Өткөн жылы Кытайдын Ухань шаарында катталган коронавирус илдети Кыргызстанды да кыйгап өткөн жок.
Илдет жаз менен кошо келип, медицинанын, билим берүүнүн абалы кризиске кептелгенин, экономиканын чамасы чак экенин көргөздү.
Дүйнөнүн жана Борбор Азиянын айласын кетирген коронавирус пандемиясы тууралуу баян.
Кытайдан чыккан COVID-19 инфекциясы дүйнөгө тарай баштаганда кыргыз өкмөтү оорунун алдын алуу үчүн чара көрө баштаган.
Чек ара өткөрмө бекеттеринде санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлүп, ыкчам штаб түзүлгөн.
23-январдан баштап Кытай менен каттам токтогон. 25-январда Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб түзүлгөн.
Аэропорттордо адамдын дене табын текшерүүчү тепловизорлор колдонулуп, чек арада санитардык көзөмөл пункттары уюштурулганы маалымдалган.
2020-жылдын 27-январында өкмөт жыйын өткөрүп, анда коронавируска байланыштуу кырдаал жана ага даярдык талкууланган.
«"Торугарт" жана "Эркечтам" бекеттери Кытайдагы Жаңы жылга байланыштуу жабылат, бирок биз чектөөнү күчөттүк. Ал жерде адамдардын кыймыл-аракети да, өндүрүм ташып келүү да токтоду», - деген жыйында ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.
2-февралда Кыргызстан оорунун очогуна айланган Ухань шаарындагы 18 жаранын алып келген.
Саламаттык сактоо министрлигинин ошол кездеги маалыматында 28-январдан 3-февралга чейин Кытайдан Кыргызстанга 250 киши келген. Анын ичинен 24ү Кытайдын, бирөө башка мамлекеттин, калгандары Кыргызстандын жарандары болгон.
Базардагы дүрбөлөң
Март айында социалдык тармактарда чек аралар жабылып, коомчулукта тамак-аш тартыштыгы болору тууралуу маалыматтар тарап кеткен.
Буга байланыштуу базарларда, дүкөндөрдө азык-түлүк сатып алган адамдардын саны көбөйгөн. Бул өз кезегинде күнүмдүккө керектүү товарлардын баасын кымбаттаткан. Базарларда ун тартыш болуп, бир кабынын баасы 2 миң сомго чейин көтөрүлгөн.
Мындан улам кыргыз өкмөтү азык-түлүктүн айрым зарыл түрлөрүнүн баасын үч ай бою тескөөнү чечкен. Атайын токтомго ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 16-мартта кол койгон.
Өкмөт ушул эле күнү массалык чогулууга, той-аштарга жана куран окутууга тыюу салган. 17-марттагы токтомго ылайык, Бишкектеги кинотеатрлар, оюн-зоок аянтчалары убактылуу ишин токтоткон.
16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылган. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынган.
Умрадан келген вирус
Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штаб коронавирус катталган өлкөлөрдү башында үч, кийин эки категорияга бөлгөн.
Ага ылайык, биринчи категорияга Кытай, Италия, Иран, Испания, Түштүк Корея, Германия, Франция, АКШ, Швейцария, Англия, Голландия, Норвегия, Швеция, Белгия жана Австрия кирмек. Башкача айтканда, кайсы өлкөдө коронавирус жугузган миңден көп адам катталса, алар биринчи категорияга кирген. Экинчи топко вирус катталган өлкөлөрдүн баары кошулган.
Биринчи категорияга кирген өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктар атайын даярдалган ооруканаларда 14 күнгө чейин обсервацияда жатса, экинчи категориядан келгендери эки жумага үй карантинге алына турган болгон.
Бирок COVID-19 инфекциясы өлкөгө кыргыз бийлиги биринчи топко киргизип, сактанып аткан коңшу Кытайдан эмес, таптакыр күтпөгөн аймактан келген.
2020-жылы 18-марттын таңында ошол кездеги саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирус Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан кайткан үч кишиден табылганын кабарлаган.
Чолпонбаев вирус табылган адам менен бирге учакта 135 адам учуп келгенин, учурда алардын ичинен 90 киши обсервацияга жаткырылганын кошумчалаган. Ооруган адамдар менен байланышта болгондор жана учактын башка жүргүнчүлөрү аныкталып жатканын айткан.
Жалал-Абад облусунан алынган расмий маалыматка караганда, умрага барып келгендер менен жолугушкан 1122 адам (айылдаштары жана туугандары) да такталып, тийиштүү иштер жүргөн.
18-мартта Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген. Бир күндөн кийин 19-мартта Ноокатта да коронавирус жуккан үч адам аныкталып, бул райондо да өзгөчө кырдаал жарыяланган.
