ДКО-2018: Көчмөндөрдүн таймашы
Кыргызстандын кыргыз күрөш боюнча улуттук курама командасынын өкүлдөрү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында болгон мелдеште бардык алтын медалды алышты.
Сүрөттө: 84 килограммга чейинки салмактагылар арасында чемпион болгон Чыңгыз Чалабаев.
Байгелер жети салмакта ойнотулду.
Финалда Бекболсун Сатканкулов казакстандык Алишер Муханбетжановду, Амангелди Эсенбек уулу казак балбаны Меиржан Берекетовду, Равиль Самат уулу түркмөнстандык Медет Халлыгурбановду, Баястан Идирисов орусиялык Ислам Фалякуловду, Чыңгыз Чалабаев казакстандык Леонид Станеевди, Нурбек Кожобеков Арман Калиевди (Казакстан), Тилек Куралов тажикстандык Фархад Анакуловду жеңип, алтын медал тагынды.
Сүрөттө: 55 кг. салмакта байге ээси болгондор. Алтын медалды Бекболсун Сатканкулов тагынды.
Алтын байгелерге Бекболсун Сатканкулов (55 кг.), Амангелди Эсенбек уулу (60 кг.), Равиль Самат уулу (66 кг.), Баястан Идирисов (74 кг.), Чыңгыз Чалабаев (84 кг.), Нурбек Кожобеков (96 кг.) жана Тилек Куралов (абсолюттук салмак) ээ болушту.
Алыш күрөшү боюнча таймаштар.
Кыргызстандын улуттук курама командасы Көчмөндөр оюндарынын 5-күнүнүн жыйынтыгы боюнча биринчи орунду сактап турат.
Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, өлкө куржунунда жалпы 84 медаль бар. Анын 36сы алтын, 18и күмүш, 16сы коло.
Экинчи орунга Орусия командасы 43 медалы (16 алтын, 9 күмүш, 18 коло) менен чыкты. Үчүнчү орундагы Казакстанда 49 медаль бар, анын 11и алтын, 17и күмүш, 21и коло.
Алдыңкы ондукта Түркмөнстан (23 медаль), Венгрия (12 медаль), Иран (12 медаль), Өзбекстан (25 медаль), Украина (9 медаль), Монголия (8 медаль), жана Түркия (6 медаль) командалары турат.
Казак күрөшү боюнча күч сынашуу.
Көкбөрү боюнча мелдештерге 11 команда катышып, төрт топко бөлүнүп ойношту. А тобуна Кыргызстан, Монголия жана Алтай, В тобунда Ооганстан, Москва облусу (Орусия), С тобунда Красноярск, АКШ, Казакстан, D тобуна Башкырстан, Өзбекстан жана Франция бөлүнгөн.
Тайпалык оюндардын жыйынтыгы төмөндөгүдөй:
А) Кыргызстан - Монголия 29:5
Монголия - Алтай 1:0
Алтай - Кыргызстан 0:3 (техникалык утулуш)
В) Өзбекстан - Башкыртстан 19:1
Башкыртстан - Франция 2:0
Өзбекстан - Франция 19:6
С) Москва облусу (Орусия) - Ооганстан 7:2
D) Красноярск - АКШ 18:3
Казакстан - Красноярск 15:3
АКШ - Казакстан 9:20
5-сентябрда Кыргызстандын көк бөрүчүлөрүнүн Алтай командасы менен оюну болбой калды. Буга Алтай көк бөрүчүлөрүнүн жарымы оюн талаасына чыкпай койгону себеп болду.
"Азаттыктын" жеке булактарынан алынган маалыматка караганда, Алтай командасынын кээ бир оюнчулары өз өлкөсүнө кетип калган. Ушундан улам аларга техникалык утулуш жазылып, автоматтык түрдө жеңиш Кыргызстанга ыйгарылды.
Алтай командасы буга чейин Монголияга 1:0 эсебинде утулган.
3-сентябрдан 5-сентябрга чейин болгон тайпалык оюндардын жыйынтыгында А тобунан Кыргызстан, В тобунан Москва облусу, С тобунан Өзбекстан, D тобунан Казакстан алдыңкы орунду ээлеп, жарым финалга чыкты.
Казакстан менен АКШнын көкбөрүчүлөрү.
С тобунда ойногон Казакстандын көкбөрүчүлөрү 3-сентябрда саат 12:30да Орусиянын Красноярск командасы менен беттешмек. Бирок казакстандык улакчылар келген эмес. Бир күндөн кийин Кыргызстан менен Казакстандын Көкбөрү федерацияларынын жетекчилеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында казак көкбөрүчүлөрү оюнга чыгууга макул болуп, 5-сентябрда эки оюн өткөрдү.
Казакстан - Красноярск 15:3
АКШ - Казакстан 9:20
АКШнын көкбөрү командасынын оюнчусу.
АКШнын көкбөрү командасынын оюнчусу.
АКШнын көкбөрү командасынын оюнчусу.
Франциянын көкбөрү боюнча командасынын оюнчулары кыргыз көкбөрүчүлөрү менен.
Франциялык көкбөрүчү өз өлкөсүнүн желеги менен.
6-сентябрда жарым финалда Кыргызстан менен Москва облусунун командасы, Казакстан менен Өзбекстандын командалары беттешти.
Кыргызстан менен Москва облусунун (Орусия) командасы жарым финалдык беттеште. 6-сентябрь, 2018-ж.
Жарым финалдык бул оюнда 23:5 эсебинде Кыргызстандын командасы жеңишке жетип, финалга жолдомо алды.
