Прокуратура: Чым-Коргондогу оорукана жабылсын

Башкы прокуратура Чым-Коргондогу психоневрологиялык диспансерди убактылуу жабууну чечти. Буга санитардын эрежерелер сакталбаганы себеп болду. Бирок аталган ооруканаларда иштегендер мамлекеттин жетишсиз камкордугунан улам ушундай кырдаал түзүлгөнүн айтышууда. Башкы көзөмөл орган Чым-Коргондогу башка дагы эки психикалык ооруларды дарылоочу ооруканаларда мыйзамсыз аракеттерди аныктады.
Башкы прокуратура май айында "Жарандарга психиатриялык жардам көрсөтүү жана анын кепилдиктери тууралуу" мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн Бишкектеги, Чым-Коргондогу жана Жалал-Абаддын Кызыл-Жар айылындагы психоневрологиялык ооруканаларды текшерген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталганын “Азаттыкка” аталган органдын маалымат кызматынын өкүлү Жыргалбек Курманбеков билдирди:

- Аталган мыйзамдын аткарылышын текшерүү учурунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Мындан улам прокуратура кызматкерлери тарабынан прокурордук чара көрүү боюнча 49 акт түзүлдү. Муну менен катар 11 адам мыйзам бузууну четтетүү боюнча эскертилип, 7 кылмыш иши козголду. Мисалы, Чым-Коргондогу психоневрологиялык диспансер санитардык нормаларга жооп бербей турганы аныкталып, бул мыйзам бузууларды оңдогонго чейин аталган диспансерди жабуу чечими кабыл алынды.
Бизде үч ай суу жок болду. Аны оңдоо үчүн каражат жок. Бул жеке менчик оорукана эмес.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, мындай мыйзам бузуулар Чым-Коргон менен чектелбейт. Маселен, Бишкектеги борбордо да дарыланып жаткан бир бейтап дарыгерлердин шаалакылыгынан улам ооруканадан качып чыгып, жөн-жай адамдарга кол салып, бир адамдын өмүрүн кыйса, Кызыл-Жардагы дарыгерлер сот күч менен дарылоо тууралуу чечим чыгарган оор жана өтө оор кылмыштарды жасаган 5 оорулууну бошотуп жиберишкен. Мындан улам аталган ооруканалардын жетекчилигине кылмыш иши козголду.

Мындай маалыматты Бишкектеги психоневрологиялык борбордон тастыкташты. Аталган борбордун жетекчилигине жаңы келген Сабира Мусабаева мурдагы жетекчилик учурунда бир катар мыйзам бузуулар болгонун, бирок анын баары четтетилип жатканын айтты:

- Чындыгында эле биздин борбордун мурдагы жетекчиси менен башкы бухгалтерге финансылык мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши ачылган. Ал эми качып кеткен оорулуу боюнча тергөө жүрүп жатканын билебиз, бирок бизге кылмыш ачылды деп расмий айтыла элек.

Кыңыр иштердин изи менен

Ал эми санитардык эрежелер сакталбаганы айтылып, Башкы прокуратура жабууну буйруган Чым-Коргондогу оорукана иштеп жатат. Аталган оорукананын башкы дарыгери Жаныбек Ажыбековдун айтымында, мамлекеттин жетишсиз камкордугунан улам ооруканада дал ушундай кырдаал түзүлгөн:

- Бизде үч ай суу жок болду. Аны оңдоо үчүн каражат жок. Бул жеке менчик оорукана эмес. Качан өкмөт каражат бөлгөн соң гана оңдолду. Болбосо, бизде андай каражат жок. Ал эми муну оңдоо үчүн айлыктан алып, жумшап койсок финансылык мыйзам бузуу деп кылмыш ишин козгоп жатышат. Мисалы, прокуратуранын түшүндүрмөсүндө 771 сомду туура эмес пайдаланган деп жазылып жүрбөйбү. Ал акча башка бир нерсе эмес, оорукананын муктаждыгына гана жумшалган.

Ошондой эле Жаныбек Ажыбеков оорукананы жаап, 400дөн ашык ар дайым дарыгерлердин көзөмөлүндө турган бейтапты талаага чыгарып салуу мүмкүн эмес экенин кошумчалады.

