- Келин болуп баргандан тартып кордукта, тозокто жашадым. Кайненем батырбады, кир жуусам, нан жапсам деле жанымда туруп алат. Отурсам опок, турсам сопок болуп жашоо жок эле... Жолдошум апасы мага атырылганда эле качып кетчү, - деп сөзүн баштаган өзбекстандык кыргыз Тазагүл Бекмырза кызы Баткендин Кадамжай районуна тумушка чыккан.
Ал күйөөсү менен сүйлөшүп жүрүп эле баш кошкон. Алты жыл чогуу жашаган бул үй-бүлөнүн ортодо эки баласы бар. Тазагүл келин болуп баргандан кийин ден соолугу начарлап, дарыгерлер оор жумуштан алыс болууну сунуштайт. "Ошондон тарта кайненемдин каары күчөдү" дейт Тазагүл:
- Короосу чоң, бир гектар жери бар. Картошка, жүгөрү чабасың. Бала деле карайсың, жер деле иштетесиң, ошондо деле жакпайсың. Май айында келин болуп барсам, августта сокур ичеги болуп калдым. Ооруканадан келген күнү эле “камыр кылып, нан жап” деди. Ичим ооруп жатканын айтсам кулак салбады. Жерге түшүп калган алманы чогултчубуз. Жарым челек кылып жыйнап жатсам, “өлгөндө бүтөсүңбү?” деп урушту. Анан эки челектеп ташып жатып, сокур ичегим кайра ачылып, ооруканага жатып калдым. Кийин колума без чыгып, төрт жолу операция болдум. Ошто, Бишкекте дарыландым. Анан кызымды төрөдүм. Ага беш ай болуп калган. “Күндүн нуруна, отко жолобо” деген дарыгерлердин эскертүүсүн айтсам “анда сенин эмне керегиң бар, жогол” деди. Баласына дагы "бул оорукчан менен ажыраш" дей берчү.
Тазагүлдүн айтымында, күйөөсү алардын ортодогу жаңжалына ак же көк деп үн катчу эмес. Кийин күйөөсү Орусияга иштегени кеткен соң, кайненеси келин-уулун ажыраштыруунун жолун ойлоп таап, аны дагы бир уулунун жардамы менен ишке ашырган. Тазагүл тууралуу айың-кепке ишенген күйөөсү дароо ажырашып, башка аялга үйлөнүп алат:
- 2-ноябрь күнү түнкү бирлерде кайним келди. Мен балдар менен уктап жаткам. Кичине ичип алган экен, бир баланы эрчитип алыптыр. Чыксам “ушул баланы тааныйсызбы, сиз ушул балага тийиптирсиз, жүрөт экенсиз” деп жатпайбы. Менин оозум ачылып калды. Жанагы балага кыйкырдым “сен турмушумду бузганы келдиңби” деп. Кайним жаакка чаап, мага атырылды. Тиги бала былтыйып унчукпай отурду. Анан кайненем экөө мени көк ала кылып уруп-сабап салышты.
Эрте келин болгон эселектер
Кыргызстанда өспүрүм куракта турмуш кургандардын саны жалпы баш кошкондордун дээрлик 13 пайызын түзөт. Бул жыл сайын 7 миңдей эселек күйөөгө тиет дегенди билдирет.
Албетте, бул бизге кайрылган келиндин өз чындыгы. Тазагүлдүн күйөөсү, кайненеси менен байланыша албадык. Андыктан алардын аты-жөнүн атабоону туура көрдүк. Бирок, Тазагүл айтып жаткан Манас аттуу кайниси менен телефон аркылуу байланышканыбызда, ал Тазагүлдүн жогоруда айткандарын толугу менен четке какты.
- Менин номериме бир бала жеңемди сурап жазган. “Ал менин жеңем болот десем”, “ал бойдокмун деген, мени менен жолугуп жүрөт” деди. Анан үйгө келип жеңем менен беттештирдик. Жеңем унчуга албай калган. Анан чыр-чатак болгон эмес. Өзү мойнуна алып кечирим сураган.
Ошентип үй-бүлөсү бузулуп, эки баласынан тирүүлөй ажырап, ара жолдо калган келин атасынын төрүнө кайтып барууга аргасыз болот. Бирок ал жакта деле көп кармалган эмес. Өзбекстандын Фергана районунун Маржонтак айылында жашаган ата-энеси кызын кайрадан эле Баткенге турмушка узатышат. Бул жолу Тазагүлдөн эч ким макулдугун сураган эмес:
- Күйөөм үйлөнүп алды. “Ал үйлөнсө сен эмне отура бересиңби, тиесиң” деп берип салышты. Мен аны көргөн да эмесмин. Ошол алып барып берген күнү көрдүм. Азыр жашаганга көңүлүм жок, араң эле жүрөм. Өзбекстанга кире албайм. Паспортум жок, туулгандыгым тууралуу күбөлүктү Кыргызстандан алгам. Ата-энемдин паспорту Өзбекстандыкы болгон үчүн бул жактан бербейт экен. Ал эми Өзбекстандан күбөлүк жок үчүн бербейт экен.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Тагдыры татаал келин ушул тапта Бишкекте жүрөт. Дарыланам деп жүргөн келин алысыраак туугандарыныкында баш калкалап жатат.
Кайын журтунда калган эки уулун ойлоп, куса болгон келин аларга кантип жетээрин да билбей турат. Айылдан алыс чыкпаган келин укуктук жардамга муктаж. Азыр ал кайда барып, кимге кайрыларын билбейт. Баткенге, өз үйүнө да кайтууга көңүлү жоктой туюлду.