Lamborghini, Bugatti: Грузиялык дизайнердин таланты жана тагдыры

Саша Селипанов

Августта белгилүү дизайнер Саша Селипанов Nilu27 суперавтомобилин элдин назарына койгондо журналисттер анын аталышына кызыкты. Нилу - дизайнердин Ники жана Люсия деген кыздарынын ысымдарынан алынган экен. 27 саны ал кенедей кезинде согуштан талкаланган Тбилисиде башынан өткөргөн окуянын элесин берет.

1991-жылдын кышында Грузия эми гана эгемендикке ээ болгондо жарандык согуш чыгып, жети жашар Селипанов кандуу кагылышууларды өз көзү менен көргөн.

Тбилисиде куралчан кишилер Саша Селипановдун балачагындагы үйдүн жанында, учурдагы Эркиндик аянтына катарлыш жерде жүрүшөт, 1991-жылдын аягы.

“Ал кез азыр дагы эсимда”, - деген Селипанов анын үй-бүлөсү Тбилисинин борборундагы батиринде кантип жашынып жатканын эскерет. “Бардык тараптан ок атылып, [куралчандар] жаныбыздагы эки имаратты өрттөп ийишкен. Мен жакшы көргөн балмуздак саткан кафе да күйүп кеткен”.

"Согуш күчөгөндө чоң атам келип, атама "буюм-тайымыңарды алып, кеткиле" деген. Селипанов үй-бүлөсү менен шаардын борборунан чыгып баратканда көчөдө ок учуп жатканын көргөнүн эстейт.

Анча-мынча коопсуз болгон Тбилисинин түндүгүндөгү чоң атасынын батирине келгенде тестиер бала эки жагын аңтарып жатып, эски автоунаанын журналын көрүп калат. Ал журналды барактап отуруп, бир сүрөткө назары түшөт. Ал маңдайында 27 деген жазуусу бар кызыл түстөгү спорттук “Феррари” эле.

Согушту өз көзү менен көргөн баланын советтик аскердик учактарга кызыгуусу жоголот. "Эмне болуп жатканына кайгырып, согушту жек көрүп калдым", - дейт ал.

Ferrari болсо балага башкача бир сезим тартуулайт.

1991-жылы Селипанов журналдан сүрөтүн көргөн Ferrari 126C3

Жарышка түшкөн автомобиль жети жаштагы бала жактырган советтик МиГ-29 жана Су-27 истребителдеринин эстетикалык элесин берип, «бирок карапайым кишилердин канын төгүүгө багытталган эмес болчу", - дейт Селипанов. - Сүрөт шумдук экен деп ойлодум». Ошол көз ирмемден тарта анын автомобилдерге кызыгуусу ойгонот. Бирок ал маалда Грузияда эң кызыктуу автомобил советтик өндүрүштөн чыккан «Лада Нива» эле.

1990-жылдардын башында Селипановдун ата-энеси Орусияга көчүп баргандан кийин тамак-аш импорттогон бизнес ачып, андан кийин таңгакталган деңиз азыктарын сатууга өткөн. Үй-бүлө тапкан-ташынганы менен 2001-жылы уулун Калифорниядагы ArtCenter дизайн мектебине жиберет.

Селипанов университетти бүткөндөн кийин Германиядагы Volkswagen Group компаниясына ишке орношот. Ал жерде чеберчилигин өркүндөткөнү менен корпоративдик дизайндын чектөөлөрүнө дуушар болот.

Анан бактылуу бир учур келет.

Lamborghini үчүн Саша Селипанов түзгөн эскиздер

Lamborghini компаниясы Volkswagen Групптун дизайнерлер компаниясына кайрылып, жаңы чыгарып жаткан суперавтомобилге интерьер ойлоп табууну өтүнөт. Селипанов бул долбоорго катышуу үчүн жетечилигинен араңдан зорго уруксат алат. Баары даяр болгон күнү Volkswagen Групптун жетекчиси дизайндын эскизи салынган папканы «туура эмес жагынан ачып алат».

Селипановдун кыйык болуп келип куралган дизайнын көргөн жетекчи эскизди жактырат.