Өлкөдөгү психикалык бейтаптарды дарылоочу жайларда түзүлгөн мындай жагдай боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги өз түшүндүрмөсүн бере элек. Бирок маалымат кызматынан кабарлашкандай, министрлик бул боюнча атайын комиссия түзүп, 3-июндан тарта жогорудагы ооруканаларды текшерери белгилүү болду.

Башкы прокуратуранын психиатриялык ооруканалар боюнча дооматтары бас-бас боло электе, "Психикалык саламаттык жана коом" бейөкмөт уюму чуулгандуу маалымат таратты. Аталган уюмдун кабарлашынча, 29-майда Чүй облусунун Искра айылында жайгашкан психоневрологиялык интернаттын кароолчусу ушул интернатта жашаган оорулууну сабап салган. Окуя боюнча "Психикалык саламаттык жана коом" уюмунун төрайымы Бурул Макенбаева "Азаттыкка" буларды айтып берди:

- Токмок жеген 27 жаштагы Алмаз Аликеев аттуу майып экен. Ошол интернаттын кароолчусу кампадан азык-түлүктү уурдап жатканын көрүп калып, ага майыптардын тамагын уурдаба десе, тиги сабап салыптыр. Биз бул боюнча акыйкатчынын өкүлдөрүнө кайрылып, муну изилдөө боюнча топ түздүк. Биздин маалыматтардын негизинде Чүй облусунун прокуратурасы да муну текшере баштады.

Чакан борборлорго муктаждык

12 жылдан бери психикалык оорулуулардун укугун коргоп иш алып барган Бурул Макенбаева бул тармактагы көйгөйдү мыйзамга баш ийбегендин натыйжасы катары баалайт. Анын айтымында, 1999-жылы эле психиатриялык ооруканалар боюнча жаңы мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, көп сандаган оорулуулар жайгашкан мурдагы ооруканаларды жаап, анын ордуна ар бир облуста чакан борборлорду уюштуруу каралган. Бирок мыйзамда көрсөтүлгөн жоболор эч аткарылбай келгенин белгилеген Макенбаева мунун себебин коррупциялык иштерге байланыштырып жатат:

- Мыйзам боюнча мындай ооруканалар өтө чоң болбош керек. Чоң болгондо алар концлагерге айланып жатат. Анын ордуна кадимки үйлөргө окшош, 7-8 адам дарыланган үйлөр болуш керек. Бизде болсо мындан качып, чоң ооруканаларды иштешип келишет. Анткени канчалык көп оорулуу болсо, ошончо чоң каржы которулат. Бул каражаттар болсо ачык-айкын колдонулбай, тескери жолго кетип жатат. Мындан улам кызыкчылык өтө чоң.

Кыргызстанда мамлекеттик психиатриялык ооруканалар менен катар Бурул Макенбаева айтып жаткан үлгүдөгү чакан борборлор да уюштурулган. Алардын бири Бишкекте орун алган "Клуб-үй" аттуу борбор. Борборду түзгөн Зарина Камилова бир убакта психикалык дарттан жабыркап, мамлекеттик психоневрологиялык ооруканада дарыланган. Бирок ал жактан сакайган эмес:

- Мен мамлекеттик ооруканада дарыланып чыккан соң айланамдагы адамдардан чочулап, коомдон өзүмдү кемсинип сезип калгам. Бул жакта болсо биз менен иштеген психологдор, дарыгерлер болушунча эркиндик берип, "силер айыга аласыңар, силер баарын жасай аласыңар” деген ыкма менен дарылашат. Мындан болсо жакшы жыйынтык көбүрөөк экенин сезип жатам. Маселен, биздин борбордун жетекчиси мен, бухгалтери жана жетекчинин жардамчысы айтылган дарттан жабыркап жүргөнбүз.

Саламаттыкты сактоо министрлиги мыйзамга ылайык, чакан ооруканаларга өтүүгө каржынын жетишсиздиги себеп болуп жатканын билдиришүүдө.

Кыргызстанда расмий 63 миңге жакын адам психикалык жактан оорулуу деп табылган. Алардын 10 миңге жакыны ар дайым дарыгерлердин көзөмөлүндө турушат.