Зардалыдагы мугалим жеңенин түйшүгү
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Телебаяндарыбызды Баткендин борборунан 130 чакырым алыс, жолу катаал Зардалы айылындагы турмуш тууралуу баян менен баштайын. Тоо коюнундагы Зардалы айылында туруктуу отуздай гана үй-бүлө жашайт. Алардын арасында балдары менен турган Гүлайым Эргешова да бар. Ал мектепте мугалим болуп иштейт. Күйөөсү Орусияда иштеп жүргөндүктөн үйдөгү түйшүктүн баары Гүлайымдын мойнунда. Кышы узак, электр энергиясы жок, автоунаа каттабаган Зардалыдагы мугалимдин турмушу азыр сиздерге тартуулана турган тасмада камтылган. Гүлайымдын жашоосу Зардалыдагы бардык үй-бүлөнүн тиричилигине окшош.