"Лингуа Франка": Миң укканча...

Көркөм сүрөт музейинде Борбор Азия өлкөлөрүнөн чогулган чыгармалардын көргөзмөсү өтүп жатат. Бул чыгармалар былтыр Венеция биенналесинде тартууланган.
Музейге баш баксаңыз Борбор Азия элдеринин элеси да, маанайы да даана сезилет. Дубалда аш менен дарбыз илинип турса, бөлмө ортосунда ар өлкөлөрдүн желектери жыйылган жууркандар дароо көзгө урунат.

Бир бурчта коноктор кыргызстандык автордун мамлекеттик кызматта отурган кишини сүрөттөгөн инсталляцияларды көрүп, Совет доорунан калган үстөлгө отуруп, үстүндөгү кагаздарды барактап, өзүн чиновник катары сезүү мүмкүнчүлүгүн алса, башка бурчта болсо автор отургучтан жай алып, Түркмөнстандын мамлекеттик телеканалын көрүүгө чакырат.

Сөздүн ыгы келгенде, инсталляция деген түшүнүктү чечмелей кетели. Англис тилинен алынган бул термин ар кыл элементтерден куралып, бир бүтүн көркөм композиция болуп саналат. Инсталляция - азыркы искусствонун түрү болуп калды.

Азыр Бишкектеги музейде коюлган иштер былтыр Венецияда өткөн биенналеде тартууланган.

Латынчадан келген бул түшүнүк ар эки жылда бир өтө турган көргөзмө-фестивалы экенин эске сала кетели.

Былтыр ноябрда өткөн биенналеге рекорддук жарым миллиард адам келген. Дүйнөдөгү эң эле мартабалуу искусство форуму саналган Венеция биенналесинде өнөр баалоочулары Борбор Азия павильонуна да күбө болушкан.

Эми ал павильонду биринчи жолу быйыл Бишкекте көрсөтүүнү чечтик дейт ШТАБ аттуу уюштуруучу уюмдун өкүлү Айнура Жапарова:

- Сиз азыр көргөзмөдө тогуз сүрөтчүнүн чыгармаларын көрүп жатасыз. Бул чыгармаларды тандаганда искусствонун универсалдуулугу деген критерий башында турган. Универсал дегени – бул сүрөтчү өзүнүн жайгашуусуна же башка айырмачылыктарга байланбай, өзүнүн маалыматын берүүгө аракеттенип жатканы.

Көргөзмө залда башка иштерден тышкары жөнөкөй көрүүчүнүн көзүнө анча уруна бербеген кыргызстандык Адис Нарматовдун видеоинсталляциясы да турат. Кадимки эле сыналгыда кечке чейин Вьетнамдан АКШга келген сүрөтчүнүн кесиптештери менен баарлашуу далалаты чагылдырылыптыр.

Нарматовдун айтымында, искусствонун тилин баары түшүнөт деген көндүм көз караш дайыма эле туура чыга бербейт экен. Вьетнамдык баланын мисалы мына ушул ойду тастыктайт деди Нарматов.

- Бул көз айнекчен жигит англисче такыр сүйлөбөйт. Адегенде мен бир нерсени түшүнөт го деп ойлочумун. Бирок кийин байкасам эч сүйлөй албайт экен, эч нерсени түшүнбөйт экен. Болгон билгени, сүйлөгөнү – мимика менен эле ишарат. Эгер киши башка чет тилди билбесе, айласыз ошолорду колдонот. Тил билбеген киши эч кандай байланыш түзө албайт экен да.

1895-жылдан бери эки жылда бир жолу Венецияда өтүп келаткан бул мартабалуу искусство форумунда Борбор Азия өлкөлөрүнөн чыгармалар алгач 2005-жылы гана тартууланган.

Бул фестивалга катышуу ири өлчөмдөгү каражатты талап кылып, Борбор Азия өлкөлөрү өз алдынча чыга албагандыктан, азырынча региондун бириккен павильонун жети жылдан бери үзгүлтүксүз тартуулап келүүдө.

Көргөзмөгө кыргызстандык авторлор менен кошо коңшулаш мамлекеттерден да коноктор келген. Алардын бири - өзбекстандык Александр Николаев. Ал “Ак көңүл адамдардын дүйнөсү” аттуу композициясын тартуулады.

- Силер кездемеден жасалган коллаждарды көрүп жатасыңар. Жаркын келечекке ишенген ушундай өзбек эли бул жерде, мисалы, бизнес жасап жатат; бул жерде – аш даярдап жатат; бул болсо коон жана дарбыздар менен шугулданган дыйкан. Бул жерде эч кандай сын көрүнбөйт, баары жакшы сүрөттөлгөн. Бирок ошол эле учурда кичинекей шылдыңды (ирония) сезсе болот – ушундай кыйын заманда эл сүрөттөгүдөй жашабайт, бирок жакшы келечекке үмүттөнүшөт. Мен ошол жылуулукту сүрөттөгөнгө аракеттендим.

Александр Николаевдин кездемелерден жасалган коллаждардан тышкары тажикстандык, казакстандык жана түркмөнстандык авторлордун турмушту чагылдырган чыгармалары көргөндү кайдыгер калтырбайт.

Миң уккандан бир көргөн демекчи, 27-ноябрга чейин өтө турган “Лингуа Франка/Франк тили” көргөзмөсүнө кирип кетиңиздер.

Сүрөттөрдү толугу менен бул жерден көрүңүз.