Улукбек жеңишин кыргыз элине арнады

Улукбек Жолдошбеков.

Кыргызстандык балбан Улукбек Жолдошбеков эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды.

Мындай жетишкендикти кыргыз эркин күрөшчүлөрү 2005-жылдан бери кайталай элек болчу. Эркин күрөшчүлөрдөн 14 жыл мурун Литванын Вильнюс шаарында өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында Ильяз Өзүмбеков алтын байгеге ээ болгон.

Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан мелдеште Жолдошбеков 30-октябрда 61 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, финалдык беттеште индиялык Равиндер Равиндер менен күч сынашты. Биринчи айлампада индиялык балбан бир упай менен алдыда келаткан.

Экинчи айлампада Жолдошбеков 5 упай топтоп, жыйынтыгында 5-3 эсебинде жеңишке жетип, дүйнө чемпиону аталды. Бул Жолдошбеков катышкан 7-дүйнө чемпионаты. Ал былтыр дал ушул чемпионатта коло байге алган.

Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионаты (U23). 61 кг. Финал. Улукбек Жолдошбеков (Кыргызстан) - Равиндер Равиндер ​5:3.

Мелдештен соң балбан "Азаттык" менен маектешип, алтын байгени утуу оңой болбогонун айтты:

- Ар бир таймаш оор болду. Мисалы, 1/8 финалда украин балбанына утулуп баратып, акыркы секундада жеңишти алып кеттим. Кийин чейрек финалда казак балбанын жеңгенден кийин алым кетип, шалдырап, кыйналдым. Машыктыруучуларымдын насааты, биздин дарыгер Бактыгүл Алишеванын көмөгү менен беттештерди ийгиликтүү өткөрдүм. Алар мени ар кандай кырдаалга туруштук берүүгө үйрөтүштү. Алар тажрыйбалуу болбосо ким билет, балким жеңишке жетмек эмесмин... Финалда индиялык балбан менен таймашта башында бир упай менен утулуп жаткам. Машыктыруучум "сол бутуңду алдыга чыгарып күрөшпө" деп айтты. Антпесе индиялык балбан буттан алып, жыгып алууну мыкты өздөштүрүптүр. Ал өзү сол бутту артка коюп күрөшөт экен. Экинчи айлампа ортолоп калганда эки упайлык эки ыкма жасап алдыга чыктым. Таймаш бүтөйүн деп калганда атаандашым эки упай алууга үлгүрдү. Анын машыктыруучулары буга нааразы болуп, "кайра карап чыккыла" деп өтүнүч келтиргенде калыстар упай туура берилгенин айтып, мага кайра бир упай берилип, жеңишке жеттим. Бул менин гана эмес, жалпы кыргыз элинин жеңиши.

Эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинки улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Ислам Тазабеков жана Улукбек Жолдошбеков. 30-октябрь, 2019-ж.

Улукбек Жолдошбеков дүйнө чемпионатында баш-аягы беш беттеш өткөрдү. Ал таймаштарын 29-октябрда баштаган. Алгачкы беттешинде түркиялык Селефатин Сертти 15:6, 1/8 финалда украиналык Валентин Белицескийди 6:5, чейрек финалда казак балбаны Даулет Тажибайды 6:0 эсебинде жеңди. Жарым финалда жапон балбаны Ритаро Хяманы 12:1 эсебинде ири айырма менен жеңип, алтын байге үчүн таймашууга мүмкүнчүлүк алган.

Улукбек 23 жашта. 5-класста окуп жатканда Нарын шаарында машыктыруучу Мирбек Акиевдин кол алдында машыккан. Андан соң 8-класста Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайына тапшырып, ал жактан Кармышалы Акматовдун жетекчилигинде машыккан. 2013-жылдан тартып улуттук курама команданын мүчөсү.

Бул мелдешке Улукбекти эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинки курактагы балбандардын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Ислам Тазабеков жана жеке машыктыруучусу Сүймөнкул Таабалды уулу машыктырып, коштоп барды.

Улукбек Жолдошбеков машыктыруучусу Сүймөнкул Таабалды уулу менен. 30-октябрь, 2019-ж. Будапешт, Венгрия.

Улукбек Жолдошбековдун жеке машыктыруучусу Сүймөнкүл Таабалды уулу буларды айтты:

- Улукбектин бул алтыны чоң эмгек менен келди. Жеңишибиз бардык кыргыз элине арналат. Бул - командалык жеңиш. Бир залда машыккан балдардын, талыкпай эмгектенип, насаатын айткан агайлардын эмгеги зор. Өзгөчө өкмөткө, Дене тарбия жана спорт агенттигинин, спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын, Күрөш федерациясынын, анын ичинде Эркин күрөш федерациясынын жетекчилерине ыраазычылык билдирем. Бирдиктүү эмгектин натыйжасында ушундай ийгиликтер жаралып жатат. Кудайым буюрса дагы эмгектенебиз. Алдыда дагы көп мелдештер бар. Эң негизги мелдеш Олимп оюндары. Ал мелдешке катышуу ниетибиз бар. Даярдык көрүп жатабыз. ​Эми алдыда Олимп оюндарына 57 килограмм салмакка даярданабыз. Кийинки жылы Кытайда өтө турган мелдеште Олимпиадага жолдомолорду берүү уланат. Ошол мелдешке катышып, Улукбек Олимпиада оюндарына жолдомо алат деген үмүттөбүз.

Улукбек Жолдошбеков ушул жылдын март айында эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында өткөн Азия чемпионатында да алтын медаль тагынган. Ал уландар (кадеттер) арасында жана жаштар арасында да Азия чемпиону болгон.

Спорттун ардагери, Кыргызстандын Олимпиадачылар ассоциациясынын президенти Шаршен Касенов Улукбектин жеңишин жогору баалап, ал олимпиадага жолдомо алууга тажрыбайсы жетет деген пикирде.

Шаршен Касенов.

- 23 жашка чейинкилер арасында деген менен бул чоңдор арасында дегенди түшүндүрөт. Андыктан бул биз үчүн чоң жеңиш. Улукбек абдан жакшы күрөштү. Айрыкча чейрек финалда, жарым финалда өтө кыйын балбандарды утту. Эркин күрөштөн мындай чоң жетишкендик мындан үч жыл мурун болгон. Эламан Догдурбеков коло байге уткан эле. Эми Улукбек олимпиаданын алдында чемпион болуп бизди сүйүнтүп жатат. Жалпы кыргызстандыктарды жеңиш менен куттуктайм. Улуктун салмагы олимпиадалык эмес салмак болбогондуктан, Олимпиадага жолдомо алуу үчүн салмагын 57ге түшүрүп, олимпиадалык лицензия ойнотулган мелдештерге катышып койсо болот. Бирок ал салмакта да мыкты балбандар бар. Эркин күрөшчүлөрдөн 57 жана 74 килограммга чейинки салмакта лицензия утса болот деп ойлойм.

23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионаты ушул тапта Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жатат. 29-30-октябрь күндөрү эркин күрөштөн мелдештер өттү. 31-октябрда кыздар арасында таймаштар уланууда. 2-ноябрдан тартып грек-рим күрөшүнөн таймаштар уланат. Бул мелдешке Кыргызстандан 21 спортчу катышып жатат.

Учурда кыргыз спортчулары 2020-жылы Токиодо өтө турган олимп оюндарына жалпы төрт жолдомо алган. Алар: балбандар Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азизбеков, сууда сүзүүчү Денис Петрашов жана жеңил атлетчи Юлия Андреева.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин билдиришинче, 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына 20га жакын спортчунун лицензия алууга мүмкүнчүлүгү бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.