Пауэрлифтинг: Дүйнө кубогунан 12 алтын медал

Бакыда бокс боюнча дүйнө чемпионатынын таймашуулары уланууда. Екатеринбургда пауэрлифтинг дүйнө кубогунда кыргызстандыктар 12 алтын медал утту.
Учурда дүйнө коомчулугунун көңүлү 26-сентябрда Азербайжандын борбору Бакы шаарында башталган бокс боюнча дүйнө чемпионатына бурулуп турган кези. Мында 130 өлкөнүн 700гө жакын тандалган спортчусу мөрөй талашып жатат. Бул дүйнө чемпионатында байгелүү орундарга ээ болгондорго 2012-жылы өтө турган Лондон олимпиадасына жолдомо берилет.

52 кило салмакта Азат Үсөналиев мексикалык Элиас Эмигдиого каршы тура албады. 56 кг. салмакта Өмүрбек Малабаев гватемалык Агирре Ромеро менен күч сынашты. Мында Өмүрбек өжөрлүгүн, көктүгүн көрсөтүп, 24:17 эсебинде утушка ээ болду. Эми анын экинчи атаандашы фрациялык Энтони Брет болмокчу. Алардын күч сынашуусу 3-октябрда болот.

28-сентябрда Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Чыңгыз Борбашев алгачкы атаандашы грузиялык Леван Гуледаниден 2 упай айырма менен жеңилүү ызасын тартып калды.

29-сентябрда да дүйнөлүк таймашууга 69 кило салмакта Асадулло Баймурадов чыгат. Анын биринчи атаандашы индиялык Кришан Викас болмокчу.

"Ошентип кыргызстандык 9 боксчудан төртөө жеңилип, бешөө үмүт жандырып турат", - дейт өлкөнүн дене тарбия, спорт агенттигинин жетекчисинин орун басары Байгазы Кенжебаев.

12 алтын уткан кыргызстандыктар

Учурда Орусиянын Екатеринбург шаарында пауэрлифтинг боюнча дүйнө кубогунун мелдештери өтүүдө. Мында кыргызстандык спортчулар 12 алтын медаль утуп алышты.

Баш байгени уткандар Бактияр Мукамбетов, Заур Алакпаров, Алина Потылицина, Петр Кучерявых, Данил Мирошченко, Сергей Комышев жана Шухрат Дараев дүйнө рекорддорун дагы жаңыртышты.

Дүйнө кубогунун таймашууларына кыргызстандык 8 спортчу катышууда. Алардын катарында күмүш жана коло байге уткандар да бар. Күч сынашуулар 3-октябрда жыйынтыкталат.

Тажикстандан мергендер олжолуу келишти

Тажикстандын Хожент шаарында ок атуу спорту боюнча Шериктеш өлкөлөрдүн мергендеринин мелдеши аяктады. Мында кыргызстандык мергендер 13 медал утуп, олжолуу келишти.

Бактыгүл Махмадова тапанча атууда алтын, кичи сайлуу мылтык атууда күмүш байгелүү болду. Анын бир тууганы Арзыбек Махмадов да мылтыктан таамай атып, экинчи орунду ээледи.

Бул мелдеште кыргызстандык 12 мерген 1 алтын, 8 күмүш жана 4 коло байге менен келишти.

"Эми мергендер 15-октябрда Кувейтте баштала турган Азия чемпионатына даярдык көрүшүүдө", - дейт дене тарбия, спорт агенттигинин бөлүм башчысы Канат Арпачиев.

Балбандар дале табында

Орусиянын Новосибирск шаарында грек-рим күрөшүнөн эл аралык турнир соңуна чыкты. Мында 7 өлкөнүн балбандары күч сынашып, оор салмакта Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Мурат Рамонов бардык атаандаштарын утуп, алтын медал тагынды.

66 кг. салмакта Арсен Эралиев финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болду. Мындан сырткары дагы жаш балбандар сындан өткөнүн грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти Алмазбек Касенов “Азаттыкка” айтты.

Даңазалуу балбан Александр Карелиндин байгеси

5-октябрдан 10-октябрга чейин Новосибирск шаарында грек-рим күрөшүнөн олимпиаданын үч жолку, дүйнөнүн 9 жолку, Европанын 12 жолку чемпиону, даңазалуу балбан Александр Карелиндин байгесине арналган эл аралык мелдеш болмокчу.

Уландар арасында боло турган бул турнирде Кыргызстандын намысын 4 жаш балбан коргойт. Алар Нузупбек Касымов (42 кг), Фуркат Сайдазимов (58 кг), Улукбек Пулатов (85 кг) жана Роман Ким (100 кг) даярдык көрүп жатышат.

Ошто дүйнөлүк кармаш

30-сентябрда Ош шаарында эрежесиз эрендер кармашы боюнча эл аралык мелдеш өткөнү камылга көрүлүүдө. Мында 75 кг. салмакка чейин жана андан жогорку салмактарда мөрөй талашуулар болот.

100 килодон жогорку салмакта болсо Евразиянын чемпиондук наамы үчүн дүйнө чемпиону Кылыч Саркарбаев менен кикбоксингден дүйнө чемпиону, орусиялык Виталий Опарин күч сынашат.