Акыркы күндөрү Кызыл-Кыя менен Өзгөндө Сириядагы террордук уюмдар менен байланышы бар куралдуу, радикал топтор кармалды. Өткөн айда да террордук акт жасоого даярданган шектүүлөр кармалганы кабарланган. Мындан улам өлкөдө террордук коопсуздук маселеси талкуулана баштады.
25-августта Улуттук коопсуздук комитети Кызыл-Кыя шаарында жихадчылар жамаатынын үч мүчөсүн кармаганын маалымдады.
"Жамааттын башчысы "Абу Нур" каймана аты бар, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси боюнча соттолгон. Экинчиси П.А.И., Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, мурда Кылмыш-жаза кодексинин 229-беренеси менен соттолгон, жамааттын руханий насаатчысы болуп саналат, С.Бурятскийдин террористтик аудио-видео материалдарын таратат. Кармалгандардын үчүнчүсү К.Д.Р., Кызыл-Кыя шаарында туулган, мурда “Женго” каймана аты бар К.Досоновдун кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон, жамааттын мүчөлөрүнүн күжүрмөн жана дене тарбия даярдыгы үчүн жооптуу. "Абу Нур" кылмыштуу тобу Сириядагы эл аралык террордук уюмдун согушкерлерине материалдык жардам көрсөтүү максатында бир нече жылдын ичинде бир катар каракчылык чабуулдарды жасаган", - деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматында.
Алардын жашаган жерлерин тинтүүдө гранаталар, ок-дарылар жана диний адабияттар табылган.
Андан эки күн мурда, 23-августта Өзгөн районунда да «Жамаат ат-Таухид валь-Жихад» эл аралык террористтик уюмунун 1996-1999-жылы туулган эки мүчөсү кармалганы да маалымдалган. Ош облустук ички иштер башкармалыгы таркаткан маалыматка ылайык, алар «интернет аркылуу үгүт жүргүзүп, экстремисттик материалдарды жайылтып» турушкан.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков Өзгөндө кармалгандар тууралуу буларды билдирди.
«Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул жарандар тууралуу маалыматтарды бир нече айдан бери алып жүрүшкөн. Алардын террордук топтор менен, анын ичинде Орто Азия мамлекеттеринен чыккан террордук топко кошулган адамдар менен байланышы бар экендигин жана алардан такай буйруктарды алып, ал жакка финансылык жардам көрсөтүү үчүн акчаларды топтоп жүргөндүгү маалым болгон. Акыркы маалыматтарыбызга караганда, булар Сирия мамлекетине барып ошол террордук топтор менен биргеликте Сириядагы мамлекеттик күчтөргө каршы күрөшүүнү уюштуруу жана катышуу үчүн барып, бирок Түркия мамлекетинен Сирияга өтө албай кайтып келишкен. Ушундай маалыматтардан улам алардын Кыргыз Республикасынын аймагында эркиндикте жүрүүсү кооптуу экендигин жана алардын куралдуу каршылык көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин эске алып, атайын отряддын кызматкерлери менен биргеликте кармоо жүргүзүлгөн».
Дагы караңыз Өзгөндө террордук уюмдун активдүү мүчөсү деген эки адам кармалдыСоңку беш айдын ичинде Кыргызстанда террордук акт жасоого даярданган бир катар шектүүлөр кармалды. Улуттук коопсуздук комитети алардын баарын тең Сирияда атайын даярдыктан өткөн согушкерлер жана белгилүү эл аралык террордук уюмдардын мүчөлөрү катары сыпаттоодо.
24-мартта атайын кызмат «Жамаат ат-Таухид валь-Жихад» эл аралык террордук уюмунун жанкечти-согушкерин кармаганын кабарлаган. Расмий маалыматка ылайык, ал Сириядагы кыйраткыч даярдыктан өткөн, ар кандай күжүрмөн аракеттерге катышкан тажрыйбалуу согушкер болгон. Кармалган адам уюмдун Сириядагы лидерлеринин тапшырмасы менен террордук акт жасоого жиберилген.
7-июлда УКМК Бишкекте Курман айт намазын окуу маалында террордук акт жасоого ниеттенген эки чет элдикти кармаганын кабарлады. Муну менен катар эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрүнө жардам берген Кыргызстандын жарандары да колго түшүрүлгөн. Кармалган чет элдиктер Сириядан жасалма паспорт менен келишкен. Атайын кызмат алардын Сириядагы согуш талааларында кыйраткыч-террордук даярдыктан өткөнүн жана ага айныксыз далилдер бар экенин билдирген.
Мындан көп өтпөй, 9-июлда Жалал-Абадда «Жамаат ат-Таухид валь-Жихад» эл аралык террордук уюмунун дагы бир тарапкери кармалганы маалымдалган. Анын Курман айт намазында террордук акт жасоо үчүн Сириядан келген эки чет элдикке жардам берүүнү көздөгөнү айтылган.
«Жамаат ат-Таухид валь-Жихад» диний уюму 2016-жылдын 17-мартында террордук уюм деп табылып, Кыргызстандын аймагында ишмердик жүргүзүүгө тыюу салынган.
