"Кытайда мени өлүм күтөт". Шинжаңдык казактын окуясы

Украинадан Словакияга качып, чек арачылардын колуна түшкөн Эрсын Эркинулы камакта. Луцк, Украина. 2021-жыл.

"Уулум, эртең алыс жолго чыгасың, үйдөн тамак ичип ал. Эми качан жолугабыз? Атаң экөөбүз түштө тыныгууда үйгө келип кетебиз, барганыбызда бизди тосуп алсаң жакшы болмок".

Төрт жыл мурда Кытайдан качып, Польшага жеткен шинжаңдык казак Эрсин Эркинулы качкындар лагеринде жатып апасынын акыркы сөзүн эстеп отурат. Анын үнүн угуп, жүзүн көргүсү келген уулу апасынын ошондогу "тосуп ал" деген өтүнүчүн аткарбаганына жаны кейийт. Бирок өкүнбөйт.

26 жаштагы Эрсин эки жыл мурун Кытайдан качып чыккан. Эңсеп келген ата журту - Казакстанда да тура алган эмес. Европанын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, эми документи жок жүрөт. Анын далай жолку сурактарынан, басып өткөн жолунан өзүнчө бир даректүү тасма чыкчудай.

Польшанын баш калаасы Варшавадагы качкындар лагеринде байланыш өтө начар. Башпаанек издегендер телефон менен сүйлөшүү үчүн лагерден сыртка чыгышат. Укук коргоочу уюмдарга, элчиликтерге, журналисттерге жана башкаларга телефон чалып, жардам сурап, сыртта күндөп-түндөп жүргөндөр да аз эмес.

Кытайдын кысымынан качуу

"Түнкү үчтө кошунабыздын үйүнө айылдык комитеттин өкүлдөрү келип, ошол маалда орозодо ооз бекитип жаткандарды кармап кетишти", - дейт Эрсин.

Эртеси текшерүүчүлөр ошол эле үйгө кирип, түшкү тамактануу маалында эмнеге тамак ичпей отурганын сурашкан. Анда Эрсин "Орозо кармаса болбойбу?" деп ойлогон экен. Бул 2017-жылы болгон окуя.

Эрсин Эркинулы.

"Кытайда адамдардын дин тутуу укугуна чектөө коюлганы чын. Буга жөнүндө ата-энемден сурагандан кийин ынандым", - дейт ал.

Анын айтымында, "бийлик ата-энесин "Ислам шарттарына ылайык үйлөндүңөрбү, балдарыңар намаз окуйбу" деп суракка алган. Эрсиндин барган жерлерин да сурашкан.

2018-жылы Кытайда мусулман азчылыктарына ачык эле кысым башталган. Бийлик шектүү делген же чет өлкөгө чыгып келген жарандарды "кайра тарбиялоо лагерлерине" алып барып, кытай тилин үйрөтүп, аларга күнүнө бир нече жолу партиянын саясатын "үгүттөөчү роликтерди" көрсөтүп турган.

"Мен Шинжаңдын Нылкы районунда жашачумун. Кулжа шаарына кетейин деп жолго чыксам, көпкө чейин текшеришти. ID-картамды үйдө унутуп калыптырмын, айылдык комитетке кайрылып, ошол жерде жашаганым анык болгондон кийин гана коё беришти. Эмнеге бара жатканымды сурады. Барган жерлеримден сүрөттөрдү, видеолорду жиберип турдум. Дегеле мындай нерсе көнүмүш болуп калды. Бир жакка барып келгенден кийин бир ай артыбыздан кайтарат. Көргөн-билгендерибиздин баарын айтып турууга милдеттүүбүз".

Эрсиндин айтымында, анын көптөгөн тааныштары "кайра тарбиялоо лагерлерине" жөнөтүлгөн. Ал дин жөнүндө үстүртөн гана маалыматы бар экенин айтканына карабастан ага карата текшерүү да күчөгөн.

Дагы караңыз "Апамды үйдөн чачын кырып алып кетти дешти". Кытайлык кыргыздын убайымы

Чектөөлөрдөн тажаган шинжаңдык жигит Казакстанга кетүүнү чечет. Ал көптөн күткөн кыялын тез арада ишке ашырууну көздөп, Үрүмчүдөн Казакстанга үч жылдык виза алат.

