“Замандаштагы” ажырым

"Замандаш" партиясынын желеги.

Эмгек мигранттарынан куралган “Замандаш” ассоциациясы “Замандаш” саясий партиясы менен эч кандай байланышы жок экенин айтып чыкты.

Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Москвадагы кыргыз диаспорасынын белгилүү өкүлдөрүнүн бири Руслан Эшимов коомчулукту “Замандаш” деген окшош аталыштагы ассоциация менен партияны ажырата билүүгө чакырды:

Руслан Эшимов.

- “Мигранттардын көйгөйлүү маселелерин чечиш үчүн бийлик бутактарында “замандашчылардын” өкүлдөрү болушу керек экен” деген чечим менен 2007-жылы “Замандаш” саясий партиясын түптөгөнбүз. Партия ошондон бери эле Кыргызстандын ичиндеги саясий иштер менен алектенип келет. Ал эми “Замандаш” ассоциациясы эч кандай саясий иштерге аралашпай, чет жакта жүргөн кыргыз мигранттарынын маселелерин чечкенге аракет кылып жүрөт. Бул эч кандай саясатташпаган коомдук уюм.

Ассоциациянын быйыл ноябрь айында жаңы шайланган төрагасы Абдирасул Айдаровдун айтымында, акыркы кезде мамлекеттик органдар, өкмөттүк эмес уюмдар ассоциацияны партия катары кабыл алып жатышат. Муну ал президенттин акыркы жарлыгы менен бекиген кеңешмеге ассоциациядан өкүлдөр кирбей, “Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун кирип калганы менен негиздеди:

Абдирасул Айдаров.

- Президенттин жарлыгы менен мигранттардын маселесин караган кеңешме түзүлүп, иштегени жатат. Бирок бул кеңештин курамына “Замандаш” ассоциациясынын мүчөлөрү кирбей калыптыр. Биз бул боюнча президентке кат жаздык. Буюрса ал кеңешти колдоп, чогуу иштеп, салымыбызды кошобуз.

Кеңешке “Замандаш” коомдук фондунун атынан мүчө болгон саясатчы Жеңиш Молдокматов өзүнүн мүчө болуп калышын партиянын мигранттар менен жандуу иш алып барып жатканы менен байланыштырды:

- “Замандаш” ассоциациясы бир нече жылдан бери мигранттар менен иштебей калган же иши жай жүрүп жатат. Ал эми кеңешке ким кандай иш кылып жатканы каралып, тандалып алынат да. Чынын айтсам, ал кеңешке менин кирип калышым күтүүсүз болду. Мени ага киргизишет деп өзүм деле ойлогон эмесмин. Эгер калыс карап көрсөңөр, биз мигранттар менен эң жигердүү иштегендердин катарына киребиз. Чоң-чоң көйгөйлүү маселелерди көтөрүп келе жатабыз. Мурун бирин-экин гана маселелерди айтып келсек, азыр комплекстүү иштерди жасоого өттүк.

Молдокматов ошол эле учурда “Замандаш” партиясы менен ассоциациянын иши эки башка экенин ырастады. Анткен менен ассоциациянын лидерлери "коомчулукта Молдокматов эки уюмду тең жетектейт" деген кеп тарап жатканын айтышууда.

“Замандаштын” айланасындагы мындай талаш-тартыштарды байкоочулар 2020-жылы күтүлүп жаткан парламенттик шайлоодо мигранттардын добушуна кызыккан тараптардын аракеттери катары баалап жатышат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков “Замандаш” боюнча өз оюн ортого салды:

Равшан Жээнбеков.

- “Замандаш” партиясынын азыркы жана акыркы 10-15 жылдагы образы окшош эле. Биринчиден “Орусиянын бийлигинин колдоосун издеген”, экинчиден “кыргыз бийлиги менен аябай тыгыз иштеген партия” деген образ жаралган. Өзгөчө акыркы учурда биринчилерден болуп шайлоого даярдана баштаганы – бул бийлик менен жашыруун келишим болгонун билдирет. Каражат маселесин да бийлик чечип бериши мүмкүн. Себеби бул партиянын каражаты деле жок. Эгер ал чечилип калса “Замандаш” мүмкүн азыркы парламентте отурган айрым “клон” партиялардай болуп эле кийинки шайлоодо бийликке жакын, анын сүрөмө партиясы болуп, парламентке келүү мүмкүнчүлүгү жогору.

Партия лидери Жеңиш Молдокматов партияга карата айтылып жаткан сөздөрдүн баарын четке какты:

Жеңиш Молдокматов.

- Партия көп жолду баскан. Чоң саясий күрөштөргө, иштерге аралашып келген. Партиянын өзүнүн түзүмү бар, эч кимге көз каранды эмес. Экинчиден, партия буга чейин башка партиялардай болуп ар кандай адамдарды чогултуп, чет мамлекеттерден акча киргизген эмес. Бардык каражат өзүнөн гана чыккан. Үчүнчүдөн, ооба, мен президенттик шайлоодо азыркы президент Сооронбай Шариповичтин ишенимдүү адамы болгонум үчүн азыркыдай сөздөр жүрүп жатат. Бирок бул чындыкка коошпойт. Эгер бул чын болсо мен бир кызматка отурмакмын. Биз партияны тандадык, анын иши менен кетип баратыбыз. Төртүнчүдөн азыркы парламенттеги айрым фракциялардагы коррупцияга малынган, элдин нанын жеген адамдар биздин партиянын тизмесинде болбойт. “Бийликке жакын партия” деп жатышпайбы. Бирок бийликке бизден өткөн сынчы жок. Өкмөттүн деле, парламенттин деле айрым туура эмес иштерин ачык эле айтып атабыз.

“Замандаш” саясий партиясы быйыл кезектеги курултайын чакырып, анда уставын өзгөрткөн. Анын негизинде тең төрагалык башкаруу жоюлуп, төрагалыкка Жеңиш Молдокматов шайланган.

“Замандаш”деп аталган Орусиядагы жана Казакстандагы кыргыз диаспораларынын ассоциациясын жана фондун ийгиликке жетишкен алгачкы эмгек мигранттарынын бири Мухтарбек Өмүракунов 2003-жылы түзгөн. Азыркы жетекчилердин айтымында “Замандаш” ассоциациясы дүйнөнүн 52 мамлекетиндеги мекендештердин 90дон ашык диаспора, уюмдары менен иш алып барат. Алар мигранттарга көбүнчө укуктук жардам беришет.

Ал эми Өмүракунов 2007-жылы түзгөн “Замандаш” саясий партиясы өз учурунда тез арада күчтүү саясий партиялардын катарына кирген. Кийинчерээк бул партияда маал-маалы менен ич ара талаш-тартыштар чыгып келе жатканы белгилүү. “Замандаш” партиясынын негиздөөчүсү Мухтарбек Өмүракунов 2011-жылы Кубадагы деңиз жээгинде эс алып жүргөн учурунда кырсыкка кабылып, каза болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.