Оор күндөрдүн башталышы
22-марттан тарта бүткүл Кыргызстанга өзгөчө кырдаал кирген. Коомдук транспорттордун каттамына чектөө киргизилген. Ош шаары мындай чечимди 20-мартта кабыл алган.
24-мартта Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб вирус 24 адамдан чыкканын кабарлаган. Өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 42 адамга жеткен.
Буга байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Тиешелүү жарлыкка мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков 24-мартта кол койгон.
Өзгөчө абал жарыяланган аймактарга Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматкерлери киргизилген. Ал аймактарда саат кечки 8ден эртең мененки 7ге чейин коменданттык саат жарыяланган.
Карайлаткан карантин
31-мартта Коопсуздук кеңешинин чакан форматтагы жыйыны өткөн. Анда мурдагы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков республикалык штаб менен Саламаттык сактоо министрлигинин илдеттин жайылышына каршы аракеттерин сынга алган.
Президенттин сынынан кийин берген арыздарына ылайык 1-апрелде Алтынай Өмүрбекова вице-премьер-министрликтен жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматынан кеткен. Ошол эле күнү Аида Исмаилова вице-премьер, Сабиржан Абдикаримов саламаттык сактоо министри болуп дайындалган.
Коопсуздук кеңеши жогоруда кызматтан кеткен жетекчилердин жоопкерчиликсиз мамилесинен улам өлкөдө оор кырдаал жаралганын билдирген.
Түркиянын Стамбул, Анкара шаарларында, Орусияда кыргыз жарандары жумушун жоготуп, мекенге кайта албай жатканы боюнча даттануулар көбөйгөн. Карантинге байланыштуу үйүнө кайтып келе жатып жолдо калган мигранттар алып кетүүнү суранып, өкмөткө байма-бай кайрылуу жолдоп турушкан.
Карантинде ишсиз отургандар көп болгондуктан азык-түлүк сурагандар көбөйгөн. Өнөкөт оорусу барлар дары-дармек тартыштыгынан жабыркап, ооруканага жетпей кыйналган. Үй-бүлөлүк зомбулук күч алып, өз жанын кыйган учурлар катталган.
Аймактарда интернеттин начарлыгынан, телефон, компьютер тартыштыгынан улам аралыктан билим берүү аксаган.
Эл арасында социалдык тармактар аркылуу ар кандай сөздөр тарап, айрымдарын мурдагы бийлик видео аркылуу кечирим сураткан учурлар катталган.
Июлдагы апаат
3-апрелде Кыргызстанда коронавирус жуккандан кийин каза болгон алгачкы бейтап катталган. Май айында алардын саны 10го жеткен.
Июнь айынын башында Кыргызстанда карантиндик чектөөлөр алынып, эл кадимки жашоого кайткан. Эл арасында коронавирусту төгүнгө чыгарган аңыз кептер тарап кеткендиктен беткап тагынуу, аралыкты сактоо, эл чогулган жерге барбоо өңдүү ж.б. карантиндик чаралар сакталган эмес.
Мындан улам июнь айынын аягында коронавирус жугузуп алгандар да, каза болгондор да кескин көбөйгөн. Коронавируска тапшырган анализдери таза чыгып, бирок пневмония менен ооругандардын катары калыңдаган.
30-июнда бир күндө жети бейтап каза тапкан. Ооруканалар толо баштаганына байланыштуу 5-июлда Бишкекте күндүзгү стационардык борборлор ачылган.
17-июлдан тартып коронавирус менен пневмонияны чогуу эсептөөгө өткөн. Мына ошондон кийин Кыргызстанда абал канчалык оор экени айкын болгон. Ага чейин коронавирустан каза болгондордун саны 173 киши деп саналган болсо, 18-июлда 900 киши деп эсептелген.
22-июлда АКШдагы «The New York Times» басылмасы акыркы бир жуманын статистикасын анализдеп, коронавирустан көз жумгандардын саны боюнча Кыргызстан биринчи орунда экенин билдирген.
Бул маалда чындап эле ооругандардын көпчүлүгү биринчи медициналык жардамга жетпей, ооруканага жеткени менен ал жакта орун табылбай, бейтапкананын короосунда, жакындарынын көз алдында үзүлгөн учурлар катталган. Абал бир күндө 70-80 адам кайтыш болгонго чейин жеткен.
Айрым айылдарда эл жапырт ооруп аткандыктан көр казганга киши табылбай калган учурлар болгону айтылган.
Клексан, гепарин баштаган дарылардын баасы асман чапчып, медициналык жайларда томографиядан жана рентгенден өтүү үчүн адамдар сааттап кезек күтүүгө туура келген.
