Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында коюлмакчы болуп, бирок мазмуну талаш жараткан «Дежавю» спектаклин өкмөттүн өкүлдөрү дагы бир жолу көрдү. Алар спетаклди таптакыр койдурбай коюуга негиз жок экенин айтып жатышат. Ал эми Маданият министрлигинин алдындагы көркөм эксперттик комиссия спектаклдин айрым жерлерин оңдоого сунуш берген.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов талкуу жараткан спектаклди 24-майда көрүп келген. Ал спектаклде одоно мыйзам бузуу же моралдык-эстетикалык жактан терс таасир тийгизүүчү факторлорду көрбөгөнүн билдирип, чыгарманы койдурбай коюуга негиз жок деген пикирде.
“Кечээ күнү атайын барып спектаклди көрдүк. Ал жерде мамлекетке, улутка каршы же болбосо кимдир бирөөнүн жеке намысын тебелеген кымындай да көрүнүштөр жок экен. Мен спектаклди койгондордон “Кандайдыр өзгөртүү кылдыңарбы?” деп сурасам, эч жерин өзгөртпөптүр. Бул чыгарма эми революция тууралуу болгондон кийин, элибиздин маселеси чагылдырылган соң мазмуну жагынан эч кандай чектөөгө ала албайбыз. Биздин Конституцияга ылайык, көркөм чыгармаларга цензура кылууга жол берилбейт. Ошондуктан бул спектакль коюлушу керек. Спектаклди көргөн ар бир көрүүчү жеке баасын берет. Театрдын, дегеле жалпы искусствонун максаты – кандайдыр бир талкуу жаратуу эмеспи”.
Театр искусствосу багытындагы укуктук нормаларга ылайык, жаңы коюлган спектакль элге тартуулануу алдында бир канча процедурадан өтүшү керек.
“Дежавю” спектаклин орус драма театрынын жамааты алгач 2022-жылдын 18-майында ички көркөм кеңеш үчүн тартуулашкан. 19-майда пьесанын автору Алишер Ниязовдун катышуусунда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин алдындагы көркөм эксперттик комиссиянын көрүүсүнө коюлган.
Ага маданият министринин орун басары Салтанат Аманова, Кыргыз Республикасынын Театр ишмерлер союзунун президенти Жаныш Кулмамбетов баштаган комиссия, театр сынчылары, театр жетекчилиги, койгон режиссер жана башка театр адистери катышкан.
20-майда спектаклди коюуга Көркөм эксперттик кеңеш тыюу салганын “Азаттыкка” спектаклдин режиссёру, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрынын көркөм жетекчиси Акимбек Текешов билдирген.
“Маалымат боюнча, спектаклдин премьерасы 21-майда болмок. Театрдын көркөм кеңеши, министрликтин көркөм эксперттик комиссиясы 19-майда спектаклди кабыл алып, эч ким каршы чыккан эмес. 20-майда комиссия кайра “спектаклди ойнобогула” деген чечим чыгарды. Анда “тигил каарман мындай болбош керек, бул каарман мындай болбош керек” деген сөздөр айтылды”.
Текешов учурда пьесаны кайрадан оңдоп-түзөөгө даяр экенин айтты.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, министрликтин алдындагы көркөм эксперттик комиссиянын төрайымы Салтанат Аманова спектаклди биротоло токтотуп коюу чечими болбогонун айтууда.
Ал “Дежавю” спектаклинде мазмундук жактан айрым алешемдиктер бар экенин, аларды оңдоп чыгуу үчүн КЭКтин мүчөлөрү тарабынан сунуштар гана айтылганын кеп кылды:
“Спектаклдин да өзүнүн талаптары бар. Андагы ар бир кыймыл-аракет, кырдаалдар аркылуу бере турган идеялар ишке ашат эмеспи. Бул спектаклде кырдаал болбой эле сөздөр ыгы жок көп сүйлөнө берген жерлер бар экен. Маселен, чыгарма революция тууралуу болуп атат дагы бирок революциянын маани-маңызы жакшы ачылбай калган. Ушул кемчиликтерди авторго жана режиссёрго да сунуш катары айттык. Чыгармада катышкан ар бир образ өзүн акташы керек, булар да ачылбай калган. Бул жерде театрдык талап анан текстке тишелүү гана сунуштар менен убактылуу токтоттук. Берилген сунуштарды оңдоп чыгышсын. Театрлардагы көркөм кеңештин же КЭКтин чечими менен айрым спектаклдердин коюлбай калышы кадимкидей эле көрүнүш. Буга чейин деле өлкөбүздөгү айрым театрда коюлбай калган спектаклдер болгон”.
