Кыздардын көз жаздымдагы турмушун көрсөткөн Нарын театры

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык академиялык драма театры 85 жылдык мааракесине карата отчёттук театр жумалыгы менен Бишкекке келди. Чыгармачыл топ борбор калаадагы сапарын Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раевдин "Оо, кыздар" драмасы менен жыйынтыктады.