30-июлда Кыргызстан коронавирус курмандыктарына байланыштуу аза күтүү күнүн жарыялаган.
Илдет карапайым адамдардан тарта кыргыз интеллигенциясынын бир катар таанымал өкүлдөрүн да алып кетти. Алардын арасында "Азаттык" радиосунда көп жыл иштеген, белгилүү тележурналист Бүбүкан Досалиева да бар болчу.
«Азаттык» радиосу коронавирустан каза болгон кыргызстандыктар көбөйгөн кезде «Пандемия: Кимди жоготтук?» тизмесин түзгөн. Ал ушул күнгө чейин толукталып келет.
Коронавирус катталган күндөн бери бир жыл өтсө да, андан каза тапкандар күн алыс катталууда.
Саламаттык сактоо министрлигинин эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1485 кишини түздү.
Медиктердин жана ыктыярчылардын эрдиги
2-майда Бишкекте коронавирустан дарыгер каза тапкан биринчи учур катталган. №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси, 58 жаштагы Жүзүмкан Көкүмбаева Бишкектеги Жугуштуу оорулардын клиникалык ооруканасынан үзүлгөн.
Кыргызстан бул апаатта илдет менен күрөшкөн 104 медицина кызматкерин жоготту. Алардын өлүмү кыргыз медицинасынын абалы жардын кырында экенин кашкайтып көргөздү.
Медицина кызматкерлери коронавирус жаңы келгенде транспорттон, жеке коргонуучу каражаттардын жетишпегенинен кыйналды. Мунун айынан көбүнө коронавирус жугуп, бейтапканалар карантинге жабылган учурлар болду.
Аймактардагы ФАП, бейтапканалар аянычтуу абалда экени, дем алдыруучу аппараттар тартыш экени кабарланып жатты.
Илдет күчөгөн июль айында кыргыз өкмөтү Медициналык академиянын жогору курста окуган студенттерин ишке тартууга аргасыз болду.
13-июлда Бишкекте ачылган күндүзгү стационардын ыктыярчысы, Медициналык академиянын 5-курсунун студенти, 22 жаштагы Адинай Мырзабекова каза тапты. 11 күндөн бери абалы орто жана жеңил бейтаптар тейленүүчү «кызыл зонада» иштеп жаткан кыздын абалы 13-июлда кескин начарлап кеткен.
15-июлда президенттин жарлыгы менен Мырзабековага «Эрдик» медалы ыйгарылган.
Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы жаңы сейил бакка коронавируска каршы күрөшкө салым кошкон дарыгерлердин жана ыктыярчылардын элесине арнап Адинай Мырзабекованын аты ыйгарылган.
Ушул жерден айта кетүү керек, коронавирус менен күрөштө ыктыярчылардын салымы да зор болду. Алар өз өмүрүн тобокелге салып элге азык-түлүк ташыды, кычкылтек концентраторлорун орнотуп, элге керектүү дары-дармекти акысыз таратып, күндүзгү стационарда иштеген медиктерди тамак-аш менен камсыздап турушту.
21-июлда мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков ыктыярчылардын бир даарын чогултуп, сын пикирин, сунуштарын уккан.
Коронавирустун экономикага жана саясатка тийгизген таасири
Эл аралык валюта корунун эсебине ылайык 2020-жылы глобалдык экономика 3,5 пайызга артка кетти.
Ал эми Кыргызстандын ички дүң продукциясы 8,6% кыскарып, Борбор Азияда экономикасы эң чоң төмөндөөгө учураган өлкө болуп калды.
Расмий Бишкек коронавирус менен күрөшүү үчүн чет элдик донорлордон жалпы 774 миллион долларлык жардам сураган. Мунун 343 миллион долларын алган.
Учурда Кыргызстанда тамак-аштын баасы кымбаттап жатат. Өкмөт жакынкы күндөрү бааны көзөмөлгө алууга убада берүүдө.
Коронавирус кайсы бир деңгээлде өлкө тарыхын өзгөртүүгө түрткү болду. Кыргыз бийлигинин пандемия шартында парламенттик шайлоо өткөргөнү, анын жыйынтыгы менен айрым партиялардын жеңип чыгышы 4-5-октябрдагы элдик толкундоолорго себеп болду.
Мунун жыйынтыгы менен 15-октябрда мурдагы президент кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетип, анын ордуна тарапташтары абактан бошотуп алган саясатчы Садыр Жапаров келди.
Жаңы бийлик 2021-жылдын 11-январында президенттик шайлоо өткөрүп, анын жыйынтыгы менен Садыр Жапаров өлкө тагдырын колуна алды.