Дагы караңыз Сириядагы террористтик уюмдарды каржылоого шек саналган жаран кармалдыЭксперттер соңку мезгилдерде Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстанда экстремисттик жана террордук уюмдар активдешип жатканын белгилешет. Алар Сирия, Ооганстан жана Украинадагы кризистик жагдайлар террордук уюмдардын өз кызыкчылыгын алга сүрөшүнө олуттуу түрткү берип жатканын айтышат.
Диний маселелер боюнча эксперт Канатбек Мурзахалилов муну Ооганстандагы кырдаал менен байланыштырды:
«Таухид валь-Жихад» салафиттик-такфириттик уюмдардын катарына кирет. Бул соттун чечими менен Кыргызстандын аймагында тыюу салынган деп эсептелинет. Булар барып «Ислам мамлекети» террордук уюмуна аффилирленген уюм катары эсептелинген террордук уюм. Жалпысынан азыр диний кырдаал Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу бир гана Кыргызстанда эмес, Борбор Азия чөлкөмүндө дагы курчуп баратат. Эң негизгиси - Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу болуп атат. Канчадан бери айтып келатабыз, булардын Кыргызстандагы уктап жаткан уюкчалары акырындап күч алып баратканынын белгиси. Мына кечээ эле Кызы-Кыяда террордук уюмдун мүчөлөрүнүн кармалышы күч органдары үчүн өтө чоң коңгуроо».
Ал эми Улуттук коопсуздук кызматынын ардагери, тарых илимдеринин доктору Болот Абдрахманов Украинадагы кырдаалдан улам пайдалангысы келген эл аралык террордук топтор бар деп эсептейт:
«Террордук акциялар атайын Кыргызстанда күчөп атат деп айта албайм. Бирок, тынч жаткан террордук уюкчалар дүйнө жүзүндөгү кырдаалга байланыштуу активдүү иштерин баштап атышы мүмкүн. Байланышы бар. Эмнеге дегенде бул дүйнө жүзүндө мындай кырдаал болуп атканда сөзсүз өзүнүн таасирин берет. Мисалы, чоң-чоң мамлекеттер Украинага көңүл буруп аткан учурда террордук уюкчалар өзүнүн иштерин активдүү баштайт. Чоң-чоң мамлекеттер, державалар ошол жакка көңул буруп калгандан кийин Сириядагы уюмдар ойгонгонсуп, өзүнүн активдүү ишин баштап, ошону менен колдонуп кала турганы бир жагы. Ушундай бир мыйзам ченемдүүлүк бар».
Коопсуздук боюнча эксперт Артур Медетбеков Ооганстандагы террордук топтор Кыргызстан үчүн ар дайым коркунуч туудуруп турарын эскертет.
«Бүгүнкү күндө Кыргызстандын тероризм-экстремизмге каршы күрөшүүнүн деңгээли көтөрүлө баштады. Бирок, баары бир потенциалдуу түрдө Кыргызстанга терроризм-экстремизм коркунучу бар. Себеби, өзүбүз билебиз, убагында биздин көптөгөн жаштар ошол Сирия, Иракка кетишкен. Ага чейин 90-жылдары «Өзбекстан ислам кыймылы» деген кыймылга кирип, террордук согушкер топтор менен Ооганстанга кетишкен. Эми алардын калдыктары, аларга ишенгендер, жактагандар, алдангандар дагы деле болсо бар. Алар менен азыр дагы катташкандар Кыргызстанда чанда болсо дагы чыгып атат. Демек, потенциалдуу түрдө коркунуч бар. Экинчиден, Ооганстандын жакын жайгашышы, андагы бийликке диний-террордук кыймылдын келиши менен бирге түндүгүндө «Ислам мамлекети» деген кыймыл, мурдагы «Аль-Каиданын» калдыктары, «Ислам Түркстан партиясы» деген чоң бир террордук уюмдар дагы деле болсо даярдыктарын көрүп, коркунуч туудурат».
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экспертиза жана диний уюмдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Айбек Иминовдун айтымында, мыйзамга каршы жазылган диний адабияттарды атайын органдар териштирет.
«Экстремизм маселеси ар дайым актуалдуу маселе. Биз бул боюнча маалыматтык түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзөбүз. Жалпысынан аларга тыюу салынгандыгы тууралуу маалымат беребиз. Мыйзам боюнча Кыргызстандын аймагына кирген диний адабияттар дин таануу эспертизасынан өтүш керек деген талап бар. Көбүнчөсү ислам багытындагы китептер келет, христиан багытындагылар да келет. Өздөрүнүн диний мекемесинде колдоно турган китептер. Биз алардын кайсы уюмга таандык экендигин, мамлекеттик системага, Конституцияга каршы келе турган жери жокпу, ошонусун карайбыз. Эгерде шектүү, тыюу салынган уюмдарга тиешелүүлүгү бар боло турган болсо, тиешелүү мамлекеттик органдарга жолдойбуз».
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалыматына ылайык, 2003-жылдан 2017-жылга чейин Кыргызстанда расмий түрдө 21 диний уюмдун ишмердигине тыюу салынган. Соттук инстанциялар аларды бузуку, экстремисттик жана террордук уюм деп тапкан.