14-октябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда бел кур күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Бул дүйнөлүк таймашка 19 өлкөнүн эки жүздөй балбаны катышууда.
Кыргызстанда алыш күрөшү, лейлек күрөшү, кыргыз күрөшү жана фергана күрөшү өз алдынча мелдештерди өткөрүп, өз ара атаандашууну жаратып келет. Ушул сыяктуу бел кур менен күрөшүп келген дүйнө элдерин бириктирген эл аралык Бел кур күрөш федерациясынын түзүлгөнүнө 9 жыл болду. Алар ар жыл сайын дүйнө, Азия, Европа чемпионаттарын өткөрүп, таасири артып, кулачы кеңири жайылып баратат.
Бел кур күрөшү классикалык жана эркин ыкмада өткөрүлүп жүрөт. Айырмасы - классикалык ыкмада бут менен чалууга болбойт. Эркин ыкмасында бут менен чалып жыгууга да уруксат берилген. Экөөндө тең балбандардын таймашуусунда далысы килемге таза тийгени эсепке алынат.
Бишкектеги бел кур күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын мелдештерине Кыргызстан, Тажикстан, Грузия, Литва, Латвия, Эстония, Норвегия, Украина, Израил, Армения, Монголия, Өзбекстан, Орусия, Румыния, Молдова, Түркмөнстан, Казакстан, Беларустан балбандар катышты.
Дене тарбия, спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Байгазы Кенжебаевдин пикиринде, бел кур күрөшүнүн келечеги кең. Бул күрөш менен дүйнө элдеринин көбү машыккандыктан айрыкча Азия калкына жайылганы эске алынып, 2014-жылы Түштүк Кореяда өтө турган 17-Азия оюндарынын программасына киргизилди.
14-октябрда Кожомкул атындагы спорт сарайында 62, 68, 75, 82, 90, 100 жана 100 килодон жогору салмактар боюнча финалдык таймашууларда бел кур күрөшүнүн эркин ыкмасы боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.
Жеңил салмакта баш байге үчүн кыргызстандык Рысбек Ажыбеков менен казакстандык Нурбулат Устебаев килем үстүндө күч сынашып, Азырбеков 20 секундада эле атаандашынын далысын килемге таза тийгизип, дүйнө чемпиону болду.
Жеңүүчү “Азаттыкка” буларды билдирди:
- Абдан кубанып, толкунданып турам. Кызыктуу таймаш болду окшойт. Финалдык күрөш курч мүнөздө өттү.
Казак жигити да күчтүү экен. Бирок менен кыргыз күйөрмандарын кубантып, атаандашымды камынтпай туруп, тез эле утуп алдым. Бул менин гана эмес, кыргыз элимдин жеңиши деп билем. Мындан кийин да Кыргыз туусун дүйнө, Азия чемпионаттарында көтөрсөм деген тилек-максат бар.
Мурда кыргыз күрөшү менен мелдештерге катышып жүрчүмүн. Бел кур күрөшү менен машыкканыма 3-4 жыл болду. Талас облусунун Манас районунун Жийде айылынан болом.
Алгачкы устатым Түгөлбай Базакеев болчу. Учурда мени машыктырган, ушундай ийгиликке жеткирген устатым Азамат Осмонов. Кыргыз улуттук университетинде 3-курста окуйм. 25 жаштамын.
68 кило салмакта орусиялык балбан Денис Муртазин биринчи орунду камсыз кылып, алтын медаль тагынды. Өзбекстандан келген Улмас Сайфиев күмүш байгелүү болду.
75 кило салмакта дүйнө чемпиону наамы үчүн орусиялык Шамил Мокеев менен украиналык Михаил Лузовой килем үстүндө күрөшкө чыгып, Шамил аттандашын жеңип, баш байгенин ээси болду.
82 кило салмакта бардык атаандаштарын уткан орусиялык Арсен Токоев биринчи орунду камсыз кылды. Кыргызстандык Нурбек Кожобеков коло байгелүү болду.
Ошондой эле 90 кило салмакта финалга чейин жеткен орусиялык Алибек Хапаев менен казакстандык Нурзат Бегасулов мөрөй талашып, натыйжада орусиялык Алибек Хапаев жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү.
15-октябрда да Бишкекте бел кур күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын классикалык ыкмасынын таймашуулары улантылат.
Кыргызстандын Бел кур күрөш федерациясынын президенти Валерий Фуфачевдун айтымында, мелдеш курч мүнөздө өтүүдө. Бел кур күрөшү 2013-жылы Орусиянын Казан шаарында өтө турган дүйнөлүк Универсиада оюндарынын программасына да кирди.