Ысыкта суудан өксүгөн конуш
Конуштун суу бөлүштүргөн системасы былтыр айыл өкмөттүн балансынан Бишкек сууканалына өткөн.
Бүгүн ал системанын насосу электрге болгон бир миллион сомдук карыздын айынан иштебей турат.
Конуш тургундары болсо он жылдан бери суу үчүн ай сайын 50 сомдон төлөп келген. Бул акча конуштун суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө ж.б иштерге жумшалган. Бирок суу бөлүштүргөн станцияга корогон электрдин акчасы төлөнбөй калган.
Карыздын айынан аталган конушта суу былтыр да өчкөн. Анда ар бир үй-бүлө 1300 сомдон суу станциясынын электрге карызынын 30% төлөп беришкенин Жеңиш конушунун тургуну Шарабидин Аматов “Азаттыкка” билдирди.
Суу маселеси тууралуу жергиликтүү бийлик кабардар. Алар карыз толук төлөмөйүнчө суу берилбесин айткан.
Согуш ардагери Доолдай Султангазиев учурда келини Чолпондун колунда. Карыя оорукчан, өзү баса албайт. Аны караган келини кечке күйөөсүн күтөт. Ал жумуштан келгенде гана үйдө таза суу пайда болот.
Конуштагы үй кожойкелери идиш-аяк чайкаган суусун төкпөй, дагы бир керекке жаратат.
Учурда конуш тургундары Бишкектин ичиндеги автоунаа жуучу жайлардан таза суу алып ичип жатышат.
Колунда жоктору жөө-жалаңдап, чоң жолдун боюндагы булактан алып келишет. Бул үчүн ысыкта эки чакырым жолду басуу керек.
Чарбакты сугаруу, эшик алдын шыпыруу үчүн айыл четиндеги кудукка барышат.
Адистер суу тартыштыгын соңку кезде Бишкектин четиндеги бардык конуштардын жашоочулары сезе баштаганын белгилешет.