“Дежавю” спектаклинин коюлушуна алгачкылардан болуп орус драм театрынын режиссёр-коюучусу, Кыргыз Республикасынын эл артисти Нурлан Абдыкадыров каршы болуп чыккан.
Ал өкмөттүн өкүлдөрү кайрадан спектаклди көрүп чыккандан кийин да Фейсбуктагы баракчасына төмөнкүдөй пикирин калтырган:
“Минкабдын төрагасынын орун басары Байсалов спектаклди көргөндө өзүнүн адамдарынан башка эч кимди киргизген жок. Ал президентке каршы спектаклди жогору баалады. Ал эми спектакль 9-майдагы Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишине барабар болгон 7-апрелдеги революциянын кадырын кетирет! Булар Кыргыз Республикасынын биринчи айымын да шерменде кылып жатышат”.
Абдыкадыров ал чыгарманын автору Алишер Ниязов мындан үч жыл мурун ушул пьесаны коюуну өзүнө сунуштаганда да баш тартканын, анткени спектаклдин маани-мазмунунда кыргыз улутун басмырлоо, Кыргыз Республикасынын президентин келекелөө көрүнүштөрү бар деген пикирин “Азаттыкка” билдирди:
“Мага пьеса башында эле жаккан жок. Анткени анын мазмунунда алгач эле президентти шылдыңдаган көрүнүштөр, элди басмырлаган сөздөр бар экенин билдим. 2010-жылы 7-апрелде аянтка көтөрүлүп чыккан эл тууралуу “буттары кыйшык кыргыздар дүкөндөрдү тоноп жүрөт” деген да сөздөр айтылат. Мен ошондуктан элге каршы чыгарманы койгон жокмун. Кыргыз эли чындыкты сүйүп туу туткан эл, ошондуктан үч революцияны баштан өткөрдүк. Андыктан мен революцияга чыккандарды түшүнөм. Көчөдө бирөөлөрдүн балдары, бирөөлөрдүн атасы өлдү. Андыктан бул маселеге аяр мамиле кылууга чакырам. Мен Минкабдын төрагасынын орун басары Байсалов менен маданият министри Жаманкуловго да айттым койгонго болбойт деп. Бирок булар спектаклди колдоп жатышат. Спектаклдин режиссёру, театрдын жетекчилери экөө тең профессионал эмес, алар көп нерсени түшүнүшпөйт”.
Маданият министрлигинин алдындагы Көркөм эксперттик комиссиянын мүчөлөрүнүн бири, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, драматург Жаныш Кулмамбетов да пьесада улутту басмырлаган көрүнүштөр бар экенин айтты:
“Чыгармачылыктын эмне өзгөчөлүгү бар? Андагы ар бир сөз жалпылоочу мааниге ээ болуп кетет. Маселен, пьесада “колхозник” деген сөздөрү бар, ушул сыяктуу сөздөрдүн баары келип эле кыргыз элинин жүрөгүнө тиет. Кыргызды кыргыз антип атаса, мейли, түшүнсө болот. А башка улуттун адамы ошондой сөздөр менен атап жатса, бул анын позициясы катары кабыл алынат. Эң жаман жери ушул. Башка улут жөнүндө жаман сөз жазуу дегеле уят иш. Мисалы, биздин бир дагы кыргыз автор башка улут жөнүндө жамандап чыгарма жазбайт. Бир улут экинчи улутту сындаганга болбойт. Бул менин да позициям”.
