Бишкекте баскетбол ойногондор көбөйдү

Баскетболдун 3х3 түрү чоң баскетболдон кыйла айырмаланат. Мисалы баскетболдо ар бир командада бештен оюнчу болсо, 3х3 түрүндө бир командада үчтөн киши ойнойт. 

Мелдеш 11-сентябрда башталып, Бишкектеги №29 мектептин баскетбол аянтчасында өттү.

Баскетболдун аталган түрү боюнча мелдештер Кыргызстанда 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. 

Кыз-келиндер арасындагы мелдештер да кызуу жүрдү. Жыйынтыгында Бишкектин "Фаер" командасы жеңүүчү болду. Экинчи орунду "Тим Н", үчүнчү орунду "Гинес 29" командалары ээледи.

 

Өзбекстандын "Три шоколада" командасынын оюнчусу тыныгуу учурунда. "Три шоколада" командасы эркектер арасындагы мелдештерде экинчи орунду ээледи. 

3х3 баскетболунда спортчулар туурасы 15, узундугу 11 метр болгон аянтчанын ичинде ойношот. Ал жерге бир шакекче орнотулат.

Кыргызстандагы эң мыкты баскетболчу Нуртай Субанбеков (солдо) оюн учурунда. Ал 2017-жылы Ашхабадда өткөн Жабык имараттардагы Азия оюндарына катышкан.

"Көк жал" командасынын оюнчусу Нуртай Субанбеков (боз кийимчен) атаандашын алдап өтүп жатат. Эркектер арасындагы мелдештерде "Көк жал" командасы жеңүүчү болду. Аталган команда жалпы жети беттеште жеңишке жеткен. 

18 жашка чейинки уландар арасындагы мелдештерде Кыргызстандын U-18 курама тобу баш байгени утуп алды. Экинчи орунду Hasbik Team, үчүнчү орунду Kumar team командалары ээледи. 

2017-жылы баскетболдун 3х3 түрү Олимпиада оюндарынын программасына киргизилген. 

Бишкекте баскетболдун 3х3 түрүнөн Кыргызстандын ачык чемпионаты жыйынтыкталды. Мелдеш Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган. Анда Кыргызстандан, Өзбекстандан жана Казакстандан жалпы 80 команда күч сынашты.