Мындан алты ай мурда Кара-Суу районундагы Сары-Колот айылында Элмира аттуу 23 жаштагы келин муунуп, каза тапкан.
Бул өлүмдүн айынан кудалар араздашып, сөөк жерге берилгенден 77 күн өткөндөн кийин эксгумация болгон.
Элмиранын атасы Кылычбек Юсупбаев бул чечимге ар кандай күдүк ойлордон арылуу үчүн барганын айтып берген.
- Ар кимден ар кыл сөз уктум. Кээ бири асынып алыптыр, кээ бири бала эмизип жатып өлүптүр, кээ бири таяк жептир деп айтышты. Мен кызымдын жан кыйганына эмне себеп болгонун билгим келет. Ичибизде эч кандай күмөн саноо калбашы керек. Ошон үчүн милицияга кайрылдым.
Маркумдун кайын-журту болсо келини суицидге барганын, эмнеге ал жолду тандап алганы табышмак экенин айтышууда. Элмиранын күйөөсү Султангазы Арстанбеков болсо ошол күнү талаага кеткенин, үйгө келгенде жубайын асынып турган абалда тапканын "Азаттыкка" айтып берген.
Бирок Ош облустук ИИББнын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев соттук-медициналык экспертизанын негизинде кайра тергөө башталганын ырастаган.
- 28-июль күнү соттук-медициналык экспертиза "маркумдун денесинде ондон ашык көгала бар, моюнунда жиптин эмес колдун изи түшкөн" деген бүтүм чыгарган. Ошого таянып, Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы мурда "кокустук" катталган окуяны, Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлтүрүү" деген беренеге которуп, тергөө кайра башталган. Бирок экинчи тарап соттук-медициналык экспертизанын бүтүмүнө каршы чыгышып, кайрадан экспертиза жүргүзүүнү талап кылышкан. Алардын өтүнүчү канааттандырылып, 2019-жылдын 14-августунда топтолгон материалдар Бишкекке жөнөтүлгөн. Ошону күтүп жатабыз.
Учурда ошол экспертизанын жыйынтыгы чыкканы белгилүү болду. Бирок жабыркаган тарап аны менен толук тааныша албай жатканын адвокат Розанна Кулмаматова билдирди.
"Азаттыктын" архиви: Жаш келиндин сырдуу өлүмү. 23-сентябрь, 2019-жыл
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Соңку жылдары Кыргызстанда укук коргоочулар аялдардын ар кандай басымга чыдабай өзүнө кол салып же кылмышка барган учурлары көп кездешип жатканын айтып келишет.
21-октябрда Бишкекте «Зомбулуксуз жашоо» деген ураан менен маалымат кербени жыйынтыкталды. Ал 10-октябрда башталып, жети облуста өткөн.
Өнөктүк чыгарган буклетте 2018-жылы зомбулуктун айынан 62 аял каза таап, 288 аял ар кандай деңгээлде жараат алганы жазылган. Бирок бул маалыматты расмий органдар ырастай элек.
«Зомбулуксуз жашоо» маалымат кербенинин уюштуруучусу Гүлнура Торалиева көбүнчө айыл жергесинде аялдарга басым күч экенин айтты. Ал мунун себебин коомдо билимдин жана маданий деңгээлдин аксаганынан көрөт.
- Бизде региондордо кылмыштуулук көбөйүп жатканы байкалат. Агрессия, зордук-зомбулук көп болуп жатканына таң калбай эле койсок болот. Айыл жериндеги жаштар коомго аралашууда мечитти же дагы башка жолдорду тандашууда. Анткени жер-жерлерде театр, клубдар же тил үйрөтүүчү курстар, эс алып, көңүл ача турган жайлар жок.
Айрымдар зомбулукка каршы күрөш аң-сезим өзгөрмөйүнчө майнап бербесин айтып, мамлекет ушул башта аракет көрүшү керектигин белгилешет.
Узак жылдардан бери аялдардын укугун коргоп келген "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова адам укугун сыйлоону бала кезден үйрөтүү зарыл ойдо:
- Үй-бүлөлүк зомбулукка көп нерсе түрткү болот. Турмуштук жетишпестик, миграция. Бизге кайрылгандардын 50 пайызы аракеч, баңги жана кумарпоз адамдардын жакындары. Мындан башка да үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка түрткөн себептер көп. Негизи балдарды да, кыздарды да бала бакчадан тарта өз укугун билип, аны коргой алганга үйрөтүү керек. Адамдар ортосундагы сыйга, мамилени түзүүгө мамлекет да, үй-бүлө да көңүл бурушу зарыл.
Ал эми Кыргыз-Орус Славян университетинин жарандык укук боюнча бөлүмүнүн башчысы Анара Ниязова зомбулук аялды бир азаптан экинчи азапка түртүп жатканына токтолду.
- Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук коомдун көйгөйү. Ал пикир келишпестик же кичинекей уруш-талаш эмес, ал кылмыш. Үй-бүлөлүк зомбулуктан аялдар каза таап, оор жараат алышууда. Эркинен ажыратылган аялдардын 70 пайызы үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка көп убакыт бою чыдап келген. Аягында алар өздөрү кылмышкер болуп чыга келди. 2017-жылы жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн жаңы мыйзам долбоору ишке кирген. Эми үй-бүлөлүк зомбулук фактысы тууралуу үй-бүлө мүчөсү гана эмес, ар бир жаран кабар бере алат.
Ниязова айтып жаткан мыйзам 2017-жылдын апрель айынан тарта иштей баштаган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ага ылайык, мурда күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылган аял милицияга жеке өзү арызданышы керек болсо, эми мындай арыз менен кошуналары же зомбулукка күбө болгон ар бир адам кайрыла алат. Мындай учурда милиция зомбулук көрсөтүп жаткан адамга үч күнгө ордер жазып берет, эгер кордолгон аял кааласа, ордердин мөөнөтүн 30 күнгө чейин узарта алары көрсөтүлгөн.
Анткен менен бул мыйзам калктын калың катмарына сиңе электигин адистер белгилеп келишет.
Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда катталган үй-бүлөдөгү зомбулуктун түрлөрүнүн 70 пайызга жакыны күч колдонуу, 25 пайызы психологиялык басмырлоо жана 5 пайызы сексуалдык мүнөздөгү кордук болуп саналат.
Дагы караңыз Бычакталган келин үчүн күйөөсү кармалдыЖыл башында адам укуктарын коргоо боюнча иш алып барган «Human Rights Watch» уюмунун баяндамасы жарык көргөн. Анда 2018-жылы Кыргызстанда адам укуктары жаатында тынчсыздануу жараткан көптөгөн жагдайлар кала бергени айтылган. Алсак, аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулуктун азайбаганы, кыйноо үчүн жоопкерчиликсиз мамиле, экстремизм боюнча шек саналган жарандардын укуктарынын бузулушу дагы эле кездешип жатканы белгиленген.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.