээ. Маселе добуш берүү менен чечилет. Өзгөртүлгөн мыйзам боюнча милдеттүү түрдө келишим түзүп, ал жерде гонорардын суммасын ачык көрсөтүшү керек. Келишимге аз санды көрсөтүп, иш жүзүндө доллар менен алып, бирок берген жардамы жок, ал көрсөткөн кызматын аныктай албаган учурлар да болууда. Арыздар түшүп, мониторинг кылганда, убагында соттук процесстерге барбагандардын айынан ишти кароонун мөөнөтү өтүп кеткен, жарандар жабыркаган жагдайлар эске алынат".

Деген менен адвокаттарга карата көзөмөлдү күчөтүүгө каршы чыккандар да бар. Алардын бири Кантемир Турдалиев Этика комиссиясынын ишине Юстиция министрлиги аралашып жатканын сынга алды:

Кантемир Турдалиев.

"Адвокаттар ээнбаш болуп кеттиби же жокпу, бул Юстиция министрлигинин иши эмес да. Адвокаттардын өзүнүн Этика комиссиясы бар. Ал жакка Юстиция министрлигинин өкүлдөрүнүн кириши туура эмес. Биз мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштайбыз. Биз аны мамлекеттин адвокаттарды көзөмөлдөө үчүн киргизип жаткан иши деп түшүнөбүз. Адвокатура деген коомдук уюм да. Кыргызча айтканда, биз өз киндигибизди өзүбүз кесишибиз керек. Юстиция министрлиги бизге лицензия бергенден кийин болду да. Калган ишти биз өзүбүз чечишибиз керек. Адвокаттарды лицензиядан ажыратуу мыйзамда көрсөтүлгөн талаптар менен, өзүбүздүн Этика комиссиябыздын чечими менен жүрсө болот. Эгер ал чечим туура эмес болуп калса, биздин сотко берүү укугубуз бар да. Келечекте лицензиядан негизсиз ажыратып койгон учурлар да болушу мүмкүн. Ошон үчүн биз Этика комиссиясына эки киши Юстиция министрлигинен кирип жатканына каршыбыз. Мыйзамды бизге айтпай-дебей өзгөртүштү. Биз ал чыккандан кийин гана көрүп калдык. Мен муну мамлекеттин адвокаттарга басымы деп эсептейм. Мындай болбошу керек. Биз коомдук уюм болгондон кийин өз маселебизди өзүбүз чечишибиз керек", - деди Турдалиев.

Дагы караңыз

Маянага байланган мамлекеттик адвокаттар


Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр ноябрда сот бийлигиндеги коррупциялык иштерге адвокаттар ортомчулук кыларын билдирген. Мындан улам аларды жазага тартууну күчөтүү тууралуу кызматкерлерине тапшырма да берген.

Камчыбек Ташиев.

“Биз, коомчулук жана жергиликтүү бийлик да, соттук чечимдердин баары азыркыга чейин пара алуу менен чыгарын билет. Азыр бул бир аз азайды. Соттор пара аларын баары билет. Биз паракор судьяларды кармаганга аракет кылып атабыз. Ушул жылы беш эле судьяны колго түшүрдүк. Пара алгандардын баарын кармап жоопко тартканга мүмкүн болбой атат. Адвокаттар кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткандардын мыйзамдуу укугун коргобостон, сотторго пара жеткирүүчү болуп калды. Пара берүү боюнча өздөрү кылмыш кылып жатат. Судьялар кардарлардан түз пара албайт. Адвокат аркылуу алышат. Муну баарыбыз билебиз. Ошондуктан биз адвокаттарды дагы тазалап, тартипке салышыбыз керек. Мен буга байланыштуу кызматкерлерге тапшырма берем”, - деген эле Ташиев.

Юрист Таттуубүбү Эргешбаеванын пикиринче, бул жаатта мамлекеттик көзөмөлдүн күчөшү бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукка кесепети тийиши мүмкүн:

Таттуубүбү Эргешбаева.

