Кырчында кызык башталды

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары - Кырчын жайлоосу

3-сентябрда Кырчын жайлоосунда этношаарча ачылып, “Көчмөндөрдүн алтын кылымы” деген театралдаштырылган фестиваль өттү. Фотокабарчыбыз Гүлжан Турдубаеванын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунан тартып келген сүрөттөрүн сунуштайбыз.

Кырчын жайлоосундагы маданий иш-чаралар үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүүдө. Бул жерде маданий программадан тышкары, салбуурун оюндарынын түрлөрү боюнча медалдар ойнотулат.

Быйыл 70ке жакын өлкө катышып, спорттун 37 түрүнөн 600гө жакын медаль ойнотулат.

Мелдештин жалпы байге фонду 28 миллион сомду түзөт. Француз спортчулары оюнга биринчи жолу катышып жатат.

Жалпы жонунан бул оюндарды өткөрүүгө өлкө казынасынан 303 млн. сом, демөөрчүлөрдөн 155 млн. сом чогултулганы айтылган.

​Оюндун расмий ачылышы 2-сентябрда болгон.

Анын ачылышына жогорку мартабалуу коноктордон Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Татарстандын президенти Рустам Минниханов катышты. Мындан тышкары Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Бириккен Араб Эмирлигине караштуу Фужейра эмирлигинин мураскер канзаадасы, шейх Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Ал-Шарки да Кыргызстанга келишти.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары - “Күч биримдиги-рух биримдиги” аттуу ураандын алдында өтүп жатат.

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин өтөт.

Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда өтө турган болду. Бул тууралуу Кыргызстанда расмий сапар менен жүргөн түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган 2-сентябрда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен чогуу эки мамлекеттин стратегиялык кызматташтыгы боюнча Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан учурда билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.