Кытай өкмөтү Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам катары COVID-19га каршы 150 миң доза «SinoPfarm» вакцинасын акысыз берди. Саламаттык сактоо министрлиги эмдөө март айынын аягы, апрелдин биринчи күндөрү башталарын кабарлады. Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргызстан эмдөөдөн кечиккен жалгыз мамлекет.
Париж шаарында жашаган мекендешибиз Жазгүл Сманова Кыргызстандагы ата-энеси үчүн кабатыр. Ал Кыргызстан качан вакцина алат жана аны кандай шартта сактап, эмдегенде кандай кепилдик берилет, деген суроого жооп издеп социалдык тармакта суроо салган.
«Францияда акыркы 2 ай ичинде өлкөнүн калкына вакцина жеткирүү бул эң башкы саясий жана социалдык маселе болуп жатат. "AstraZeneca" жана башка вакцинанын түрлөрүнө жаңыдан баа берип, кичине кечигүүлөр болууда. "Кыргызстанга качан вакцина жетет? Ата-энебизге качан вакцина алып берсек болот? Бул социалдык колдоо иретинде берелеби же коммерциялык негизде каалаган адам сатып ала алабы? Вакцина алган күндө ал кандай шартта сакталат, кандай кепилдик берилет? Ата-энебизге кандай кылып кам көрсөк болот?" деген суроолор менин аябай санаага салып жатат», - деди ал “Азатыкка”.
Дүйнөдө азыр COVAX программасынын алкагында жакыр өлкөлөргө коронавируска каршы вакциналар жеткирилүүдө. 2020-жылы Кыргызстан да бул уюмга коронавируска каршы 1 млн. 200 миң доза вакцина алыш үчүн кайрылып, колдоо тапкан.
Ага ылайык Кыргызстандын 20% калкы эмделмек. Бирок ушул күнгө чейин СOVID-19га каршы эмдөө баштала элек.
Дагы караңыз Коронавирус кыйнаган бир жыл: араңжан экономика, кечиккен вакцинаКыргызстан COVAX программасынын алкагында "AstraZeneca" вакцинасын алмак. Бирок анын натыйжалуулугу боюнча талкуулар күчөп кеткендиктен Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги алууну токтотуп койгону 18-мартта белгилүү болду.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев вакцинаны алуу үчүн клиникалык изилдөөлөрдүн үчүнчү этабын күтүү зарыл экенин, жалпы COVAX программасы менен 1,2 млн. доза вакцина алса болорун айткан.
«Биз "AstraZeneca" чыгарган вакцинаны ала турган болгонбуз. Аны -18, -20 градуста сактаса болот экен. Мындай муздаткычтар бизде бар, жетпегенин сатып алып жатабыз. Март айында бул вакцинаны алып, эмдөөнү баштамакпыз. Бирок "Дания, Венгрия баштаган Европадагы өлкөлөрдө бул вакцинаны сайгандан кийин адамдардын абалы начарлап, өлүмгө учураган учурлар болду" деген кабарлардан улам биз COVAX тутуму менен сүйлөшүп, мунун себеби аныкталгыча вакцина алууну токтотуп койдук», - деген Бейшеналиев.
Анткен менен ушул эле күнү, тагыраагы 18-мартта, Европа Биримдигинин дары-дармек агенттиги (EMA) “AstraZeneca” вакцинасын коронавируска каршы эмдөө заты катары "коопсуз жана натыйжалуу" деп тапкан.
19-мартта Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү Оксфорд университети менен «AstraZeneca» компаниясы өндүрүп жаткан вакцинаны эмдөөдө колдонууну кайра жандантышты.
Медицина жаатындагы көйгөйлөрдү жазып жүргөн эксперт Айбар Султангазиев Кыргызстан "AstraZeneca" вакцинасын алууну токтотуп койгонун кубаттап, буларга токтолду:
«Кытай өзүнүн вакцинасын бизге акысыз берип, рекламалап жатат. Эгер алар деле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан уруксат алса, кымбат баада сата баштайт. Ал эми "AstraZeneca" вакцинасын жүрөк же кан-тамыр оорусу барларга сайганга болбойт экен. Кыргызстанга келсе өзүңүздөр билесиздер, эч нерсени текшербей туруп эле сайып башташат. Ошондуктан "AstraZeneca" вакцинасын толук изилдөөлөр болмоюнча коё туруш керек. Ал эми биздин мамлекет жарандарга вакцина алып берүү үчүн каражат бөлүшү керек. Бай мамлекеттер өз жарандарына вакцинаны сатып берип жатат. Биздин бийлик акча жок деп донорлорду издеп жүрөт. Каражат жок дейт. Бирок ошол эле учурда үчүнчү шайлоо өткөнү жатат. Ар бир шайлоого кеминде 500 миллион сом кетип жатат. Ошол акчага элге вакцина алып бериши керек. Болгондо да сапатуу, изилдөөдөн өткөн вакцинаны алып бериши абзел».