"Менин мындай аракетимен шек санагандар "эмнеге баратасың" деп сурашты. Үч айдан кийин келем, өз ыктыярым менен тарбиялоо лагерине барам деген жалган убада менен кетип калдым", - деди Эрсин.

Ата-энеси Эрсинди кыя албай Казакстанга араң жөнөтөт. Ал коштошуу кыйын болот деп ойлогону менен тез арада Казакстанга чыгып кетүүгө шашат.

Эрсин эртең менен ата-энесин жумушка жөнөтүп коюп, Хоргос тарапка бет алат.

"Менин оюмда эмне бар, мен партиялык саясатка кандай карайм? Кытай бийлиги мунун баарын билгиси келген", – дейт коммунисттик партиядан качып, эркиндикке умтулган Эрсин.

Эңсеген ата журттан түңүлүү

"Алматы облусунун Саркан деген шаарына келгенимде тааныштарым телефонду албай койду. Мен жатаканага жайгаштым. Жатакананын ээси менин Кытайдан келгенимди Улуттук коопсуздук комитетине (УКК) айтып коюптур. Ошол эле күнү УККнын кызматкерлери келди".

Эрсин Казакстанга келгенде да "куугунтуктан кутулган жокмун" дейт.

Эрсын Эркинулы Алматы аэропортунда.

"Мен аларга (УККнын кызматкерлерине – ред.) Шинжаң саясатын айтып, бир саат сүйлөп бердим. Абал оор дедим. Алар мени менен күнүгө байланышып турушту. “Кайда турасың, кайда барасың, кайра сүйлөшүүбүз керек” дешти. "Мен сага баарын айттым, менден дагы эмне каалайсың? Эмнеге чалып жатасың?" деп сурадым. Башка адамдар аркылуу мага телефон чалганга да аракет кылышты. Бир күнү миграция кызматынын кызматкери чалып, келип кетүүмдү суранды. Кытайдан Сарканга көчүп келгендер мени үйлөрүнө кабыл албай коюшту. Ошентип Талды-Коргонго бардым. Ал жакта дагы бир кытайлык досум менен бир канча убакыт жашадым. Бирок мага ар кандай адамдар чалып жатышты. Мен корктум", - дейт Эрсин.

Анын айтымында, ошондон кийин ага Казакстан Кытайдын Шинжаңдагы этностук азчылыктарды кысымга алуу саясатын колдойт деген ой пайда болгон. Ал казак бийлигинин айрым кандаштарына качкын макамын берүүдөн баш тартканы "менин оюмду далилдейт" деген пикирде.

"Тынымсыз кысымдардан улам жарым жылдан кийин Казакстандан кетүүнү чечтим. Мен Кытайдагы адам укуктарын сыйлаган, азчылыктарга боор ооруган өлкөлөргө баргым келди".

Украинадагы оор күндөр

2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага басып киргенде Эрсин Украинада болчу. Социалдык тармактарда тараган видеолордогу жарылган бомбаларды, кыйраган үйлөрдү Эрсин өз көзү менен көргөн.

Бирок Украинадагы согуш ага кийин Польшага жетүүгө "жол" ачарын билген эмес.

Эрсин оболу Казакстандан чыгып кетүүнү ойлогондо "Алматы – Стамбул – Париж " каттамына билет сатып алган. Францияга барып, качкын макамын сурайм деп максат кылган.

Түрк бажы кызматкерлери Эрсинди кармап, Стамбулдан ары уча албай калган.

Ошондон баштап Эрсиндин мыйзамдуу жана мыйзамсыз жолдор болсо да Европа өлкөлөрүнө кирүү аракети башталган. Түркиядан Сербияга, андан ары Украинага барат. Бирок көздөгөнү Шенген аймагындагы өлкөлөргө кирүү эле. Визасынын жоктугу негизги тоскоолдук болчу. Мындан улам бир нече учак билети күйүп кеткен.

Эрсын Эркинулы Киевде.

"Ар кайсыл жакка учуп жүргөнүмдө, акчаны кайдан таап атат деп ойлоп жатсаңыз керек. Мен Украинада кармалганда чек арачылар да ушул суроону беришкен. Мага ата-энем жардам берип атты. Сербиядагы жатаканада таанышкан жаңы зеландиялык досум мага 50 доллар, анан анын досу 100 доллар берди. Англисче сүйлөгөндөр боорукер болот экен. Кытайдан качып жүргөнүмдү түшүнүштү. Соцтармактардан абалымды көргөндөр да жардам берди. Мунун баарын чек арачыларга айттым".