"Кыргызстанда бүгүнкү күндө президенттик администрация - эң таасирлүү, эң бийикте турган мамлекеттик институт. Бул бийлик бутактарынын ортосундагы баланстын жоктугун айгинелейт. Президенттик администрациянын сот системасына, прокуратура органдарына түздөн түз чоң таасири бар. Ырас, адвокаттар коомчулугунда маселелер бар. Адардын баары таза деп айтуудан мен алысмын. Бирок адвокаттарды көз карандысыз кылган система болушу керек. Бул эл аралык тажрыйба. Бирок ага карабай алардын мыйзамы өзгөрдү. Бүгүнкү күндө сотторго эле эмес, адвокаттарга дагы көзөмөл күчөп жатат. Бул суперпрезиденттик өлкөнүн концепциясы. Көзөмөл биринин артынан бири кирип жатат. Кээ бир адвокаттар чындап коррупцияга аралашып, ортомчулук кылганы аныкталса, жоопко тартылат. Айрымдагы оппозициячыл саясатчыларды же болбосо бийликке жакпаган кейстерди жактаганы үчүн жоопко тартылып калышы мүмкүн. Бул жакта тандалма система менен бийликке ким жакпаса, ошолорго карата басмырлоо болушу мүмкүн. Ошондуктан келечекте бул механизм кандай колдонулары президенттин администрациясынын абийирине байланыштуу. Анткени Юстиция министри түздөн түз аларга карайт. Ошондуктан мен бул жерде толук адилеттүүлүктү күтүүдөн алысмын. Бул суперпрезиденттик өлкөдө өз ордун тапкан система десе болот", - деди Эргешбаева.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Жогорку Соттун экс-төрагасы Курманбек Осмонов адвокаттардын сапатына байланыштуу маселеге токтолду. Кыргызстанда сот системасынан, укук коргоо органдарынан ишиндеги алешемдиктен улам кеткендер жактоочулукка өтүп кеткен учурлар көп экенин белгиледи:

Курманбек Осмонов.

"Адвокаттарды көзөмөлдөгөн мындай чаралар керек. Баары эмес, бирок арасында чындап ортомчу болгондор, калп эле ортомчу болуп "мен соттор менен сүйлөшүп койдум" деп кадимкидей алдап кеткендер, алдамчылык кылгандар да бар. Бул көрүнүш мурдатан бери эле, биз иштеп жүргөн учурдан эле бар болчу. Албетте ошондуктан адекваттуу чараларды көрүү керек. Албетте, адвокаттарда процессуалдык көз карандысыздык болушу керек. Бирок такыр эле ээнбаш болуп өздөрүн өздөрү билгендей абалдан буларды чыгарыш керек. Адвокаттардын арасында жогорку деңгээлдеги кесипкөйлөрү да бар. Ошол эле учурда алардын арасында билими тайкы, популизм менен алектенип жүргөндөр да бар. Мурда сот тармагында, прокуратурада, милицияда иштеп, бирок терс мотив менен кызматтан алынгандан кийин адвокат болуп алгандар көп эле. Мисалы, Европада, АКШда адвокаттардын ролу абдан жогору. Алар түз, мыйзамдуу иштешет, ошон үчүн алардын гонорарлары да жогору".

Дагы караңыз

"Өздөрү эле чечип, талкууга чыгарып койду". Адвокаттарды нааразы кылган мыйзам долбоору

Былтыр ноябрда Юстиция министрлиги Адвокаттар кеңешинин төрагасы Билим Райымкуловду лицензиясынан ажыраткан. Буга анын юридикалык жогорку билим тууралуу талаптын бузулганы себеп болгонун билдирген. Райымкулов өзү комментарий берген эмес.

Анын алдында, жайында Райымкулов баштаган айрым адвокаттар Юстиция министрлиги сунуштаган "Адвокатура жана адвокаттык иш жөнүндө" мыйзамды өзгөртүү боюнча долбоорга каршы пикирин билдирип, бул жактоочулардын ишин чектей турганын айтып чыгышкан.