Дагы бир жарым финалда Өзбекстан менен Казакстандын командасы беттешти.
Өзбекстан менен Казакстандын көкбөрү командасы жарым финалдык таймашта. Бул оюнда өзбекстандыктар 5:4 эсебинде утуп, финалга экинчи жолдомону алды.
3-орун үчүн Казакстан менен Орусиянын Москва облусунун командалары беттешип, 17:1 эсебинде казакстандык улакчылар жеңишке жетти.
Сүрөттө: Казакстандын улакчылары көк-сары кийимчен.
Финалда Кыргызстан менен Өзбекстандын командасы беттешти. Бул оюнда кыргыз улакчылары 32:9 эсебинде жеңишке жетип, III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын чемпиону болду.
2-сентябрда башталган III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында көкбөрү боюнча мелдештерге 11 команда катышты. Мелдештин байге фонду 6 млн. 200 миң сомду түздү. 1-орунга 3 млн. сом, 2-орунга 1,5 млн. сом, 3-орунга 1 млн. сом акчалай сыйлык берилди. Андан сырткары “мыкты оюнчу” жана “мыкты аргымакка” 100 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.
Көчмөндөр оюндарында көкбөрү боюнча мелдештер быйыл 3-жолу өткөрүлдү. Алгачкы оюндарда финалда Кыргызстан-1 жана Кыргызстан-2 командасы финалда ойноп, Кыргызстан-1 командасы 4:3 эсебинде жеңип, чемпион болгон. II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын финалында Кыргызстан жана Казакстандын командалары беттешип, 15:3 эсебинде кыргыз улакчылары жеңишке жеткен.
Таяк тартыш боюнча таймаш.
Таяк тартыш (мас-рестлинг) боюнча таймашка 122 спортчу 26 өлкөдөн катышты. Байгелер эркектер жана кыз-келиндер арасында 12 салмакта ойнотулду.
Бул мелдеште Кыргызстандын спортчулары үч алтын, төрт күмүш, төрт коло медал тагынды.
Байге ээлери:
60 кг.
1-орун) Бекжан Өмуралиев (Кыргызстан)
2-орун) Расул Сафаров (Азербайжан)
3-орун) Ислом Абдумаликов (Өзбекстан) жана Медет Есбулаев (Казакстан)
70 кг.
1-орун) Александр Рахлеев (Орусия)
2-орун) Кудайназар Алимов (Кыргызстан)
3-орун) Шамет Темирлан (Казакстан) жана Алексей Кушнир (Украина).
80 кг.
1-орун) Семен Атаков (Орусия)
2-орун) Аскат Жунушев (Кыргызстан)
3-орун) Сежеди Алиакбар (Иран) жана Султан Агаев (Азербайжан).
90 кг.
1-орун) Азат Таштанбеков (Кыргызстан)
2-орун) Данил Моисеев (Орусия)
3-орун) Абрар Багерпур Али (Иран) жана Илиоз Кодиров (Өзбекстан).
105 кг.
1-орун) Келдибек Атайбек уулу (Кыргызстан)
2-орун) Денис Слепцов (Орусия)
3-орун) Тмас Дели (Венгрия) жана Вячеслав Старков (Казакстан).
125 кг.
1-орун) Дмитрий Попов (Орусия)
2-орун) Антон Дементьев (Орусия)
3-орун) Насимжон Ражабов (Өзбекстан) жана Александр Краснов (Казакстан).
+125 кг (абсолюттук салмак).
1-орун) Андрей Маркин (Орусия)
2-орун) Рустам Жалилов (Кыргызстан)
3-орун) Реза Гейтаси (Иран) жана Алатансух (Кытай).
Ирандык күйөрмандар.
Кыргызстандын эсебине таандык алтын байгелерге: Бекжан Өмүралиев (60 кг.), Азат Таштанбеков (90 кг.) жана Келдибек Атайбек уулу (105 кг.) ээ болду.
Мас-рестлинг боюнча мелдештин байге фонду 770 миң сомду түздү. Алтын медалга 50 миң, күмүш байгеге 30 миң, коло байге ээлерине 15 миң сомдон берилди.
Таяк тартыш – якут элинин улуттук спорту. Ал 2016-жылы Көчмөндөр оюндарынын программасына киргизилген.
105 кг. салмакта алтын медал тагынган кыргызстандык Келдибек Атайбек уулу.
Монгол күрөшү (монгол бох).
Мелдештин чемпиону болгон монголиялык балбан Дорж Анар.
Күрөштүн бул түрүнөн 14 өлкөдөн 14 спортчу катышты. Таймаштардын жыйынтыгында алтын медалды монголиялык Дорж Анар тагынса, күмүш байге кытайлык Алатансухга буюрду. 3-орунду кыргызстандык Уларбек Күрүчбек уулу жана орусиялык Айдын Монгуш ээледи.
Мелдештин байге фонду 140 миң сомду түздү. Алтын медал ээсине 70 миң сом, күмүш байге алган балбан 35 миң сом, коло байге ээлери 17 500 сомдон акчалай сыйлык алышты.
Монголиялык балбан Дорж Анар менен кытайлык Алатансухтун алтын байге үчүн күрөшү.
2-сентябрда башталган үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда 8-сентябрга чейин уланат. Ага жетимиштей өлкөдөн үч миңге жакын спортчу катышууда. Алар спорттун 37 түрүнөн күч сынашат. Жалпысынан 594 медал ойнолот. Анын 174ү алтын, 173ү күмүш, 247си коло. Жалпы байге фонду 28 миллион сом деп бекитилген.