Пьеса тууралуу учкай кеп
2019-жылы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 7-апрель окуясынын 10 жылдыгына карата революция тууралуу пьесалардын сынагын жарыялаган. Министрликтин алдындагы Көркөм эксперттик комиссиянын (КЭК) тандоосу менен сынактан Алишер Ниязов жазган (каймана аты Алексей Торк) “Кыялдар орундалат” аттуу пьесасы жеңип чыккан. Бирок 2020-жылы пандемиялык шарттан улам спектакль дээрлик эки жыл коюлбай келген. 2022-жылдын февраль айынан баштап Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын эмгек жамааты спектаклди иштеп чыгып, 2022-жылдын 21-майында көрүүчүлөргө тартууланмак.
Спектаклде “Кыялдар орундалат” деген IT компаниянын кеңсесинде беш киши камалып калганы көрсөтүлөт. Алардын арасында жергиликтүү Сабыр аттуу олигарх, анын көңүлдөшү, ишкананын жетекчиси жана анын күзөтчүсү менен бир кызматкери бар. Кеңсенин сыртында тополоң, революция башталат. Бир бөлмөдө камалып калган адамдар чуру-чууга түшүп, бири-бири менен уруша баштайт жана өткөн-кеткендерди эстешет. Чыгарманын акырында Сабыр аттуу башкы каарман олигарх өзүн өлкө президенти болуп дайындалганын угат.
Алишер Ниязовдун “Кыялдар орундалат” пьесасынын негизинде сахналаштырылган “Дежавю” спектаклинде башкы каармандардын бири Эрнесттин ролун ойногон актёр Дмитрий Балбекин бул пьесаны кезинде Маданият министрлигинин алдындагы көркөм эксперттик комиссиянын мүчөсү, драматург Жаныш Кулманбетов өзү тандап маданият министрлигине сунуштаганын 20-майда “Азаттыкка” курган маегинде айткан:
“Театр ишмерлер союзунун төрагасы, драматург Жаныш Кулмамбетов бул пьесаны конкурста тандап алган комиссиянын башында болгон. Анан Министрлик бизге коюуну сунуштаган. Эми жакында гана даярдап бүткөн соң театрдын көркөм кеңеши менен министрликтин алдындагы көркөм эксперттик комиссия бир добуштан колдогон. Албетте, бир аз кемчиликтери болгон. Бирок алар техникалык эле кемчиликтер болчу. Анан президенттин аппаратынан байланышып дагы бир жолу көрсөткүлө дешти. Кийинки күнү адамдар келишти, алардын баарын кайсы кызматтан экенин толук так айта албайм, бирок маданият министринин орун басары, анан Жаныш Кулмамбетов бар болчу. Анан эле алар пьесаны ойной албай турганыбызды, анткени ал элди, президентти басмырлай турганын айтышты. Эми менин Кулмамбетовго суроом бар, сиз өзүңүз да драматургсуз, сиз бул чыгарманы кезинде окугансыз, анан өзүңүз тандап сунуш кылбадыңыз беле?”.
Ал эми пьесанын автору Алишер Ниязов да “Азаттыкка” мындай окуяга алгач ирет күбө болуп жатканын кеп кылган.
“Мен эмне үчүн мындай болуп кеткенин чынында эле түшүнө албай турам. Мен журналист болуп иштеп жүргөнүм менен кээде драматургия менен да алек болуп келем. Кыргызстанда 30 жылдык өмүрүм өттү. Эгемен Кыргызстандын саясий тарыхынын баарына күбө болуп келе жатам. Бирок бул окуя мен үчүн күтүлбөгөн иш болду. Канча убактан бери мээнет коротуп, даярданып алган театрдагы чыгармачыл топту аяп турам. Пьесаны жазып бергенден кийин спектаклге аралашкан эмесмин".
“Дежавю” спектакли тууралуу анда ойноп жаткан актёрлордун да пикири бир кылка эмес.
