Ливия жарандык согуштун кырында

Ливиянын чыгышындагы Брега шаарынын жака белин Каддафиге ыктаган күчтөр бомбалашты, 2-март, 2011-жыл.

Ливияда президент Муаммар Каддафиге баш ийген аскерлер козголоңчулардын колуна өткөн шаарларды кайтарып алуу аракетин көрүштү. Аскерий адистер болсо өлкө жарандык согушка батып баратканын айтышууда. АКШ эл аралык күчтөрдүн аскерий интервенция мүмкүнчүлүгүнө келгенде этият болуу керектигин айтууда. Ошол эле маалда Вашингтон бардык варианттар ыктымал деп ырастап келатат.
2-мартта президент Муаммар Каддафиге лоялдуу күчтөрдүн чыгыштагы Брега шаарын кайтарып алуу аракетинен майнап чыккан жок. Соңку маалыматтарга караганда, өкмөттүк армия калаанын жака белиндеги аэропортту, Ал-Дабия шаарчасын кайрадан аткылоого киришти.

Оппозициядагы күчтөр Каддафи бийликтен кетпесе, Триполиге карай жылышаарын эскертишти. Аскерий адистер болсо баш калааны өз көзөмөлүнө алуу үчүн козголоңчулардын аскерий мүмкүнчүлүктөрү жок эмес деген оюн ортого салышууда. Тараптардын толук жеңишке жетишүү чамасы чектелүү болгондуктан Ливия узак жарандык согушка батышы ыктымал дешет эксперттер.

Ал тапта Эл аралык кылмыш сотунун баш прокурору Луис Морено-Окампо Каддафи режиминин 15ке жакын жогорку өкүлүнүн адамзатка каршы кылмышка тиешеси иликтенет деп билдирди. Прокурордун болжолунда, өкмөткө каршы чыгуулар күч менен басыла баштагандан бери набыт болгондордун саны 600дөн бир нече миңге жетиши ыктымал.

Ак Үйдүн басма сөз катчысы Жэй Кэрней Вашингтон эл аралык соттун тергөөсүнө жардам бере алат деди:

- Ливиядагы окуяларга жакындан байкоо салуу үчүн бар ресурстарыбызды жумшап жатабыз. Адам укуктарын бузган, тынч жарандарга каршы зордук-зомбулук колдонгон кылмышкерлердин жоопко тартылышын камсыздоо үчүн аракеттенебиз.

Дүйнө ойлонууда, Каддафи эскертүүдө

Ошол эле маалда Вашингтон Ливиянын аба мейкиндигин аскерий учактар үчүн жабуу чакырыктарына этият мамиле жасагандай. АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс Конгресстин комитетинде сүйлөгөн сөзүндө ал үчүн адегенде өлкөнүн абадан коргонуу системасын жок кылуу зарыл экенин, бул болсо согуштук аракет катары бааланарын белгиледи:

- Ала кушту атынан атайлы. Аба мейкиндикти аскерий учактар үчүн жабуу Ливиянын абадан коргонуу системасын талкалоодон башталышы керек. Адатта бул иш ушундай жол менен жүрөт. Андан кийин гана биздин учкучтарды атып түшүрүшөт деп коркпой эле өлкөнүн аймагында уча берсе болот.

Муаммар Каддафи, 2-март, 2011-жыл
Франция болсо Ливияга эл аралык күчтөрдү киргизүүгө каршы экенин 2-мартта кайталады. Ал эми “Мистрал” кемеси Ливиянын жээгине гуманитардык гана максаттарда Европа биримдиги белгилеген иш-чаралардын алкагында жиберилди, - деп ырасташат расмий Париждин өкүлдөрү. Кеме өз өкмөттөрү чыгара албаган өлкөлөрдүн жарандарын ташып кетмекчи.

Каддафи 2-марттагы телекайрылуусунда Батыш аскерлери Ливияга кирип келишсе, миңдеген кишинин каны төгүлөт деп эскертти.

БУУ өкмөттүк күчтөрдүн козголоңду басуу аракеттери гуманитардык кризиске алып келгенин, өзгөчө Тунис менен чек арада он миңдеген чет өлкөлүк жумушчулар топтолгонун айтып тынчсызданууда.

3-мартта Араб Лигасынын баш катчысы Амр Мусса Венесуэла президенти Уго Чавестин тынчтык планы каралып жатканын билдирди. "Ал-Жазира" каналынын маалыматына ылайык, Каддафи жана Мусса Чавестин сунушуна макул болушту. Венесуэла лидери Латын Америкасы, Европа жана Жакынкы Чыгыштын өкүлдөрүнөн турган арачылар комиссиясын түзүү демилгесин көтөрүп чыккан. Бирок Ливиянын чыгышындагы кабарчылардын айтымында, өкмөткө каршы күчтөрдүн жетекчилери Каддафини бийликтен кетирүү планынан башка маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү чекте кагышууда.