Жарандык активист Азим Азимов Кыргызстанга эмдөө жараянын тез арада баштоо өтө зарыл экенин, анткени өкмөт бай мамлекеттердей карантиндик чектөөлөрдү киргизе албасын айтты.
Ал бир аз убакыттан кийин вакцина тартыш болуп калышы мүмкүн экенин эскертип, кыргыз бийлигин кенебестиги үчүн сындады:
«Казакстанга вакциналар жеткен. Жада калса алар вакциналарды өздөрү жасай баштады. Февраль айынан баштап эмдөө жүрүп жатат. Өзбекстанга да вакцина келген. Кыргызстанда болсо "Вакцина качан келет, кайсы вакцинаны колдонобуз, ошол вакциналар кимге жетет?" деген негизги сурооолорго жооп ала элекпиз. Мен, мисалы, Кыргызстандын жараны катары биздин өкмөттөн эмес, керек болсо чет өлкөдөн барып вакцина сатып алып, өзүмдүн ата-энемди эмдетет элем. Тилекке каршы, андай жолдор да жок экен. Мамлекет өз милдетин аткарбай жатат. Бирок ошол эле учурда вакцина алып келебиз деген жеке компанияларга да шарт түзүп бербей жатат».
Медицина жаатындагы эксперт Бермет Барктабасова эмдөө ар бир жарандын каалоосу менен болушу керек деген ойдо. Адис азыркы учурда вакцина алуу үчүн жарнаманын жана дүйнөлүк бизнестин курмандыгы болбоого чакырды.
«Азыр эми мамлекеттер топ-топко бөлүнүп калышты. Ар бир өлкө өзүнүн вакцинасын сунуштап жатат. Вакцинадан түшкөн каражат 100 млрд. доллардан ашып кетиши мүмкүн. Мындай акчаны ар бир мамлекет өзүндө калтыргысы келет. Вакцинанын түрү чыкты. Мисалы, Орусия "Спутник V" вакцинасы менен өз элин эмдеп, башка мамлекеттерге да саткысы келет. Бир эле Орусия эмес, вакцина чыгарган башка мамлекеттер да ушундай максатты көздөйт. Кыргызстандыктар чет жакка чыга баштаганда ар бир өлкө өзүнүн вакцинасы менен эмделген адамды киргизиши мүмкүн. Эң башкысы эмдөө маалында адамдын укугу бузулбашы керек. Мажбурлап эмдеген туура эмес. Анан калса Кыргызстанда вакцина алгандан качкандар көп. Мисалы, сасык тумоого каршы 3 млн. долларга 700 миң доза вакцина сатып келишкен. Бирок анын 1,4 бөлүгүн колдонуп, калганы турат», - деди медицина жаатындагы эксперт Бермет Барктабасова.
Кыргызстанда акыркы жумада коронавирус жуккандардын саны көбөйүп, күнүнө 80-90дой адамдан табылууда.
Буга байланыштуу 20-мартта биринчи вице-премьер-министр Артём Новиковдун катышуусунда ыкчам штабдын жыйыны болуп өттү. Анда коронавирус инфекциясы кайра жайылып бара жатканы тууралуу маалымат берилди. Биринчи вице-премьер-министр эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна даярдык көрүүнү, медициналык мекемелерди алдын ала даярдоону тапшырды:
«Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал акыркы жумада начарлаганы байкалып жатат. Ар бир облустагы, айыл өкмөттөрдөгү медициналык мекемелер элдин саламаттыгына жакшылап көзөмөл кылып, коронавирус инфекциясынын деңгээлин текшерүүгө тийиш. Кырдаал начарлап кетсе кошумча коргоо чаралары көрүлөт. Ооруканалардын дары-дармектер менен камсыздалып, дары-дармек запасы дарыканаларда дагы эки айлык мөөнөттөн азайтылбашы керек».
Артём Новиков ошондой эле дары-дармектин баасы да мамлекеттик көзөмөлдө болорун эскертип, кийинки жумада бул маселе фармацевтикалык ишканалардын ээлери менен талкууланарын билдирди.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жарандар өзүнүн саламаттыгына жоопкерчиликтүү болуп, беткап тагынууга, социалдык аралыкты сактоосу жана башка тиешелүү талаптарды так аткарууга тийиштигин, зарылчылык болсо массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө салууну сунуштады.
Дагы караңыз
Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиCOVID-19: Акыркы суткада 46 адам сакайды COVID-19: Кытай Кыргызстанга 150 миң доза вакцина берди Вирус сынаган кыргыз медицинасыКоронавирус кыйнаган бир жыл: араңжан экономика, кечиккен вакцинаСаламаттык сактоо министрлигинин 21-марттагы жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1490 кишини түздү.