Ошентип Эрсинге Украинада калуу үчүн Түркияга билет сатып алууга туура келет. Ошол күнү аэропортко түнөйт. Эртең менен паспортун таппай калган.

"Украинанын чек арачылары "сен бул өлкөдө калбайсың, жашоого уруксатың жок, аэропортко башка өлкөгө билет алсаң гана киресиң" дешти. Алар мага кайра чыгып кетишимди талап кылды. Башка айла жок, Түркияга билет алдым. Бир маалда катуу чарчагандыктан аэропортко уктап калыпмын. Бирок күтүүсүздөн паспортумду жоготуп алдым, аябай капа болдум. Аэропорттун кызматкерлерине кабарладым. Полицияга да айттым. Өзүм издебеген жерим калган жок. Ошентип билетим күйүп кетти".

Эрсин ошентип Украинадан чыга албай калат. Эми анда Шенген аймагына кирген мамлекеттерге баруунун бир гана жолу бар эле - чек араны мыйзамсыз кесип өтүү. "Кудай жалгаса Польшага, анан Германияга кетем" деп ойлойт.

"Украинанын Польша жана Словакия менен чектешкен жеринде эл аз. Калктуу конуштар сейрек кездешет. Түн жамынып өтөм деген план койдум. Түнкүсүн карышкырлар менен түлкүлөр көп болот экен. Жолдогу адамдардан да, унаалардан да коркпойт. Караңгыда жалгыз калгандыктан коркпой койгон жокмун. Башка кошула турган адамдар да жок. Кийинчерээк 50 долларга такси жалдап, чек арага чейин бир чакырым жол жүрдүм. Бирок чек арачылар кармап калышты", - дейт Эрсин.

Кытайга депортациялоо чечими

Украин соту Эрсинди Кытайга депортациялоо чечимин чыгарат. Ага учак билетин сатып беришмек. Ага чейин Эрсин убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Камерада күн сайын эки саат телефон менен сүйлөшүүгө уруксат берилет. "Кытайга депортацияланганы жатам, бир жылдан кийин ал жактан өлүгүм чыгат" деп Казакстандагы "Атажурт" уюмунун ыктыярчылары менен байланыштым. Андан кийин Америкадагы жана Батыш өлкөлөрүндөгү уюмдар менин абалымды угушту. Украина мени депортация кыла алган жок, анткени башка өлкөлөр мага жардам колун сунду", - дейт Эрсин.

Украин укук коргоочулар менен Эрсын Эркинулы. Ал Словакияга качкандан кийин кармалып, бошотулган учур. 1-ноябрь, 2021-жыл.

2022-жылы кышында Эрсин согуштан качкан украиналыктар менен Польшага кирет. Ыңгайлуу жагдайдан пайдаланып, Германияга чейин жетет.

"Согуштан качып келген кишилерди чек арадан текшеришкен жок, автобуска билетибиз бар же жок экенин гана текшеришти", - дейт.

Эрсин эми Германияда качкын макамын алып, кысымсыз эркин жашоону кыялданат.

"Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдө бир мыйзам бар. Качкын макамын берүү же бербөөнү сиз биринчи катталган өлкө чечет. Мен алгач Польшага тапшырып, бармак издеримди бергем. Бирок ошол жерде Өзбекстандан, Чеченстандан, Африкадан келгендер жети-сегиз жылдан бери жооп күтүп, айрымдары кайра кайтарылып жатканын көрүп үмүтүмдү үздүм. Мен Германияга көчүп келип, ал өлкөдө да качкын макамын сурадым. Алар кайра эле ошол мыйзамга такалышты. Мен дароо башка өлкөлөргө кеттим, анткени алар мени Польшага кайтарууну каалашты. Тактап айтканда, Италия, Испания, Португалия, Францияга барып, ашканаларда идиш-аяк жууп, жашылчаларды тазалап, күнүнө 30-50 долларга жумушка орноштум. Балким, бул өлкөлөрдө качкындар көп болгондуктан, полиция кара жумуштагыларды текшербейт деп ойлодум. Ошентип бир өлкөдөн экинчи өлкөгө оңой эле көчүп, Германияга кайтып келдим. Кыйынчылык эч качан жалгыз келбейт дешет. Автобуста отурганымда “чек араны мыйзамсыз кесип өттү” деген айып менен кармап кетишти".

