Гранттар көзөмөлдөнүшү мүмкүн

Сырттан келген гранттарды көзөмөлдөө боюнча мыйзам долбоору даярдалды.
"Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусу ушул темага арналды.

Талкууга мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, Жогорку Кеңештин депутаты, “Республика” фракциясынын мүчөсү Элмира Жумалиева жана Эл аралык коммерциялык эмес укук борборунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө юрист-консультант Ноокат Идрисов катышты.

“Азаттык”: Мыйзам долбоордун автору катары бул мыйзамдын мааниси жөнүндө маалымат берсеңиз?

Элмира Жумалиева: Чет жактан Кыргызстанга келип жаткан гуманитардык, техникалык, кайтарымсыз жардам, грант тууралуу атайын мыйзам долбоорун иштеп чыктык. Анын негизги максаты – бизге тыштан келип жаткан кайтарымсыз жардамдарды көзөмөлгө алуу, алардын келүү жол-жоболору, ал жардамдардын даректүү жеткирилүүсүн мыйзам тарабынан текшерүү болуп саналат.

Өзүңүздөр билгендей июнь, апрель окуяларынан кийин сырттан келген гуманитардык жана башка жардамдар багытталган дарегине жетпей, ага накта муктаж болгон адамдарга берилбей, жолдо башка жактарга бурулуп, соодагерлердин колуна түштү деген нааразылык кептер айтылган. Бул мыйзам мындай көрүнүштөрдү алдын алууга шарт түзөт.

“Азаттык”: Ноокат мырза, бул мыйзам долбооруна окшош, грант жөнүндөгү мыйзам долбоору 2009-жылы коомчулуктун катуу реакциясына кабылып, өтпөй калганы белгилүү. Депутаттар азыр сунуштап жаткан мыйзам долбоору да жарандык коомдун нааразылыгын туудурду деген маалыматтар бар?

Ноокат Идрисов: Мурдагы бийликтердин тушунда деле жарандык коомду көзөмөлдөө, бейөкмөт уюмдарга сырттан берилип жаткан каражаттарды текшерүү аракети жүрүп келген. Мындай аракет азыр да жүрүп жатканы бизди таң калтырды. Себеби демократиялык мамлекетте өкмөттүк эмес уюмдар сөзсүз болушу керек, Баш мыйзам жарандардын биригип, бейөкмөт уюмдарды түзүүгө толук укугу бар.
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Бейөкмөт уюмдарга сырттан берилип жаткан гранттын максаттуу жумшалып жатканын, ошол эле саясий жана шайлоо өнөктүктөрүнө сарпталбаганын донорлордон башка Кыргызстандын текшерүү институттары көзөмөлдөй алабы?

Идрисов: Албетте көзөмөлдөй алат. Бул маселелер башка мыйзамдарда, Конституцияда, Шайлоо кодексинде жазылган. Азыр депутаттар сунуштап жаткан мыйзам долбоорунда сырттан берилип жаткан гранттар бийликти, Конституциялык түзүлүштү алмаштырууга жумшалбашы керек деп жазылып атат. Анда ички каражаттар менен буларды жасоого уруксатпы деген суроо туулат.

“Азаттык”: Гуманитардык жардам деп келген жардамдардын ичинде эски, мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер, тамак-аштар учурап калат деген нааразылыктар да болуп жүрөт. Андай болбошун ким көзөмөлдөйт?

Жумалиева: Мына ушул маселе да биздин мыйзам долбоорунда каралган. Бизге келип жаткан гуманитардык жардамдар стандартка ылайык келбесе, анда аны албаш керек. Мисалы, сырттан келип жаткан эски, кийилген кийимдер текшерилбей эле келип атат, алар аркылуу биздин жарандарга оору-сыркоо ж.б. келип атканы белгисиз. Тилекке каршы бүгүнкү күнү алар келмек тургай, базарларда сатылып атат. Ошондуктан сырттан келип жаткан нерсенин бардыгы мамлекеттин көзөмөлүндө болууга тийиш. Алардын даректүү таратылышына да көз салынышы керек.