Коронавирустун билим берүүгө таасири
Азыр Кыргызстан боюнча мамлекеттик, муниципалдык 2152 мектептин 2019у толук ачылды. Учурда Бишкек шаарындагы мектептерде окуу жарым-жартылай жүрүп жатат.
Карантин башталганда интернеттин, үй-бүлөрлөрдө телевизордун жетишсиздиги кыйынчылык туудурду. Муну менен бирге мугалимдердин компьютер, интернет менен иштөөсүндө бир катар көйгөйлөр келип чыкты. Дагы бир эң оор өксүк - үй-бүлөдөгү зомбулук экени байкалды.
Жакында эле Кыргызстандын Улуттук статистика комитети коронавирус илдетинин калкка тийгизген таасирин изилдөөнүн алкагында “COVID-19дун үй кожолуктарына тийгизген таасири” деген аталыштагы көз карандысыз сурамжылоо жүргүзгөн. Анда жооп бергендердин 32% онлайн окуу процессине нааразы экенин билдиришкен.
Изилдөөдө аралыктан окутууга 7-17 жаштагы балдардын болжол менен 83 пайызы тартылганы камтылган. Ата-энеси онлайн режиминде окуу процессине канааттанбаган балдардын үлүшү 78% түзгөн.
Эмдөө... Кечиккен Кыргызстан
Дүйнөдө азыр COVAX программасынын алкагында жакыр өлкөлөргө коронавируска каршы вакциналар жеткирилүүдө.
2020-жылы Кыргызстан да бул уюмга коронавируска каршы 1 миллион 200 миң доза вакцина алыш үчүн кайрылып, колдоо тапкан. Ага ылайык Кыргызстандын 20% калкы эмделмек.
Бул багытта өлкөгө «Pfizer/BioNTech» компаниясы өндүргөн вакцина акысыз сунушталганы менен кыргыз өкмөтү «аны -70 градус температурада cактай турган муздаткыч жок болгондуктан алып келүү мүмкүн эмес» деп баш тарткан.Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри буга чейин Кыргызстан ушул программанын алкагында "AstraZeneca" вакциналары март айында келерин, эмдөө жараянын баштарын кабарлаган.
«Алгач болуп, дарыгерлер, мугалимдер жана милиция кызматкерлерин эмдөөнү пландап жатабыз. СOVAX программасынын алкагында 1 млн. 200 миң доза вакцина алган жатабыз. Алардын баары эсептелген. Негизи 3,5-4 млн. доза вакцина келсе, биз эмдөө ишин ыкчам уюштурууга даярбыз. Эки ай ичинде эмдөөнү уюштурса болот. Анткени, ар бир райондогу ооруканалар, фельдшердик-акушердик пункттар даярдалды. Улуттук программанын алкагында иш жүрүшү керек», - деген саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Азаттык" радиосуна курган маегинде.
Учурда дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү "AstraZeneca" вакцинасы менен эмдөөнү убактылуу токтотуп жатат.
24-25-февралда президент Садыр Жапаров Орусияга алгачкы иш сапары менен барганда бул өлкө өндүргөн "Sputnik V" вакцинасын алуу тууралуу сүйлөшүү болгон.
Анткен менен өлкөдө эмдөө баштала элек. Учурда Кыргызстан Борбор Азияда илдетке каршы вакцина албаган, күтүү режиминде отурган жалгыз өлкө бойдон турат.
Коронавирус Кыргызстанда катталганга бир жыл толгон ушул жумада Саламаттык сактоо министрлиги вирус кайрадан күчөп кетиши толук мүмкүн экенин эскертти.
Ушу тапта дүйнөгө COVID-19 илдетинин вакцинаны тоготпогон жаңы штаммдары тарап жатат. Мындан улам айрым өлкөлөр карантиндик чараларды кайра киргизүүгө аргасыз болууда.
Кыргызстанда болсо Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб жоюлган. Илдеттин жаңы толкуну каптаса, аны менен күрөшүү планы жана каражат маселеси чечилбегенин адистер кулак кагыш кылышууда.
Ал арада соңку жумаларда коронавирус жугузгандардын саны кайра көбөйө баштады. Коронавирустун курмандыгы болгондор күн санап катталууда.
Ошого карабай аралыкты сактоо, беткап тагынуу жана элди чогултпоо ж.б. коопсуздук чаралары сакталган жок.
Бул күндөрдүн кесепеттери, алдыда кандай күндөр күтүп турганын жана мамлекет пандемиядан кандай сабак аларын убакыт көргөзөт.
11-мартта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирусту пандемия деп жарыялаган. Илдеттен дүйнө жүзүндө 2 миллиондон ашуун адам каза болду.