Кыргызстанда педофилдерге жаза катаалдашты

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда балдарга карата зомбулуктун жазасын күчөткөн мыйзам күчүнө кирди. Эми мындай кылмыш жасагандар өмүр бою эркинен ажыратылып, салынган айыптын өлчөмү көбөйтүлөт.

Бир ай мурун 13 жаштагы кыздын зордукталышы коомчулукта резонанс жараткан. Жарандык коомдун өкүлдөрү өлкө бийлигине кайрылып, тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылган. Ушул тапта акыйкаттык издеп, сот отурумдарына катышып жүргөн кыздын атасы "Азаттыкка" жаңы мыйзам тууралуу пикирин билдирди:

"Биздин иш да ушул мыйзамдын алкагында каралса экен деп турам. Мен буга кызыгып, баарынан сурап чыктым. Азырынча белгисиз дешти. Мен үчүн акыйкат чечим өтө маанилүү. Биздин окуя башкаларга сабак болушун каалайт элем. Дагы башка балдар кордолбошу керек".

Кыздын атасынын айтуусунда, секелекти былтыркы жылдын август айынан быйыл февралга чейин эки милиция кызматкери жана дагы эки адам бири-бирине өткөрүп, коркутуп, зордуктап жүрүшкөн. Бул ишти Бишкектин Свердлов райондук соту карап жатат.

Дагы караңыз

"Кызымды колдон колго өткөрүшкөн". Милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналууда

11-августта президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына, Кылмыш-жаза кодексине, Мунапыс берүү негиздери жана анык колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду.

Мыйзамдын демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев социалдык тармактагы баракчасына балдарга жасалган зордук-зомбулук кылмыштары үчүн эркинен ажыратуу каралып, айыптын өлчөмү көбөйтүлөрүн жазды. Ошол эле кезде кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү эскирбейт, ооруга чалдыкканына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда абактан чыкпайт жана эч кандай мунапыс берилбейт.



Кыргызстанда жашы жете электерге сексуалдык зомбулук көрсөтүү фактылары соңку мезгилде кызуу талкууланып келет. Ошол эле кезде зордук-зомбулук боюнча чыккан соттун чечимдери, күч органдарынын аракеттери да сынга алынып келет.

Маселен, жети жыл мурда 13 жаштагы майыптыгы бар кызды зордуктоого алты адам шек саналган. Бишкек шаардык сотунун коллегиясы быйыл 13-июлда айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткендиктен (тогуз жыл) жаза чегерген эмес. Бул окуя коомчулукта нааразы пикирлерди жараткан.

Дагы караңыз Зордукталган секелектер, акталган шектүүлөр

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл (балдар омбудсмени) Асел Чынбаева муну балдарды коргоо жаатындагы реформаларды ишке ашыруу катары түшүндүрдү.

Асел Чынбаева.


"Педофилия боюнча абал курчуп кеткени үчүн ушул мыйзамга кол коюлду. Бул мыйзам гезитке расмий чыккандан кийин гана укук коргоо органдары, сот системасына жиберилет. Демек, алар ушул мыйзамдын алкагында иштөөгө милдеттүу болушат. Бизде атайын маалымат тобу бар. Ал топ мыйзамды элге түшүндүрүү иштерин жүргүзө башташты".

Кылмыш жана жаза кодексинин 154, 155-беренелеринде "Зордуктоо же сексуалдык мүнөздөгү аракеттер" он төрт жашка толо элек балага карата жасалса, 15 жылга эркинен ажыратылат же өмүр бою кесилиши керек.

Аялдар жана балдар укуктары боюнча юрист Есения Рамазова соңку бир ай ичинде эле балдарга кабылган сексуалдык мүнөздөгү үч кылмыш иши боюнча сот отурума катышкан. Ал кол коюлган мыйзам юристтердин ишин жеңилдетет деп эсептейт:

Есения Рамазанова.

"Балдар укуктары боюнча иштеген юристтер үчүн мунапыс жана кылмыш мөөнөтүнүн алынып салышы - чоң жеңиш. Негизи эле педофилияны сотто аныктоо өтө оор. Бул жерде негизги жабырлануучу бала болуп эсептелет. Мындай иштерде адатта балдар жаап жашырып, эч кимге айтпашы мүмкүн. Ошол эле кезде аларды эскпертизадан өткөрүү, көрсөтмө алууда да укуктары бузулган учурлар көп кездешет".

Дагы караңыз "Бир сутка зордук көрүптүр". Дагы бир кыздын ата-энеси коомго кайрылды

Август айынын башында Чүйдө дагы бир жашы жете элек кызды зордуктоо фактысы катталып, анын ата-энеси коомчулукка жардап сурап кайрылган. Он алты жаштагы кыз ушу тапта "Балдарды коргоо лигасы" уюмунун көзөмөлүндө. Анын жетекчиси Назгүл Турдубекованын пикиринде, жаңы мыйзамдагы өзгөрүүлөр көйгөйдү алдын алуунун бир эле жолу.

"Бир гана жазага тартуу менен көйгөйдү чечүүгө мүмкүн эмес. Маселени алдын алуу үчүн социалдык кызматкерлердин санын көбөйтүп, алар күнү-түнү иштеш керек. Балдардын абалы, жашоо шарты, мектепте сабакка катышканы тууралуу маалымат болуш керек. Ошол эле кезде мыйзамдагы чаралар тууралуу жалпы коомчулукта, балдардын өздөрүндө да маалымат болушу абзел. Алар өз укуктарын билиши шарт. Албетте, өмүр бою эркинен ажыратылат деген жаза кылмышкерлердин санын азайтышы мүмкүн, бирок аны менен катар комплекстүү иш-аракеттер жүрүшү кажет".

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2021-жылы балдарга карата 3034 кылмыш иши катталган, анын 500гө жакыны сексуалдык зомбулукка байланыштуу.