Маселен, айрымдары спектакль бир канча мээнет менен даярдалган соң коюла бериш керек эле десе, башкы каарман Сабырдын образын ойногон белгилүү актёр Болот Тентимишов элдин эрки менен болгон бийлик алмашууларга аяр мамиле жасалыш керектигин, бул спектакль токтошу керек экенин айтты:
“Негизи мен театрда берилген бардык ролумду ойногонго милдеттүүмүн. Бирок Көркөм эксперттик комиссиянын талабын аткарылышын колдойм. Азыр баарын иликтеп жатышат. Менин мындан кийинки чечимим да ошого жараша болот. Жеке өз оюмду айтсам, бул спектакль өзгөртүлбөсө анда мындан кийин коюлбашы керек. Анткени биздин үч жолу элдин эрки менен болгон бийлик алмашуулар өзүбүздүн жарандардын каны менен коштолгон. Андыктан алардын арбагын сыйлап, бул ролдон баш тартсамбы деп жүргөм. Ошол эле маалда мен мамлекетимдин алдындагы милдет-кызматымды өтөшүм керек. Алдыда комиссиянын чечимине карап, мен да өз чечимимди кабыл алам”.
Ал эми жазуучу, жарандык активист Олжобай Шакир театрда ар кандай жанрдагы чыгармалар коюларын, режиссердун кайсы бир чыгармага өз көз карашы бар экенин белгиледи. Экинчиден, коомдогу кемчиликти бир гана кыргыз тектүү адамдар сындашы керек деген түшүнүктөн кетүү керек деген ойдо.
“Искусстводо эч качан чек ара болбошу керек. Жалпы адамзаттын баалуулугун кайсы улуттун өкүлү айтпасын ал ордун табат. Биз кыргыз коомундагы көйгөйлөрдү кыргыз автору гана жазышы керек деген тар түшүнүктө болбошубуз керек. Башка улуттун өкүлү, бирок Кыргызстандын жарандыгын алган адам болсо ага эмне үчүн чыгарма жазууга болбосун? Минтип чектей берген болбойт да. Бизде башка улуттун өкүлдөрү ошон үчүн мамлекетти курууга катышпай жатат деп ойлойм. Үч жолку төңкөрүштө деле кыргыздар жүрөт. Мамлекет бир гана кыргыздарга эмес, жалпы жарандарыбызга тиешелүү. Андыктан искусстводо болсун, саясатта болсун башка улуттагы жарандарыбыздын аралашып иш кылып жатканы менимче кубанарлык иш”.
Маалым болгондой, алдын ала жарнамалары да берилип кеткен “Дежавю” спектаклинин премьерасы 21-майда эле болмок. Азырынча спектакль кайра коюлары же коюлбасы белгисиз. Чыгарманы сахнага иштеп чыккан жамааттын айтымында, спектаклди коюу үчүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 200 000 миң сом бөлгөн.
Режиссер Алишер Ниязов ким?
Алишер Ниязов (каймана аты Алексей Торк) 1970-жылы Тажикстанда төрөлгөн. Ошол жактагы массалык маалымат каражаттарында иштеп, 1990-жылдардын орто ченине чейин аталган өлкөдө жашаган.
1996-1999-жылдары “ИТАР-ТАСС” агенттигинин Кыргызстандагы кабарчысы болуп эмгектенген.
2000-жылы ОРТ каналынын “Вместе” программасынын атайын кабарчысы, андан кийин РИА Новости агенттигинин Кыргызстан жана Казакстан өлкөлөрү боюнча кабарчысы болуп иштеген. Ниязов Тажикстан менен Кыргызстандын түштүгүндөгү аскердик жаңжалдарды чагылдырган.
Адабий чыгармачылык менен 2000-жылдан тарта алектене баштаган.
Анын «Пенсия» аттуу алгачкы аңгемеси «Дружба народов» журналынын 2006-жылдагы №7 санына жарыяланган. Анын негизинде Москвадагы Чехов атындагы көркөм театрдын кичи залында “Тутиш” аттуу спектакль коюлган.
Ниязовдун "Кыялдар орундалат" аттуу пьесасынан башка “Бриллиант Жамшед”, (Джамшед Блистательный), “Лухтак” аттуу аңгемелери, “Бактрия жөнүндө жарым миллион түш” (Полмиллиона снов о Бактрии) аттуу эсселери бар. Журналистика жана көркөм чыгарма менен алек болгон Ниязов учурда Бишкекте жашайт. Анын “Фархад жана Ширин” аттуу аңгемелер жыйнагы 2010-жылы Орусияда өктөн конкурста «Чакан проза» номинациясынын жеңип алган.