Жаш дизайнер Италиянын Сант-Агата шаарындагы Lamborghini компаниясынын баш кеңсесине жаңы долбоордун командасына барып кошулат. Ал долбоор Huracan деген спорттук машинени чыгарат.

2024-жылы жарыяланган подкастта Селипанов Италиянын түндүгүндөгү шаарга аз акча төлөнгөн дизайнер болуп келгенин эмоционалдуу түрдө эскерген. "Мен тапканыма башында бир табак моцарелла жана кенедей кагаз коробкадагы кызыл вино сатып алчумун". Ошол учурда көчөдө отуруп, сырды жегенде андан тамган сүттүн тамчысын сүртүп, жерге колун тийгизип, "залкарлар баскан көчөдө туруп, мен дагы бир керемет жаратармын" деп ойлогонун айтып берген.

Киев шаарында турган Lamborghini Huracan суперавтомобили

Бир нече күндөн кийин мурда-кийин эч кимге белгисиз жаш дизайнер Lamborgini командасы сурабаса да кантип "муштумун түйүп туруп, бир-эки катуу талкуулардан өткөнүн" унутпайт.

Мүнөзү жумшак грузин жигит Lamborghini компаниясындагы кесиптештери менен чогуу пиццага барып, шарап ичип, италяндардын маданиятына кызыкканы менен жакындашып кетет. "Алар кайсы бир деңгээлде менин грузин тегимди элестетип, сонун, керемет жигиттер эле".

Селипановдун оргиналдуу эскиздеринин көпчүлүк бөлүгү Huracan суперавтомобилинин акыркы сериясына кирип, 10 миңдеп сатылып, атагы чыккан.

Селипанов экстерьер дизайн бөлүмүн жетектеп турганда, 2016-жылы чыгарылган Bugatti Chiron.

Селипанов андан кийин француздардын гиперавтомобил чыгарган Bugatti компаниясынын дизайн бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалат. 2016-жылы Bugatti Chiron чыккандан кийин Тбилисиде туулган дизайнердин аты дүйнөлүк көркөм чеберлердин катарына кирген.

Chiron «төгөрөгү төп келген автомобиль» деп таанылган. Bugatti Chiron үлгүсүндөгү ар бири 3 миллион доллар турган 500 машине 2016-жылы элдин назарына коюлгандан кийин сатылып кеткен. Автожарышта дүйнөлүк рекордду жаңырткан Chiron тууралуу видео дээрлик 100 миллион жолу көрүлгөн.

Bugatti Chiron гипермашинеси үчүн Селипанов "асмандагы парашюттай" экстерьер түзүүгө аракеттенген.

2019-жылы Селипановдун жылдызы шведдердин Koenigsegg гиперавтомобил чыгарган компаниясынын дизайн бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалганда дагы жанган.

Ал зоболому көтөрүлүп турганда дүйнөдөгү атактуу, капчыгы калың компанияларга гиперавтомобилдердин дизайнын ойлоп таап жүрө берсе деле жарашмак. Бирок чебер тобокелдүү жолду тандаган. 2023-жылы жубайы Инна экөө менчик дизайн студиясын түзгөн. Анан жубайлар эл алдына Nilu27 автомобилин тартуулады.

Nilu башка гиперавтомобилдерден айырмаланып, өзүнүн жөнөкөй эстетикасы менен массалык маалымат каражаттарынын көңүлүн бурган. Nilus машинесинин алгачкы 15ин ар бири 3,7 миллион доллардан сатыкка чыгат. Машиненин асман чапчыган баасы ага Селипанов канчалык чеберчилигин жана тажрыйбасын салганынын акыбети болуп саналат.

Саша Селипанов (оңдо) Nilu27 гиперавтомобилинин бет ачар аземинде

41 жаштагы дизайнер болгон капиталын жана убактысын дымактуу долбоорго салган себебин советтик Грузияда өткөн балачагында ата-энеси "ар бир күндүн баалуулугун" үйрөткөнү менен түшүндүрөт. Агасы, таланттуу композитор Дмитрий экөөнү тең "убакыт чектелүү, эгер бир нерсеге жеткиңер келсе бир да күндү жөн өткөрбөгүлө" деп тарбиялашкан.

Селипанов үчүн жөн эле текке кеткен бир күн - «өзүңө өзүң жасаган чоң кылмыш».