Кыз-келиндер зомбулукка каршы биригишти

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

2018-жылы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан 62 аял каза таап, 288 аял ар кандай деңгээлдеги жаракат алган. Бул 2017-жылга салыштырмалуу эки эсе көп. Бул тууралуу 21-октябрда Кыргызстанда «Зомбулуксуз жашоо» деген ураан менен маалымат кербенин жыйынтыктоо иш-чарасында айтылды. 10-октябрда башталган акция жети облуста өтүп, ар кыл тармакта алектенген лидер аялдардын баяндары жана флешмобдор түрүндөгү иш-чаралар уюштурулду. Иш-чарага 500дөй адам катышкан.