Кыргызстанда банктар доллар бербей, ишкерлер сырттан которулган акчаcын ала албай, алса да төмөнкү курс менен алып жатканы парламентте көтөрүлдү. Доллар тартыштыгы эмнеден улам болууда? Бул ишкерликке кандай таасир этүүдө?
Курулуш материалдарын сатып иштеген ишкер Мирдин Мукашев банктарда чет элдик валюталарды убарагерчилик менен алып, акчаны сомго конвертациялоодо чыгым тартып жатканын ырастады.
"Которулган акчанын 50% доллар менен, калганын сом менен беребиз, кээ бирин бербейбиз" деген кыйынчылыктар болуп жатат. Ошого кайыл болуп эле алуудабыз, башка айла жок, эмне кылмак элек. Ал жерден минуска кетип атабыз. Сомго конвертация кылганда банктардагы курс алмаштыруу жайларына караганда 1-2 сомго чейин айырма чыгат. Ошол жерде банктын курсу менен аласың. Мисалы, банктагы бир жагдайга күбө болдук, еврону долларга алмаштырам десе, аны сомго алмаштырып, сомду кайра долларга алмаштырып, эки конвертация жүргүзүп анан алып жатышат".
Жарандык активист Улан Үсөйүн Кыргызстандын банктарында доллар валютасын накталай алууга коюлган чектөөлөрдөн улам, эсебиндеги каражатын ала албай убара тартып жатканын айтып берди. Анын айтымында, Бишкектеги банктардын бири ага 600дөн ашык доллар ала албай турганын билдирген.
"Мен андан көбүрөөк алышым керек эле. Эмнеге мындай болуп калды десем, "алдын ала эскертүү берип, операторго айтышыңар керек" деп жооп беришти. Мен андай маалымат албаганымды, мурда жөн эле алып кетип жүргөнүмдү айттым. "Азыр ушундай болуп калган, банкоматтардан алыңыз" дешти. Ондон ашык банкоматты кыдырдым, баарында тең "касса убактылуу иштебейт" деген маалыматтар чыгып атты. Банкка кирип "мага сом менен бергиле" десем, сом менен да бере алышкан жок. Ошол маалда кассанын ичинде кызыктай бир нерсе болду. Ал жакта долларды санап атканын көрүп калып, мен аларга "доллар бар турбайбы, бербейсиңерби" десем, "жок, бул башка нерсеге багытталган" дешти. Ушинтип, доллар ала алган жокмун".
Чет элдик валютаны, өзгөчө АКШ долларын кыргыз банктарында алуу көйгөйү 29-июнда парламентте да көтөрүлдү.
Дагы караңыз Борбор Азия валюталарын кошо "сүйрөгөн" орус рублиДепутат Жанар Акаев чет элден которулган каражаттарды банктардан алууда кардарлар түйшүккө кабылып, чыгымга учурап жатканын айтып чыкты.
"Доллар менен иштеген ишкерлерге кыйын болуп жатат. Банктар спекулянттар менен бирге иштеп атышабы, билбейм. Доллар менен которулуп келген акчаны бүт банктар 78-79 сом менен берүүдө. Банктарда доллар жок азыр. Европада иштеп аткан мигранттарыбыз которгон акчаны туугандары доллар менен ала албай жатат. Сом менен, болгондо да төмөн курс менен берип атышат".
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиштин парламентте берген маалыматына ылайык, Орусиядагы долларга болгон тартыштыктан улам ал жакта накталай эмес жана накталай доллардын курсунун ортосунда чоң айырмачылык жаралган.
"Бул жагдай валюталык спекуляцияга жол ачып берди. Бул учурдан пайдаланып айрым жеке жактар Орусиядан которуу системалары аркылуу акча которуп жатканда салып жаткан рублдарын накталай эмес долларга жагымдуу курс менен конвертация жасап, Кыргызстанга которушат. Мисалы, жогоруда айткандай, биржадагы курс 51 рубль болсо, алар 53-54 рублден накталай эмес долларга конвертация кылышат. Кыргызстандан болсо которгон каражатын "накталай доллар менен берилсин" деп талап кылышат. Накталай долларды Кыргызстандан алып, Орусияга чыгарып пайда көрүп жатышат. Ушундан улам, биздин рыногубузда накталай доллар банктарда тартыш болуп жатат", - дейт Нурбек Жеңиш.
Мындан улам Улуттук банк "экономикалык коопсуздукту жана Кыргызстандын чегинен тышкары АКШ долларынын чыгып кетишине байланыштуу жагымсыз кесепеттерди төмөндөтүү үчүн 2022-жылдын 18-апрелинде акча которуу системалары боюнча акча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерине убактылуу өзгөртүүлөрдү киргизгенин" кабарлаган.
Кыргызстан акча алмаштыруу бюролорунун ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскулов чет элдик валютанын тартыштыгы иш жүзүндө февраль айынын аягында Орусия Украинага кол салгандан бери башталганын айтууда.
Ал миграциянын, соода-экономикалык алаканын негизинде накталай доллардын Кыргызстанга келиши Орусияга гана байланыштуу болуп келгендиктен ушундай кырдаал жаралды деп эсептейт. Рыскулов акча алмаштыруу жайларында долларды накталай сатып алууга чектөө жок экенин, бирок валютанын курсунда банктар менен айырма бардыгын билдирди.
"Азыркы учурда бир доллар 80 сом болсо, базарда 82 сом 50 тыйын болуп жатат. Бирок, коммерциялык же мамлекеттик банктар долларды сатыкка 80 сомдон чыгарып, накталай формада сатып алууга белгилүү бир чектөөлөрдү киргизип коюшат. Чет элдик валюталарды накталай эмес сатып алууга чектөөлөр жок. Азырынча тартыштык сезилбейт. Анткени, талап да, сунуш да бар. Кечээ гана бир аз көтөрүлдү. Ошол себептен баары доллар жок деп атышса керек. Накталай доллар бар, Москва-Совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги же "Дордойдогу" каалаган акча алмаштыруу жайларына барсаңыз, керектүү көлөмдө таба аласыз. Банктардагы чектөөлөр боюнча айтсак, алар азыр насыяны макулдашып сом менен беришет. Төккөндө доллар менен төктүрүп жатканы айтылууда. Ошондуктан, бул алмаштыруу жайларына караганда банктарга көбүрөөк таандык маселе".
Банк системасындагы долларды накталай алууга коюлган чектөөлөрдүн ишкерлерге кандай таасир кылып жаткандыгы тууралуу сураганыбызда ЖИА ассоциациясынын төрагасы Жоодар Омошев мындай жооп берди.
"Ал сезилүүдө, банктар долларды чектөө менен берип жатат. Накталай колго алууда маселе жаратууда. Эгерде сиз түздөн-түз чет өлкөлөргө, кандайдыр бир товарга акча которо турган болсоңуз, анда азырынча маселе жок. Ал конвертация болуп эле чет өлкөгө которулуп кете берет. Бул азырынча орто жана чакан бизнес үчүн кандайдыр бир маселе болуп жатат дегенден алысмын. Анткени мен ишкермин, долларды алып, колдонуп жатабыз. Ири суммада ишкердик кылгандар ансыз деле банк аркылуу которот. Банк аркылуу которгондон кийин колго накталай акча тийбеген үчүн ал жакта маселе болуп атат деп ойлобойм".
Кыргызстандын валюта рыногунда АКШ долларынын Улуттук банк бекиткен курсу 29-июнга карата 79,5 сом болууда. Ал эми коммерциялык банктарда 81 сомдон 82,5 сомго чейин сатылып жатат.