Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:17

Орусия соттолгон мурдагы күч кызматкерлерин согушка тарта баштады


Украинанын аймагында талкаланган орус аскердик техникасы.
Украинанын аймагында талкаланган орус аскердик техникасы.

“Вагнер” тобунун артынан Орусиянын Коргоо министрлиги соттолгон күч кызматкерлерин Украинадагы согушка тартуу аракеттерин баштады. Бул тууралуу орусиялык "Важные истории" басылмасы иликтөөдө тапкан маалыматтарына таянуу менен жарыялады.

Журналисттер келтиргендей, сентябрда мекеменин өкүлдөрү “кызыл колония” деп аталган абактарга келип кетишти. Рязань облусундагы №3 жана Ставрополь крайындагы №4 түзөтүү колонияларында жалаң мурдагы күч кызматкерлери жазасын өтөшөт.

Согушка тартууга аракет кылган соттолуучулардын жакындарынын айтымында, Коргоо министрлиги аларга Украинанын чыгышында согушуп жаткан “Шторм” батальонуна кошулууга үндөп жатат. Алар дагы алты ай кызмат кылган соң ырайым суроого уруксат берди.

Макул болгондор 11-октябрда түрмөдөн чыгарылып кетти. Ставрополдогу абактан тартылгандардын саны азырынча белгисиз. Рязандагы түрмөдөн кеминде 60 адам согушка кетти.

Украинадагы кармашта Орусиянын армиясы жаз айларында оор жоготууларга учурагандан кийин “Вагнердин жеке аскердик компаниясы” абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаган. Соттолуучуларды азгыруу иштерин компаниянын кожоюну Евгений Пригожин өзү баш болуп жүргүзүп жаткан. Согушка катышууга макул болгон соттолуучулар алты ай алдыңкы сапта жүрүшү керек. Аларга чегинүүгө жана туткунга түшүүгө тыюу салынган. Жарым жылдан соң аман калгандарга ырайым берүүнү убада кылышкан.

Мурдараак интернетте Пригожин абакта сүйлөп жаткан видеосу да тараган. "Важные истории" басылмасы сентябрда кабарлагандай, “Вагнер” тобу ушул маалга чейин 6 миңдей соттолуучуну согушка тарткан.

"Вагнер" менчик аскердик компаниясы олигарх Евгений Пригожинге таандык экени, анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу бир катар маалыматтар байма-бай чыгып жүрөт.

“Вагнер” (“ЧВК Вагнер” - Вагнердин жеке аскердик компаниясы) – орусиялык бейрасмий аскердик түзүм. Топтун жоокерлери бир катар аскердик кылмыштарга шектелип келет. “Вагнер” тобунун негиздөөчүсү жана демөөрчүсү олигарх Евгений Пригожин Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын экенин өзү ырастаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG