Олимпиада: спортчуларга жаңы кийим

Бишкекте 2016-жылы Рио-де-Жанейродо (Бразилия) өтүүчү XXXI Олимп жана XV Паралимп оюндарына катышуучу спортчулардын даярдыгы боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги отуруму өттү.

Өкмөттүн маалымат кызамты билдиргендей, отурумга вице-премьер министр Гүлмира Кудайбердиева жетекчилик кылды.

Жыйын жүрүшүндө Кыргызстандан бара турган делегациянын спорттук жана салтанаттуу кийимдердин жаңы үлгүлөрү тааныштырылды.

Кыргызстандык спортчуларда Олимп оюндарына 18, Паралимп оюндарына үч жолдомо бар.

Ушул жылдын февраль айынын аягында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан Олимп оюндарына катыша турган спортчулар үчүн салтанаттуу форманы тигүүгө сынак жарыяланган.

Маалымдалгандай, форма - баш кийим жана түрдүү аксессуарларды камтыган комплектиден туруп, кыргыздын улуттук колоритинде жасалышы зарыл болчу. Сынактын жеңүүчүлөрү 50 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык уткандан тышкары кийим тигүү боюнча келишим түзүү укугуна ээ болмок.

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Төлөсүн Ысыралиев спорттук формалар Испаниянын "Joma" ишканасына, ачылыш аземинде салатанаттуу жүрүштө кийиле турган кийимдер "Дилбар" мода үйүнө таандык экенин билдирди. Анын айтымында, буга чейин кийимдер үчүн бюджеттен 3.5 миллион сом каралган. Балбан Жанарбек Кенжеевтин лицензиясы кайтарылып, делегациянын курамы өзгөрүлгөнүнө байланыштуу бул сумма 4.5 миллион сомго чейин өзгөрөрүн айтууда.

Бразилиядагы Олимп оюндарына бара турган делегациянын курамында 45 адам бар. Спортчуларды жеке машыктыруучулары да коштоп жүрөт. Спорттук кийимдердин баасы 40 миң сом, салатанаттуу жүрүштүн кийими 40 миң сомго жакын суммада бааланат. Машыктыруучулар үчүн спорттук кийимдер 20 миң сомго жакын баада тигилет.

Олимп жана Азия оюндарына катышкан спортчулар буга чейин кийимдин сапатына нааразылыгын билдирип жүрүшкөн. 

Кыргызстандын улуттук спорттук курамасынын кийимдерин айрым спортчулар менен машыктыруучулар 2014-жылы күзүндө Кореянын Инчхон шаарында болгон Азия оюндарында кийүүдөн баш тартышкан. Кээ бир спортчулар кийимдер чоң же тар болгондугун айтышып, Олимпиадалык айылда улуттук курама команданын бирдиктүү формасын кийбей коюшкан.

Буга чейин спорттук товарларды өндүрүүчүлөрдүн Bigser sport ассоциациясы кыргыз спортчуларын форма менен камсыздап келген. Ишкана 1998-жылдан бери беш олимпиадалык оюндарга катышкан спортчуларга кийим тиккен. 
Сүрөттө:  Bigser sport ишканасынын 2012-жылы Лондон шаарында өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышкан кыргыз спортчулары үчүн арналган "Бугу эне" коллекциясындагы спорттук кийимдер.

Bigser Sport ишканасы 1998-жылдан бери беш олимпиадалык оюндарга катышкан спортчуларды кийим менен камсыздаган.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 2014-жылы XXII кышкы Олимп оюндарына спортчу Дмитрий Трелевский менен Сочи шаарында кездешкен учур. Трелевский кийген спорттук кийимдер Bigser Sport компаниясына таандык. Аталган ишкана 25 жыл мурда Бишкекте негизделген. Ишкана өндүргөн продукцияларды Кыргызстандан сырткары Казакстан жана Орусиянын айрым бир курама командалары кийет.