3-ноябрь, жекшембинин кечинде баш калаа Бейруттагы «Азап тарткандар аянты» кайрадан элге толду. Ливандын желегин булгалап, чөнтөк телефонунун панарын жаккандар ара чолодо бийлеп да жатышты.
Бирок мындагылар майрамдаш үчүн эмес, баштапкы талаптары акыр-аягына чейин аткарылышына жетишүү үчүн келишкен.
- Бардык катмардагылар кошулушту. Өзгөчө өнөрпоздор. Мен да айта турган сөзү бар адамдардын биримин, ал оюмду дүйнө жүзүнө билдиришим керек. Мен бул революциянын алдыңкы катарында болушум керек. Чакан болсо да кошо турган салымым бар, - деди сахнадан түшүп келип «Reuters» агенттиги менен маектешкен ырчы Халед аль-Хабер.
Алты доллардан башталган нааразылык
17-октябрда башталган демонстрациялар дароо бүтүндөй өлкөгө жайылды. Өлкөдөгү элдин 60% ислам динин, 40% христиан динин тутунат деп эсептелет. Анын ичинде да түрдүү агымдарга бөлүнүшкөн. Толкундоонун өзгөчөлүгү ага бардык дин өкүлдөрүнүн кошулушу болууда.
Жергиликтүү маалымат каражаттары 20-октябрда көчөгө чыккандар 1,7 млн. кишиге жеткенин жазышкан. Бул ар бир төртүнчү ливандык нааразылык акциясына кошулганын билдирет.
Ошентип өкмөттүн салык саясаты, анын ичинде «WhatsApp» жана башка мессенжерлер аркылуу чалуу үчүн айына 6 доллардан төлөм алуу тууралуу чечими көчө жүрүштөрүнө себеп болду. 18-октябрда өкмөт бул салыктан баш тартты.
Бирок талаптар көбөйдү. Эми демонстранттар экономикалык абалды оңдоону, коррупцияны жоюуну, бийликтеги элитаны жапырт алмаштырып, технократ өкмөт куроону талап кылып жатышат. Жаңы парламенттик шайлоо өткөрүүнү, президент Мишел Аундун кызматтан кетишин талап кылгандар да бар.
Ошондуктан октябрдын аягында өкмөт башчы Саад Хариринин кызматтан кетиши көпчүлүктү ыраазы кылган жок.
- Болгону өкмөттү кызматтан кетирдик. Биз дагы узак жолду басышыбыз керек. Эгер жаңы куралган өкмөт эл каалагандай болбосо мындан да чоңураак революция кайтып келет, – деди демонстранттардын бири, инженер Чарбел аль-Заани.
Технократ дегенде кайсы бир партияга же топко байланбаган, кесипкөй адамдардан куралган өкмөттү түзүүгө парламентти да, президентти да мажбур кылуу аракети.
- Бүтүндөй тапкан-ташыганым электр энергиясы менен телефон аркылуу сүйлөшүүнүн акысын төлөгөнгө кетип, жада калса карыз болуп калып атабыз. Анан кантип турмушка чыгам? Болочок балдарымды кантип окутам? 30 жылдан бери эч нерсе өзгөрбөдү. Эч нерсе жасашкан жок, – деп кейиди Доа Денави аттуу бийкеч.
Ал 30 жыл деп жарандык согуш токтогон 1990-жылдан берки убакытты айтып жатат. «Эч нерсе өзгөрбөдү» дегендин бир мааниси - бийлик сересинен эски саясатчылардын кетпей жатышы. Бир эле мисал: элдик толкундоодон кийин кеткен Саад Харири да, анын атасы Рафик Харири да 30 жыл ичинде эки жолудан премьер-министр болууга үлгүрүштү.
Ал эми өлкө экономикасынын абалы азыр суктанарлык эмес. Финансы министрлигинин маалыматына караганда мамлекеттик карыз 86 млрд. долларга жакындады. Бул Ливандын ички дүң жыйымынан бир жарым эсе көп. Муну карапайым ливандыктар коррупциялык, кландык башкаруунун жемиши деп сындап жатышат.
Президент Мишел Аун «элдин талабы кулактан сырт калбайт» деп, калайык калкты сабырдуулукка жана ынтымакка чакырууда:
- Коррупциянын тамыры оңой кыркылбайт. Анткени ал ондогон жылдар бою тамыр жайган. Эгер жапа тырмак чогулуп бизге жардам бербесеңер аны жогото албайбыз. Биз багытыбызды белгиледик. Ал үч пункттан турат: коррупция, экономика жана жарандык мамлекет. Бул үч нерсеге жетишүү оңой эмес.
Бирок болочок өкмөттүн курамы тууралуу азырынча президенттен да, парламенттен да кандайдыр тактык боло элек.
Ливанда бийлик диний топтордун ортосундагы атайын макулдашуунун негизинде бөлүштүрүлөт. Ага ылайык президенттик кызмат христиан-марониттердики, парламенттин спикерлигин мусулман шииттердин өкүлү ээлеши керек. Ал эми өкмөт башчылык кызматты мусулман сунниттердин өкүлү аркалоого тийиш. Жергиликтүү маалымат каражаттары азырынча бул орунга Саад Харириден башка альтернатива жок экенин жазып жатышат.
Бирок динине карабай биригип, жапырт жүрүшкө чыккан карапайым ливандыктар да «максатыбызга жетмейин тарабайбыз» деп көшөрүп турушат. Алар 4-ноябрдан тартып борборго алып келчү автожолдорду бөгөй турганын билдиришкен.