“Эл үнү”: Теңсиздик жанды кейитет

Бирөө чатырда жашайт, башкасы хан сарайды чанат.

“Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угармандар мугалимдердин айлыкты көтөрүү талабына, Бишкектин атын Манас деп которуу демилгесине карата пикирлерин айтышты.
Ысык-Көл облусунан Төлөн Касиев: Ысык-Көлдүн Сары-Ой деген айылынан келдим. Өмүр бою мугалим болуп иштедим. Азыр мугалимдер айлык маянасы тууралуу пикетке чыгып атышпайбы. Мен муну абдан туура деп эсептейм. Жалпы эле Кыргызстандагы мугалимдердин абалы өтө оор. Жакында пикетке чыгышса жаңы жылдан кийин 30 пайызга айлыгын көбөйтөбүз деп өкмөт айтып жатат. Ал эмне болот? Эки миң сомго 500 сом кошулат деген кеп да. Бул чоң кызматкерлердин атайын жасап жатканы. Алар 20 миң сомдук кызматка бекер койбойт. Бир миң, эки миң доллар пара алып туруп анан кызматка коет. Мына коррупциянын уюгу каякта.

Азыр бюджетте акча жок деп жатышат. Бюджетте акча жок болсо жанагы депутаттардын айлыгын мугалимдерге теңебейби? Алар деле ушулар сыяктуу жогорку билимдүү немелер. Кечээ эле биз сыяктуу жүргөн немелер азыр 24 үй, бирөө 17 квартира сатып алыптыр деп гезитке чыкты. Алар акчаны кайдан алышты? Азыркы теңсиздик жанды кейитет да. Эгерде ушундай болуп турса, эл кайрадан пиктеке чыгат да бир жылга жетпей азыркы бийлик куулуп жоголот.

Мугалимдердин нааразылык жыйыны, Жети-Өгүз району, 13-декабрь, 2010-жыл
Бишкек шаарынан Көккөз Ниязалы:
Мугалимдердин эмгек маянасы аз деп пикетке чыгып жатканы туура. Бирок азыркы мезгилде аларды басыш үчүн бир эле жол бар. Ал үчүн Акаевди же Бакиевди кайра бийликке алып келиш керек. Мугалимдер азыркы маянасы менен эле жыргап, унчукпай жашай беришет. Себеби Ысык-Көлдүн Каркырасы, Нарындын Үзөңгү-куушу кетип жатканда бир дагы мугалим каршы чыккан эмес. Айрыкча ошол Базар-Коргон менен Ысык-Көлдүкү. Тескерисинче ошол көлдүкү Түптө оппозицияны жумуртка менен урганга барышкан. Ооба, мен аларды аяйм. Маянасы аз. Бирок дүйнөлүк рейтинг боюнча биздин окуучуларыбыздын билим деңгээли эң төмөн экен. Анан алар айтса жакшы болот эле, “биз абдан сапаттуу, билимдүү окуучуларды даярдап жатабыз, эмне үчүн айлыгыбыз аз?”- деп.

Жогорку Кеңештин депутаты Нарынбек Молдобаев : Мага Нарындын тургундары кайра-кайра телефон чалышып, “ыңкылапты Нарындан баштадык эле, азыркы өкмөттүн курамында, мурдагы убактылуу өкмөттүн курамында эмне үчүн нарындык азаматтар жок?”-деп сурап жатышат. “Биз кимге арызыбызды айтып, ким менен маселебизди чечебиз? Нарындыктардан бирөө жарымды өкмөт курамына киргизиши керек” деп жатышат. Мен “Ата Журт” фракциясынын лидерлеринин бири Садыр Жапаровго нарындыктардын койгон талабын айтып, жок дегенде парламентке нарындыктардан бирөө жарымды койгула деген сунушумду айттым. Бирок парламент комитет башчыларына, вице-спикерликерлердин тизмесинде нарындыктар жок экен.

Эсенбек Абдырасулов
Аксакалдардын Бакай кеңешинин улуттар аралык байланыштарынын төрагасы Эсенбек Абдырасулов: Жакын арадан бери Бишкек шаарын Манастын атына которобуз деген демилге көтөрүлүп жатат.Бул демилге баягы СССР жаңыдан ыдырай баштаганда эле көтөрүлгөн. Биз алтын тамга менен басылган чоң альбомду көтөрүп, “Фрунзе шаары Манас шаары болсун”,-деп миңдеген кол тамга чогултканбыз. Раматылыгы болгур улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов дагы кол койгон. Бул демилгени азыркы президент Роза Отунбаева ошол кезде эле көтөрүп чыккан болчу. Азыркы демилгечилерди дагы колдойм. Эгерде Бишкекти Манас деп атын которууга жардамым керек болсо кол кабыш кылууга даярмын.

Аксакалдардын Бакай кеңешинин мүчөсү Токтобай Назаралиев: Биз 13-декабрда улуттук филармонияда Аксакалдардын Бакай кеңешинин курултайын өткөрдүк. Андан кийин "Дияр" деген кафеде Бакай атага куран окуттук. Себеби Манастын 1000 жылдык мааракесинде да Бакайга куран окутулган эмес. Бакайдын даанышмандыгы, акылы, кеңеши менен Манастын атагы дүйнөгө таанылган.

Токтобай Назаралиев
Биз Бакай кеңешине республиканын ар тарабынан сөз билги, даанышман аксакалдарды чогулттук. 300гө чукул адам өз каражаттары менен курултайга келишти. Биз аксакалдардын аброюна шек келтирген “дүжүр чалдар” деген пикирди жокко чыгарууну, бийликтин адилет, акыйкат болуусуна көз салып, чындыкты жашырбай, бийликтин кемчилигин бетке айтып, элди ынтымакка чакырып, түндүк-түштүккө бөлбөй өлкөнүн экономикалык, руханий өнүгүүсүнө колдоо көрсөтөбүз деп максат кылдык. Жаштарга өрнөк болуп, келечек муундарга бакубат, ынтымак, ырыс-кешиктүү мамлекетти түптөп кетели деп аракет кылып жатабыз.