Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны октябрда төрөлөрү күтүлүп жатат

Алты миллионунчу кыргызстандык кыздын энеси Рахат Белекова. Ош шаары. 26-ноябрь, 2015-жыл.

2022-жылы Кыргызстан калкынын саны жети миллион адамга жете турганын Улуттук статистика комитети билдирүүдө. Статком эл жана турак жай фондун каттоонун алдын ала жыйынтыктарын алгандан кийин өлкөнүн калкынын жалпы санын тактоо боюнча иштерди жүргүздү. Маалыматта айтылгандай, Кыргызстандын калкы 1-октябрга карата 6 миллион 995 миң адамга жетти. Ал эми өлкөнүн 7 миллионунчу жараны 20-октябрда төрөлөт деп күтүлүүдө.

"Улуттук статком Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү жана Саламаттык сактоо министрлигинен берилген ыкчам маалыматтарды эске алуу менен өлкөнүн 7 миллионунчу жаранынын болжолдуу төрөлө турган күнүн эсептөөгө киришти. Эсептелген маалыматтар боюнча бул маанилүү окуя быйылкы жылдын 20-октябрына чейин болушу керек", - деп белгиленген аталган мекеме тараткан кабарда.

Соңку жаңыртылган маалыматтарга ылайык, Кыргызстан калкынын саны өсүп жатат. Акыркы жылдары республикада демографиялык процесстер калктын санынын өсүшүнүн жогорку темпи менен мүнөздөлөт.

Өлкөнүн эл жана турак жай фондун каттоонун биринчи этабы 25-марттан 3-апрелге, алыскы тоолуу райондорду камтыган экинчи этабы 23-апрелден 2-майга чейин өткөн. Каттоонун баштапкы жыйынтыгы сентябрь-октябрь айларында, ал эми расмий жыйынтыгы бир жылдан кийин жарыяланары айтылган. 1-августтагы маалымат боюнча Кыргызстандын калкы 6 миллион 977 миң адам болгон.

Кыргыстандын алты миллионунчу наристеси 2015-жылы 25-ноябрында Ош шаарында төрөлгөн. Ал менен катарлаш келген 14 балага президенттин фондунан ар бирине 100 миң сом берилген. (КЕ)

Дагы караңыз

NASA Жерди куткаруу үчүн астероиддин багытын өзгөрттү Байден: Путин Украинага кол салуу менен “толук жаңылыштык” кетирдиИрандагы нааразылык акцияларында өлгөндөрдүн саны 200дөн аштыАба ырайы: күн ачык болот Орусия соттолгон мурдагы күч кызматкерлерин согушка тарта баштады