Анын ичинен жыйырма пайызы күйөөсүн же зомбулук көрсөткөн башка адамды өлтүрүп алгандар. Мындай маалыматты Эл аралык абак реформасы уюму өз изилдөөлөрүнө таянып билдиришти.
Оксана алты жыл түрмөдө отуруп чыккан. Анын айтымында, күйөөсү ичип келип күндө жаңжал чыгарчу. Ошондой чыр-чатактын биринде күйөөсүн өлтүрүп алган. Аял мындай кылмышка айласыз барганын айтууда:
- 2007-жылы болсо керек, күйөөм мени аябай сабады. Негизи ичип алып чыр чыгарган адаты бар эле. Кетип калсам издеп барып, ата-энемдин тынчын ала берчү. Ыр-чырдын арты ушуга жеткирди. Эмне болгонун өзүм да билбей калдым.
Эл аралык абак реформасы уюмунун изилдөөлөрүнө таянсак, Кыргызстанда абакта жаткан үч жүздөн ашык аялдын жарымы бул каарманыбыздай тагдырга туш болгон же башка адамдардын кордугунан коргонуу аракетинде ушундай кадамга барышат.
- Эл аралык абак реформасы уюмунун изилдөөлөрүнө ылайык, негизи абактагы аялдар өздөрү үй-бүлөдө кордук көргөндөр. Зомбулуктун артынан зомбулукка барат деген сөз бар го. Өздөрү бирөөдөн кордук көргөндөр акыры чыдабай, ушундай жолдорго барат экен да, - деди “Жаштардын укук коргоо тобу” уюмунун жетекчиси Венера Стамалиева:
“Сезим” кризистик борборунун директору Бүбүсара Рыскулова бир кезде аялдардын абагында психолог болуп иштеген. Анын айтымында, жылдап күйөөсүнөн зордук-зомбулук көргөн аялдардын айласы түгөнгөндө, акыркы кадамы аянычтуу окуя менен аяктайт. Мындай аялдар өз өмүрүн кыйып же кордук көрсөткөн эркекти өлтүрүп салат:
- Мындан жети-сегиз жыл мурун абакта психолог болуп иштедим эле. Ошол кезде ал жактан бир аял менен сүйлөшүп калсам “Мурун эле күйөөмдү өлтүрүп салсам, азыр чыгып калат элем. Алты жылдан бери ушу жерде отурам. Эми тынч жашагым келген да” деген эле. Мындай тагдырга тушуккандар көп болчу. Өмүр боюу кордук көрүп жашагыча, ушундай кадамга да барышкан экен.
“Бир Дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын баамында, зомбулукка кабылган аялдардын психологиясы жабыркайт. Аны кылмышка жеткирбей кармап калуучу психологдордун институту калыптана элек. Кылмыш кылып абакта жаза өтөгөн маалда аялдарга андан бетер кыйын. Себеби, ал жерде да психологдордун жетишсиздиги чоң маселе. Ага жараша абактан кийинки жашоосу, коомчулукка кошулуп кетүүсү да кыйын.
- Көбүнчө аялдар зордуктан коргонуп, күйөөсүн же башка эркекти өлтүрүп алышат экен. Анан абакка түшөт, ал жакта туура багыт берген психолог жок. Ушунун айынан эркиндикке чыкканда жашоосу башка нукка бурулуп кетет.
Эл аралык абак реформасы уюмунун изилдөөсүндө, кылмышка кирептер болгон аялдар арасында сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулукка кабылгандар да болушкан. Укук коргоочулар кылмыштуу кадамдардан аялдарды алаксытуунун бир жолун кризистик борборлордун жардамынан көрүшөт. Бирок андай аялдар адатта үй-бүлөдөгү зомбулук менен коштолгон чыр-чатактарды тышка чыгарууну уят иш катары көрүп, жардам сурап кайрылуудан айбыгышат. Кылмышка кирептер болуунун бир себеби ушуга да байланыштуу дешет укук коргоочулар.