"Керемет суудагы" өмүрдү алган чыр

Чоң-Өрүктү айылындагы "Керемет суу" эс алуучу жайы өрттөлгөнгө чейинки сүрөт

Бир кишинин өлүмү менен аяктаган жаңжалдан улам Чоң-Өрүктү айылында жашоочулар “Керемет суу” пансионатынын эс алуучу комплекстерин, анын кожоюнунун үйүн өрттөп салышты.

Адам өлүмүнө алып барган окуя Чоң-Өрүктү айылында 13-августта түшкө жакын болду. Болжолдуу маалыматтарга караганда чырга минералдык булактар жайгашкан “Керемет сууга” түшкөнү барган айыл тургунунан пансионат кызматкерлеринин акы төлөөнү талап кылышы себеп болгон. Натыйжада башына таш жеген 25 жаштагы жигит ооруканада көз жумду.

Бул жаңжалдан кийин айылдыктардын бир тобу чогулуп, эс алуучу жайдагы көлөкөдөн коргоочу камыш үйлөрдү, жыгач коттеждерди, тамак ичүүчү жайды жана анын кожоюнунун үйүн өрттөп салышкан.

Жаалданган элди убагында токтотуп калууга мүмкүн болбой калганын Чоң-Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысы Каныбек Токтосопиев билдирди. Анын айтымында, азыр пансионатта өрт өчүрүлүп, эл тарап, айыл тынчыды:

- “Керемет суу” пансионатынын аймагында эмне жайгашса ошонун баарын өрттөп жиберишти. Эл тынчыды, өздөрү келип "тынчтыкты сактайлы, баланы жакшылап жерге берели" деп, малына акча чогултуп жатышат.

“Керемет суу” пансионатынын кожоюну жана анын тарапкерлери жаңжал тууралуу пикирлерин билдирише элек. Чоң-Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысы Каныбек Токтосопиев эс алуучу жайдын ээси чогулгандар тарабынан катуу сабалып, аны топтун арасынан араң алып чыгышканын билдирди. Азыр болсо анын дайыны белгисиз болууда.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Эмил Салиев окуя боюнча кылмыш иши козголуп, беш киши камакка алынганын "Азаттыкка" билдирди. Жаңжал болгон жерде облустук милициянын тергөө тобу иштеп жатканын, кененирээк маалымат анын иш жыйынтыгынан кийин берилерин кошумчалады.

- Адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 5 киши кармалды. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат, шектүү делгендердин бардыгы камалат. Азыр абал туруктуу, окуя болгон жер тыкыр текшерилет, тергөө тобу ошол жерде иштеп жатат.

Чоң-Өрүктүдө болгон окуяны өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев эки адамдын ортосундагы чыр катары баалап, бирок бул окуя жалпы туристтик аймактын барк-баасына доо кетириши мүмкүн деп билдирди:

- Баары бир деле мушташ чыкты, адам өлдү десе туристтер сөзсүз кооптонот. Анткени алардын да балдары, достору бар. Эгер балдары бул жакта эс алып жатса, ата-энеси чалып, "кайткыла, ал жакта мушташ болуп, адам өлүп атат, кооптуу экен" десе мына ушулардын бардыгы эле терс таасирин тийгизет.

Акыркы алынган маалыматтарга караганда, өкмөт башчы Темир Сариев Ички иштер министрлигине Чоң-Өрүктүдөгү окуяны тыкыр иликтеп чыгууну, жергиликтүү бийликке эс алуучу жайларда коопсуздук чараларын күчөтүп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырганы маалым болду.

Пансионат ээлери менен жергиликтүүлөр ортосунда пикир келишпестиктер буга чейин да орун алып келген.