Оморов: Йеменде бийлик алмашчудай кырдаал болуп турат

Йемендин Таиз шаарындагы демонстрация, 14-апрель.

Йемендеги элдик толкундоолор учурунда жараат алгандарга кыргызстандык дарыгерлер да жардам көрсөтүүдө.
Йемендин Мариб шаарында алты жылдан бери иштеп аткан дарыгер Низамидин Оморов ал жактагы кырдаал тууралуу “Азаттыкка” айтып берди.

- Акыркы убакта Йеменде кырдаал курчугандай болуп атат. Кырдаал кандай, кантип атасыздар?

- Биз дарыгерлер саясаттан алыспыз, бирок сыртта болуп аткан нерселерге бейкапар карай алабайбыз. Бизди да тынчсыздандырганы – бул жердеги саясий кырдаал болуп атат. Болбосо биз өзүбүздүн жумушубузду кемчиликсиз жасаганга аракет кылып атабыз.

- Сиз кайсы шаарда турасыз?

- Мен Мариб деген провинциядамын. Бул борбор шаар Санаадан 160 чакырым алыстыкта турат.

- Марибде кырдаал кандай?

- Бул негизинен нефть, газ өндүргөн аймак. Ошондуктан бул жерде да бир-эки жолу газ, нефть түтүктөрүн жардырып, өз талаптарын коюшкан. Азыр болсо сыртта бүт митинг кылгандар турат. Чатырларды тигип алып президентти кетиребиз деп турушат.

- Саясаттан алыспыз деп атасыз. Азыркы сырттагы кырдаалды сүрөттөп берсеңиз, элдин маанайы кандай?

- Эл азыр эки тарапка бөлүнгөн. Бир тарабы президент тарапта, экинчи жагы оппозиция тарапта болуп атышат. Кечээги маалыматтарга караганда, президент Али Абдулла Салех тынч жол менен бийликти өткөрүп берүү маселесин коюптур. Айрыкча жума күнү, намаздан кийин кырдаал курчуп атат. Эртең да көрөбүз го. Азыр ок атышуу жок, биздин оорукананын сыртында таңкалар турат. Бүт өткөрмөлөр коюлган. Калган дүкөндөр, ишканалардын баары иштеп атат. Азык-түлүк жагынан маселе жок. Бир гана бизди чектегени коопсуздук үчүн сыртка чыгарбай атат.

- Маалыматты кантип алып жатасыздар, кандай иштеп атат жергиликтүү телеканалдар?

- Бул жерде “Аль-Жазера” телеканалынын берүүлөрү 24 саат бою берилип атат. Андан сырткары Орусиянын телеканалдарын көрөбүз.

- Демек маалыматтардан кабардар экенсиздер да?

- Кабарыбыз бар. Бул жерде да курман болгондор болду. Өткөн жумада Таиз деген шаарда бир канча адам ок атуудан кийин көз жумуп, нааразычылык ошол шаарда күчөп турат. Таиз Йемендин мурдагы борбор шаары болгон.

- Сиз иштеген ооруканага да жараат алган адамдар келип атабы?

- Күнүгө келип атат. Кечээ дагы ок атуудан жараат алган бир аскер адамын операция кылдык. Күнүгө бизге экиден-үчтөн алып келет. Биз күнү-түнү иштеп атабыз. Бул жерде КМШ өлкөлөрүнөн 15 дарыгер барбыз. Жеткиликтүү даражада жардам көрсөтүп, иштеп атабыз. Администрация тараптан эч бир нааразычылыгыбыз жок.

- Йемендеги башка кыргызстандыктар менен байланышып атасыздарбы?

- Бири-бирибизден алыс иштегендиктен телефон аркылуу гана жердештер менен байланышып турабыз.

- Азыр сыртта кандай, эл көппү?

- Эл көп. Бул жерде Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтындай аянт бар. Ошол жерге чатырларды тигип алып, нааразы болгондор күнү-түнү жатышат. Шаардын ичине курал киргизбейт. Шаар сыртына өтмөлөрдү коюшкан. Ошондуктан шаарга курал алып кирүү мүмкүнчүлүгү жок. Ал эми шаардан сырткары жакта ар бир адамда курал бар. Мамлекетте куралга тыюу салынган эмес, уруксат берилген.

- Сиздин байкашыңызча, элдин президентти кызматтан кетирүү ниети, каалоосу канчалык күчтүү болуп турат?

- Каалоосу өтө эле күчтүү болуп атат. 33 жыл башкаргандан кийин жаңы адамды, жаңы бийликти каалап атышат да. Бул эми турган сөз, бүгүн болбосо эртең сөзсүз бийлик алмаша турган кырдаал болуп турат.

- Президентти алмаштыруу талабы катуу коюлуп жатканына караганда, Йеменде жашоо-турмуш кыйынбы?

- Кыргызстанга караганда жашоо деңгээли начар. Араб мамлекеттеринин ичинен эң жарды өлкөлөрдүн бири. Бирок мамлекеттик ишканаларда маяна бизге салыштырмалуу бир топ жогору. Жумушсуздар көп. Ал жак, бул жактан, Сомали, Ефиопаиядан, Африка контингентинен келип, кара жумуш кылып көчөдө жүргөн мигранттар көп.