Германия Эрсиндин качкын макамын берүү өтүнүчүнө "Польша карайт" деп жооп берип, өлкөдөн чыгарган. Ал Швециянын Мальмё шаарында колго түшүп, кайрадан Польшага кайтарылган.

"Өз эрки менен Кытайга кайтууга макул"

Документсиз жүргөн Эрсиндин сапары Варшавада аяктады. Ал азыр Польшанын борборундагы ачык качкындар лагеринде жашайт. Чек араны бир нече жолу бузганы үчүн ал алты айга кесилип, жакында гана бошотулган.

Эрсин бул жерде тамак-аштан маселе жок экенин, бирок "тамагынан аш өтпөй" жатканын айтып кейиди. Анткени Польшанын сотунун аны "Кытайга кайтаруу" чечими дагы деле күчүндө.

"Чет элдик жаранга либералдуу чараларды колдонуу мүмкүн эмес. Анын Польшада жашаган жери жана жетиштүү каражаты жок", — деп айтылат Польша сотунун Эрсинге карата өкүмүндө.

Сот өкүмүндө анын "кайрадан чет өлкөгө качып кетүү ыктымалдыгы жогору" экени жана буга чейин Германиядан, Швециядан жана Нидерландиядан башпаанек сураганы айтылат. Мунун баары аны өз өлкөсүнө кайтарууга негиз боло алат.

Швециянын Мальмё шаарында камакка алынып, Польшага кайтып бараткан Эрсин Эркинулы. 17-январь, 2023-жыл.

Ошондой эле өкүмдө Эрсин Кытайга кайтууга "өз ыктыяры менен макул болгондугу" жазылат.

Расмий Варшава Эрсиндин "саясий көз карашынан улам Кытайдан качып кеткени ишенимсиз, ал интернетте өз оюн ачык айткан эмес" деп эсептейт. Миграция агенттигинин ага качкын макамын берүүдөн баш тарткандыгы тууралуу жообунда ушундай жазылган.

"Мен быйыл абакка 9-февралда кирип 7-августта чыктым. 14 күндүн ичинде качкын макамын берүүдөн баш тарткан миграциялык мекеменин чечимине даттанууга мүмкүнчүлүк беришти. Мен арыз жаздым. Бул менин акыркы үмүтүм. Эгерде мени кайра кабыл алышпаса, акыркы жолу камакка алынган 9-февралдагы соттун чечиминин негизинде кайра Кытайга жөнөтүшөт".

Эрсин Кытайга кайткысы келбейт.

"Мени ошол жерде өлүм күтүп турат" , - дейт ал.

Ал мындан ары эмне болорун элестете да албайт. Эл аралык уюмдардарга гана үмүт артат.

Эрсин Эркинулы 2021-жылдан бери ата-энеси менен кабарлаша элек. Алар "кайра тарбиялоо лагерине" жөнөтүлдүбү же жокпу билбейт. Кытай мамлекети анын чет өлкөдөн башпаанек издеп жүргөнүн билгендиктен, атайылап туугандары менен байланышын үзгөн.

"Эгер алар менден кабар алып жатканын билишсе, мен аларга көйгөй жаратам",- дейт Эрсин.

  • БУУнун отчетуна ылайык, Бээжин 2017-жылдан бери Шинжаңда бир миллион уйгур, казак жана башка мусулмандарды атайын лагерлерге камаган. Аларды Кытай мыйзамдарын жана Коммунисттик партияны даңазалаган ырларды жаттоого мажбурлап, кытай тилин үйрөткөн.
  • Изилдөөчүлөрдүн айтымында, Бээжин Шинжаңдагы аялдарды стерилизациялап, аборт жасатып, калктын санын азайткан. Лагерден чыккан аялдар ал жерде күзөтчүлөр тарабынан зордукталганын, ал эми эркектер камакта кыйноого алынганын айтышкан.
  • 2021-жылы февралда Канада парламентинин төмөнкү палатасы Кытай бийлигинин Шинжаңдагы түрк тилдүү мусулман элге карата мамилесин геноцид деп тапкан.
  • Кытай өкмөтү Шинжаңда мусулман азчылыктардын укуктары бузулганы тууралуу маалыматтарды четке кагып, аймактагы лагерлерди "кесипке үйрөтүүчү борборлор" деп мүнөздөгөн.