Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Улут келечеги элет саламаттыгынан


Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 438 айылда бир дагы медициналык мекеме жок. “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу элет жериндеги саламаттык темасына арналды.

Талкууга саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетов жана “Психикалык саламаттык” коомдук уюмунун төрайымы Бурул Макенбаева катышты.





“Азаттык”: 438 айылда медициналык мекеме таптакыр жок деген маалыматты өткөн аптада өзүңүз айттыңыз, Касымбек мырза. Эмне үчүн жок?

Касымбек Мамбетов: Cоветтер Союзу учурунда эле ал айылдарда ФАПтар болгон эмес. Ал жерде алыстыгына, каржынын жетишпегенине жана элдин санына байланыштуу болуп атат. 500-600 киши жашаса, ал жерге тилекке каршы эч ким ФАП ачпайт. 180-190 айылда жакынкы 3-5 жылдын ичинде жаңы ФАПтарды ачып беришибиз керек.

“Азаттык”: Айылдарда адамдар такыр турбай калгыча жанын карабайт. Бейөкмөт уюмдар тарабынан айылдагы адамдарга өз ден соолугуна кам көрүүдө билим берүү багытында иштер жасалып жүрөт. Сиздер тараптан ушундай иштер жасалдыбы?
Эсептөө палата, Башкы прокуратура текшерип чыккан. Ал жерде менин эч кандай тиешем жок. Мурдагы министрлер кол койгон.

Бурул Макенбаева: Бул – мамлекеттин милдети. Баарын бейөкмөт уюмга жүктөп койгон туура эмес. Бейөкмөт уюмдар мамлекет койгон милдеттерин аткарып атабы, аткарбай жатабы ошону көзөмөлдөйт.

Айылдарда саламаттыкты сактоо тармактарын айылдык администрация аз дегенде бир жылда төрт жолу караш керек. Аларды көзөмөлдөгөн милдет Саламаттыкты сактоо министрлигине жүктөлгөн. Биз эки облуста форум өткөрдүк, калган жети облуста сурамжылоо жүргүздүк. Ошондо бир дагы облуста убагында саламаттык сактоонун маселесин карабаптыр, өзгөчө алыскы айылдарда дарыканалар жок. Саламаттыкты сактоо министрлиги да өзүнүн милдетин аткарбаптыр.

“Азаттык”: Бүгүнкү күндө Саламаттык сактоо министрлигине канча акча бөлүнөт, үстүбүздөгү жылы канча акча бөлүндү?

Касымбек Мамбетов: Бизге 5 жарым млрд. сомдун тегерегинде бөлүнөт. Жылдын аягында бюджетке бекитилген каражаттар ар кандай себептер менен берилбей калат, тилекке каршы. Быйыл өкмөттүн эң жакшы жетишкендиги - дарыгерлердин эмгек маянасын эки жарым-үч эсе, мээрман аймдардын маянасын эки жарым-үч жарым эсе көтөрдү. Бирок, тилекке каршы, капиталдык оңдоо, жумшак, катуу инвентарь, байланыш каражаттарга, унааларды сатып алууга акча берилбейт.

“Азаттык”: Саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн канча акча кайда кетти, канчасы максаттуу жумшалды, канчасы “сол чөнтөктөргө” кетти дегенди сиздер көзөмөл кылдыңыздарбы?
500-600 киши жашаса, ал жерге тилекке каршы эч ким ФАП ачпайт. 180-190 айылда жакынкы 3-5 жылдын ичинде жаңы ФАПтарды ачып беришибиз керек.

Бурул Макенбаева: Биз чөнтөккө кетти деп негиздеп айта албайбыз. Бирок алынган программаларга каршы көп каражаттар кетти деп айта алабыз.

Психиатрия ооруканалардын каражаты жер-жерлерге жиберилиши керек. Касымбек Мамбетовго көп жылдан бери айтып келатабыз, Жакырчылыкты азайтуу фондуна каралган 15 млн. акча ошол кишинин колу менен тескери жакка кетти. Каражаттар койгон максатка эч жеткен жок. Ошондуктан биз бул бирөөнүн дачасына, же тамына кетти деп шектене алабыз.

Касымбек Мамбетов: Эсептөө палата, Башкы прокуратура текшерип чыккан. Ал жерде менин эч кандай тиешем жок. Мурдагы министрлер кол койгон. Андай болгон эмес, андай болгон болсо, мен бул кызматта иштемек эмесмин. Ал жерде республикалык психиатрия борборунун жана Чым-Коргон, Кызыл-Жардагы ооруканалардын капиталдык ремонту боюнча айтылып атат. Ал жерде жетекчилер өзүлөрү кол койот, көзөмөл жүргүзөт, өзүлөрү жооп берет.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG