Орусия-2018: заманга жараша футбол

Иран футболчулары машыгууда.

Чемпионаттын үчүнчү жана төртүнчү күндөрүндө атактуу Лионель Мессинин Аргентина командасы Исландия менен ойноп, жеңе албай койду.

Ошондой эле турнирдин алдыңкысы болуп саналган Франциянын командасы технологиянын жардамы менен Австралияны утуп алды.

Дүйнө чемпионатынын үчүнчү күнү футбол тарыхында жаңы технологиялардын футболго толугу менен аралашкан учуру болду өңдөнөт.

Анткени 16-июндагы Франция менен Австралиянын оюнунда оюн калысы дүйнө чемпионатынын тарыхында биринчи жолу кайталоону атайын монитордон көрүп, андан кийин гана Франциянын чабуулчусу Антуан Гризманн эреже бузганын байкап, пенальти берди.

Буга чейинки чемпионаттарда калыстарга видео кайталоону көрүүгө тыюу салынчу.

2006-жыл. Зидан Матераццини сүзгөн учур.

2006-жылы финалда Франция менен Италия ойноп жаткана Зидан башы менен Матераццини сүзө кулатып, кызыл карта алганда “калыстар кайталоону көрүп, анан Зиданды оюндан чыгарды” деп айыпташкан. Эми мындан ары калыстар каалаган талаш учурда кайталоого жардамга барып, керек болсо кирген голду жокко чыгарып да коюшу мүмкүн. Айтор жаңы технология футболго толугу менен аралашты.

Ошентип, 16-июнда WAR-системасынын жардамы менен пенальти тепкен Антуан Гризманн оюн бүткөндөн кийин буларга токтолду:

- Ал жерде мени чындап эле буттан чалышты. Муну калыстар көрбөсө да видеого түшүп калганы жакшы болду. Мага карата эреже бузулганын билгендиктен мен пенальтини өзүм тебе турганымды айттым. Анын үстүнө мен өзүмө абдан ишенип турдум жана ойлогондой эле пенальтини голго айланттым.

Ушул эле оюнда Франциянын экинчи голуна да технологиялар жардам берди. Тагыраагы франциялык жарым коргоочу Поль Погба топту дарбазага жөнөткөндө “Топ дарбаза сызыгынан өттүбү же дарбазачы ага чейин эле топту тостубу?” деген суроо көпчүлүктү бир саамга ойлонтуп жиберди. Бирок калыс Андрес Кунья ишеничтүү гол болгонун айтып, атайын технология белги бергенин билдирди.

Айтор “гол лайн” технологиясы буга чейин эле колдонулуп келген дечи, бирок калыс оюнду токтотуп кайталоону көргөн учур мындан ары футболдун бир бөлүгү болуп калат өңдөнөт.

Исландия Мессини токтотту

16-июндагы тайпалык алгачкы оюндардын дагы бир кызыктуу учуру Аргентина менен Исландиянын беттешүүсүндө болду. Тагыраагы дүйнөнүн беш жолку мыкты оюнчусу Лионель Месси коштогон Аргентинанын курама командасы калкынын саны болгону 350 миң адамды түзгөн Исландия менен ойноп, ута албай койду. Бул оюнда Месси Аргентина үчүн чабуулдардын көбүн коюп, аракет кылганы менен Исландиянын коргоочулары Мессини да, анын командалаштарын да артка чегиндирип, мыкты коргонушту. Ал түгүл Исландия чабуулдарынын биринде бир гол киргизип, эсепти теңеп жалпы жыйынтык 1:1 менен аяктады.

Исландиянын дарбазачысы Мессинин пенальтисин тосууда.

Оюндун жүрүшүндө Месси пенальти киргизе алган жок. Дал ошол пенальтини тоскон Исландиянын дарбазачысы Ханес Хальдоурссон Мессинин тобун тосоруна башынан эле ишенип турганын айтып өттү:

- Оюндун башында бир аз толкунданып жаттым, бирок оюн ортолоп калганда кадимкидей болуп калдым окшойт. Негизинен биз бул жерге утуш үчүн келгенбиз, бирок биздин атаандашыбыз канчалык күчтүү экенин билебиз, ошондуктан тең чыгыш деле жакшы көрүнүш.

Исландиянын дарбазачысы өз өлкөсүндө футболдон тышкары кадимки эле видеооператор болуп иштейт. Эки кесиптин ээси болуу бул команда үчүн кадыресе көрүнүш. Команданын машыктыруучусу - тиш догдур. Ошондой эле диджей, сатуучу болуп иштеген оюнчулар да бар.

Исландия эми 22-июнда Нигерияга каршы ойнойт. Ал эми Аргентина Хорватия менен упай талашмакчы.

Германия утулду, Неймар токтоду

Чемпионаттын тайпалык оюндары күйөрмандарды таң калтыруусун улантууда. 17-июндагы оюндарда учурдагы чемпион наамы менен Орусияга келген немистер алгачкы оюнду Мексикага каршы ойноп, 0:1 эсебинде утулуп калды.

Оюндун жүрүшүндө Германия көпчүлүк убакта топко ээлик кылып, чабуул койгону менен 90 мүнөт ичинде гол киргизе алган жок. Ал эми Мексиканын оюнчулары 35-мүнөттө контрчабуулдун натыйжасында жалгыз гол кирди.

Неймар.

Чемпионаттагы дагы бир эң күчтүү курама команда болуп саналган Бразилиянын командасы да Швейцария менен оюнда тең чыкты. Жалпы жыйынтык 1:1 менен аяктады. Бул оюнда швейцариялыктар Бразилиянын мыкты оюнчусу Неймарды ойнотпой, тыгыз курчап алышты.

Учурда Германия кирген “F” тайпасында Мексика үч упай менен алдыга чыкса, Бразилия жайгашкан “Е” тайпасында Сербияда үч упай, Швейцария менен Бразилияда бирден упай бар.

Азыр командалар алгачкы тайпалык оюндарын өткөрүүдө. Бүгүн 18-июнда Швеция – Корея, Бельгия – Панама жана Тунис менен Англия өлкөлөрүнүн футболчулары ойношот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.